Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Алайдагы сел бодону агызып, көпүрөнү алып кетти


Селден кийин. Алай.
Селден кийин. Алай.

3-майда нөшөрлөп жааган жаандан Ош облусундагы үч райондо сел жүрдү. Табигый кырсыктан Алайдагы Корул айыл аймагында үйлөрдү суу каптап, автоунааларды, мал-жандыктарды агызып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир катар социалдык объектилер зыян тартканын, учурда тазалоо иштери жүрүп жатканын айтты.

Алай районунун Корул айыл өкмөтүндө нөшөрлөп жааган жаандан улам, сел каптады. Социалдык тармактарга тараган видеолордон турак үйлөргө суу кирип, автоунааларды, мал-жандыктарды агызып кеткенин көрүүгө болот.

Корулдун Тогуз-Булак айылынын тургуну, жети баланын энеси Гүлиза Салиева сарайдагы уйларын, жер төлөдөгү азык-түлүктөрүн суу алып кеткенин айтып кейиди.

Гүлиза Салиева.
Гүлиза Салиева.

"Бир күн мурда чоң энебиздин жылдыгын өткөрдүк эле. Андан ашкан беш-алты жандыгыбыз сарайда турган, аларды сел агызып кетти. Андан сырткары жер төлөдө жылдык мааракеден калган азык-түлүк, кир жууган машине, газ плита жана башка керектүү буюмдарыбыздын баарын агызып кетти. Жегенге тамак-ашыбыз калган жок. Сел 10 мүнөттүн ичинде келди. Балдарыбызды гана куткарып калдык. ӨКМден, айыл өкмөттөн келип, таркан зыяндын көлөмүн эсептеп кетишти. Болжол менен 1 млн. сомдук зыян тарткан экенбиз. Жети балам бар, азыр дагы кош бойлуумун. Күйөөм Орусияда иштейт".

Сел Корул айыл өкмөтүнөн Тогуз-Булак айылын да каптаган. Айыл тургуну Эсенаман Маматалиев мындай нөшөрдү биринчи жолу көргөнүн айтты:

"70ке чыгып калдым. Мындайды көргөн эмесмин. Кечээ бир ушундай алаамат болуп, жамгыр челек менен куйгандай төктү. Үйдөн чыга албай чыйылдап туруп калдык. Коргондорду бузуп, машиналарды агызып кетти. Короо чоң таштарга толуп калды".

Катуу жааган жаандын айынан Корул айыл өкмөтүндө 227 үйдүн короосун, жер төлөсүн суу каптаган. Андан тышкары Алай районунун борбору Гүлчө менен айылды байланыштырган көпүрө иштен чыккан.

Селден кийин. Алай району, Ош.
Селден кийин. Алай району, Ош.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусундагы башкармалыгынын башчысынын орун басары Максатбек Нурматов учурда тазалоо иштери жүрүп жатканын айтууда.

"2022-жылдын 3-майында 16.30дар чамасында жамгыр жаап, Алай районунун Гүлчө, Жошолу, Корул, Коңур-Дөбө айылдарында сел жүргөн. Азыркы учурда ӨКМдин 10 техникасы иштеп жатат. 227 үйдүн короосун, 32 үйдүн жер төлөсүн, бир ФАПты, бир мектепти суу каптаган. Сегиз бодо мал, үч жылкы, 15 кой агып кеткен. Үч жеңил автоунаа жабыркаган. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген жок".

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кара-Кулжа районунда шейшембидеги сел ташкыны Чалма айыл өкмөтүнүн Буйга айылындагы көпүрөнү да алып кеткенин билдирди. Бул көпүрөнү 2020-жылы ӨКМ салган болчу.

Мындан тышкары Кара-Суу районундагы Папан айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылында да сел жүрүп, жолду бөгөп калган. Кийин жол тазаланып, ачылганы маалым болду.

Учурда Корул айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал режими киргизилгени маалым болду. Жарандык коргонуу комиссиясынын курамындагы 12 тиешелүү кызмат келтирилген чыгымдарды тактап жатат.

Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Бактыбек Алайчиев жабыркагандарга кандай жардам көрсөтүлөрү эми чечилерин айтты.

"Бардык кызматтар өз жумушун жасап жатат. Ал жерде ишти этап менен алып барабыз. Азыр 32 үйдүн жер төлөсүнө кирген ылайды тазалап жатат. Сел агызган эки көпүрө эки күндүн ичинде калыбына келет. Селден кийин кан басымы көтөрүлгөн адамдарга медициналык жардам берилип жатат. Бүгүн Коргоо министрлигинен аскерлер келип, тазалоо ишине кол кабыш кылат. Жарандык коргонуу комиссиянын жыйынтыгы менен чыгымдар тууралуу маалыматты жакын арада жарыялайбыз. Жабыркаган үй-бүлөлөргө кандай жардам берилери ошондо чечилет".

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-6-майда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаай турганын эскертти. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, 5-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Былтыр жазында да Кыргызстанда нөшөрлөгөн жаандын айынан айрым айылдарда катуу сел жүргөн. Там-таш, мал-жандыктарды агызгандан тышкары ондой кишинин өмүрүн алган. Адистер соңку жылдары Кыргызстанда табигый кырсыктардын көбөйүшүнө климаттык өзгөрүүлөр таасир этип жатканын белгилешет.

  • 16x9 Image

    Арген Нуров

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG