Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Грузияда «чет өлкөлүк агент» мыйзамына каршы акцияда дагы 11 киши кармалды


Тбилиси.
Тбилиси.

Грузияда «чет өлкөлүк агент» мыйзамына каршы акцияга катышкандардын арасынан дагы 11 киши кармалып, жалпысынан полиция кармап кеткендер эки күндө 25 кишиге жетти.

Өлкөнүн ички иштер министрлиги билдиргендей, 16-апрелде кармалган 11 киши полиция кызматкерлерине «күч менен каршылык көрсөтүп, таш, бөтөлкө ыргытышкан» деп шектелүүдө, бул күнү бир күч кызматкери жараат алып, ооруканага түштү.

15-апрелде «ИИМ кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, коомдук тартипти бузушту, аларга каршылык көрсөтүштү жана мазактаган сөздөрдү айтышты» деген айып менен 14 киши кармалган.

Girchi-Meti Tavisupleba партиясынын лидери Зураб Жапаридзе 17-апрелге караган түнү Тбилисиде парламент алдында өткөн акцияда кармалгандар сабалганын билдирди. Анын айтымында, митингчилерди «топ-топ кылып сабашты».

Акциянын катышуучуларынын айтымында, полиция чогулгандарга, анын арасында журналисттерге эскертүүсүз ашкере күч колдонду.

Paper Kartuli басылмасы, Tbilisi life Телеграм-каналы митингчилерге көздөн жаш агызуучу газ колдонулганын, суу бүркүүчү, чогулган элди таркатуу жана байланышты үзгүлтүккө учуратуучу атайын каражаттар, машиналар тартылганын жазып жатышат.

Тбилисиде жана башка шаарларда «чет элдик агент» мыйзамына каршы акциялар 15-апрелде башталган. Мыйзам долбоору парламенттин юридикалык комитетинде каралып жаткан учурда сыртта митингчилер топтоло баштаган. Акция, журналисттердин айтымында, бир нече миң киши катышууда.

15-апрелде долбоор юридикалык комитетте биринчи окууда каралып, кабыл алынды. Анда каржылоосунун 20 проценттен ашыгы чет жактан болгон коммерциялык эмес уюмдардын жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) атайын реестрин түзүү каралган. «Чет элдик күчтөрдүн кызыкчылыгын алып жүрүүчү уюмдарды аныктоо» максатында иштелип чыкканы айтылып жаткан бул демилге колдоо тапса Юстиция министрлиги бейөкмөт уюмдарды жана ЖМКны каалаган учурда текшере алат.

Орусиянын бийликтин иши тууралуу ачык айткан, сындаган жарандык коом өкүлдөрүн жана журналисттерди, активисттерди «чет элдик агент» деп атап, куугунтукка алууга жол ачкан мыйзамынын көчүрмөсү катары сынга кабылып жаткан демилге Грузияда буга чейин да көтөрүлүп, 2023-жылдын 7-мартында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган. Эртеси күнү нааразылык тутанган. Бир күндөн кийин бийлик долбоорду кайра чакыртып алууга мажбур болгон.

Ушул айдын башында бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы аракетин улантып, мыйзам долбоорун бир аз башкача аталыш менен парламенттин кароосуна кайрадан киргизди.

Биринчи варианттагы "чет элдик таасирдеги агент" деген түшүнүктүн ордуна эми "чет элдик кызыкчылыкты жүргүзүүчү уюм» деген вариант сунушталууда.

15-апрелде мыйзам долбоору талкууланып жатканда парламентте мушташ чыккан.

16-апрелдеги талкуу 17-апрелге которулган.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG