Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 8 миңден ашты


Кызамыкка каршы эмдөө. Кыргызстан. 2023-жыл.
Кызамыкка каршы эмдөө. Кыргызстан. 2023-жыл.

Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун 15-апрелге карата берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда кызамык (корь) жуктургандардын саны 8 209 адамга жетти. Илдетке чалдыккандардын көбү Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында катталган.

Мекеме оорунун жайылышына кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тарткандар негизги себеп болуп жатканын билдирди. Буга чейин президент Садыр Жапаров ата-энелерге балдардын саламаттыгы үчүн эмдөөдөн өтүү маанилүү экенин билдирген.

СССРдин аймагында 1963-жылдан бери кызамыкка каршы эмдөө жүргөндүктөн, Кыргызстан эгемендик алган жылдары бул ооруну жугузгандар көп катталган эмес жана өлүм учурлары да сейрек кездешчү. Диний ишенимдерден улам вакцинадан баш тартуу 2012-жылдан башталган. Анын кесепетинен 2014-2015-жылдары Кыргызстанда кызамыкка кабылгандар кескин көбөйүп, 17 миңге жеткен. Натыйжада чоң эмдөө кампаниясы жүргүзүлгөн.

2018-2019-жылдары да кызамыкты жуктургандардын саны кескин жогорулап, жылына 2000 учур катталган жана кайрадан эмдөө күчөтүлгөн.

Былтыр илдеттен тогуз бала чарчап калган, арасында беш айлык ымыркай бар.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелердин саны 22 миңге жеткен, алардын көбү мындай чечимге диний түшүнүктөн улам барганын билдирген.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашка чыкканда жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүп жатат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG