Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:13

Орусиянын Курган облусунда да суу ташкын коркунучу жаралды


Курган облусу.
Курган облусу.

Орусиянын сел каптаган аймактарында коркунуч сакталып тургандыктан жергиликтүү бийлик элди коопсуз жактарга кетүүгө чакырып жатат. Сибирдеги жана өлкө түштүгүндөгү айрым шаар-кыштактарында нөшөр жаандан жана кардын тез эришинен улам дарыяларда суу ташкындап, сел жүрүүдө.

Курган облусунда Тобол суусу бир суткада дагы 123 сантиметрге жогорулап, 17-апрелдин таңына карата 865 сантиметрге жетти. Бул кооптуу чектен 15 сантиметрге жогору экени белгиленди.

Облус аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланып, айрым аба каттамдары токтотулду.

Тюмен облусунда Ишим суусунун деңгээли 8 метрден ашып, кооптуу чекке жеткенин, андыктан эвакуация зарыл экенин облустук администрация 16-апрелде эскерткен.

Орусиянын Казакстан менен чектеш түштүк аймактарында, Оренбург облусунун Орск шаарынан башталган сел Кемерово жана Томск облустарына жеткен. Күн жылып, кар эрий баштагандыктан, Урал жана Тобол дарыяларында суу ташкындап жатат. Он миндеген кишилер эвакуация болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги абал көзөмөлдө экенин айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG