Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:03

Футбол: Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы CAFA мелдешинде үчүнчү орунду алды


Кыргызстандын футбол боюнча 18 жашка чейинки кыз-келиндер курамасы.
Кыргызстандын футбол боюнча 18 жашка чейинки кыз-келиндер курамасы.

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) CAFA U-18 Women’s Championship 2024 турниринде Кыргызстандын футбол боюнча 18 жашка чейинки кыз-келиндер курамасы үчүнчү орунду алды.

Кыргызстандык спортчулар 21-апрелде Түркмөнстанды 3:1, 22-апрелде Тажикстандын курама командасын 3:0 эсебинде уткан. 24-апрелде Өзбекстандын курамасына 6:1 эсебинде утулуп, 28-апрелде Иран менен 1:1 эсебинде тең чыкты.

Жыйынтыгында жети упай менен үчүнчү орунду алды. 10 упай менен Иран биринчи орунду алса, 9 упай топтогон Өзбекстан күмүш медал тагынды. Тажикстандын футболчу кыздары төртүнчү, Түркмөнстандыкы бешинчи орунду ээледи.

19-апрелде башталган эл аралык мелдеш 29-апрелде жыйынтыкталды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG