Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:44

Шайлоо: Ош менен Кара-Сууда добуш бергендер 20% жеткен жок


Бир мандаттуу Ош шайлоо округундагы добушканалардын бири.
Бир мандаттуу Ош шайлоо округундагы добушканалардын бири.

Бир мандаттуу Баткен, Ош жана Кара-Суу округдарында Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо добуш берүү аяктады. Ага ылайык, Ош округунда шайлоочулардын 18,41% (23 078 адам), Кара-Суу округунда 18,77% (21 023 адам) добуш берди.

Кара-Суу округунда 62 добушкана ачылган. Аймакта 112 миңден ашык шайлоочу катталган. Ош округунда 55 шайлоо участкасы уюштурулган, шайлоочулардын саны 125 миңден ашат.

Бүгүн, 28-апрелде №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат. Жалпысынан үч округда 29 талапкер катталган, алардын бирөө гана (Ош шаарында) аял.

Кыргызстанда буга чейинки шайлоолор дагы солгун өтүп келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG