Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:50

Йемен менен Сирияда ири демонстрациялар күтүлүүдө


Йемен: баш калаа Санаадагы демонстрация, 31-март, 2011-жыл
Йемен: баш калаа Санаадагы демонстрация, 31-март, 2011-жыл

Араб өлкөлөрүндөгү толкундоолор бир нече айдан бери уланып келатат. Бүгүн Йемен менен Сирияда ири демонстрациялар күтүлүүдө. Буга чейинки чыгуулар кан төгүүлөргө алып келип, ондогон киши набыт кеткен.

Йеменде өкмөттүн каршылаштары жана тарапкерлери өз өзүнчө демонстрация өткөргөнү жатса, Сириядагы реформисттер элди саясий укуктарын коргоп чыгууга үндөшүүдө.

Йемендин борбор шаары Санаада 25-мартта президент Али Абдулла Салехти колдогондор жана анын кызматтан кетишин талап кылгандар бири биринен алыс эмес жерлерде митингге чогулушкан. Бирок ал жолу демонстрация салыштырмалуу тынч өткөн.

18-мартта президентке баш ийген күчтөр тынч демонстранттарга ок ачып, 52 кишинин өмүрү кыйылгандан кийин каршылаш тарапка өткөн аткаминерлер көбөйө баштады. Бирок өлкөнү 32 жылдан бери башкарып келаткан президент Салех кызматын “ишеничтүү адамдарга” гана өткөрүп берерин айтып, "оппозиция лидерлери андай кишилердин арасына кирбейт" деп кыйытты.

Бүгүнкү өкмөткө каршы демонстрацияга негизинен жаштар катышат деп күтүлүүдө. Санаа университетинин жанындагы аянтты оппозициянын тарабына өтүп кеткен генерал Али Мохсен ал-Махсендин командачылыгындагы аскерий бөлүк эртеден эле кайтарууга алды.

Элдик толкундоолор акыркы күндөрү Йемендин башка шаарларына жайыла баштады. 31-мартта Таез, Ибб шаарларынын көчөлөрүнө президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылган миңдеген киши чыкты.

Ал аралыкта Сирияда буга чейинки өкмөткө каршы демонстрациялар кан төгүүлөр менен коштолсо да реформисттер элди өз укуктарын коргоп чыгууга үндөшүүдө.

18-мартта Дераа жана Латака шаарларында полициянын огунан 70тен ашуун адам каза тапкан. Буга карабай элдик толкундоолор туу чокусуна жакындагандай. 25-мартта бир катар шаарларда, анын ичинде баш калаа Дамаскта массалык митингдер өттү.

Бүгүнкү демонстрацияны алдын алуу максатында президент Башар Ассад бейкүнөө адамдардын өлүмүн иликтеп, 48 жыл илгери киргизилген чукул кырдаал режимин алып салуу маселесин карап чыгуу үчүн комиссиялар түзүлөөрүн кечээ убада кылды. Анын алдында президент козголоңду "өлкөнү кыйратууну көздөгөн сырткы кутумчулар уюштуруп жатат" деп айткан.

АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Марк Тонер Ассаддын билдирүүсүн мындайча комментарийледи:

- Ал региондогу көпчүлүк өлкөлөрдүн жетекчилери элдин мүдөөлөрүнө жооп бериши керек. Реформаларды жүргүзүү талабына алгылыктуу иштер менен жооп берүүнүн ордуна бардыгын кутумчуларга оодара салуу алда канча оңой.

Азырынча Ассаддын кызматтан кетишин талап кылган апаздарды анда-санда гана укса болот. Негизинен демонстранттар коррупцияны ооздуктоого, коопсуздук режимин жеңилдетүүгө, социалдык тармакта реформа жүргүзүүгө үндөп келатышат. Өзгөчө көп сын президенттин чоң кызматтарда отурган жакындарынын дарегине айтылууда.

Президенттик орунда атасын алмаштырган Башар Ассад Сирияны 2000-жылдан бери башкарып келатат.

XS
SM
MD
LG