Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Учурдагы Бишкек–Маскөө өнөктөштүгү


11-апрелде Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөр аралык комиссиясы быйылкы жылдын ичинде экинчи отурумга чогулду. Бул ирет жыйналыш Москвада өтүүдө. Бишкекте бул күнү кыргыз өкмөтү Бажы биримдигине кирүү чечимин кабыл алды.

Жолугушуулар көбөйдү

Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрү кийинки мезгилде кездешүүлөрдү тездетти. Акыркы эки айдын ичинде Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн соода-экономикалык кызматташуу боюнча комиссиясы экинчи жолу чогулду. Өкмөт башчылар да акыркы төрт айда эки жолу жолугушуу өткөрдү.

Кыргыз өкмөтүнүн маалымдоосуна караганда, 11-12-апрелде Москвада боло турган жыйында Кыргызстан делегациясын биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов жетектейт.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев жана Орусиянын премьер-министри Владимир Путин, Москва, 2-сентябрь, 2010-жыл
Москвадагы жыйында Бишкекте февраль айында болгон өкмөттөр аралык комиссиянын 12-отурумунун чечимдеринин аткарылышы, 2013-жылга чейин экономикалык кызматташуунун программасы, энергетика, мунай-газ, өнөр-жай, айыл чарба жана башка тармактарда кызматташуу маселелери талкууланат.

Энергетика тармагында тараптар Кыргызстан электр кубатын Орусияга экспорттоо, ГЭСтерди курууга байланыштуу долбоорлорду аткарууну болжошкон.

Андан сырткары орус тарапка “Кыргызгаздын” 75% акциясын, “Дастандын” 48% акциясын берүү бышып калганын кыргыз тарап белгилеп келатат.
Кыргызстандын техникалык өкмөтүнүн башчысы Амангелди Муралиев кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүнүн ыкчамдашын мындайча түшүндүрдү:

- Менимче. Бакиевдин убагында чечилбеген маселелер каралып жатат. Ошол Бакиевдин убагында көп нерселер убадаланып, бирок аткарылбай калган. Бул бизге бир топ эле зыян алып келди. Ошону менен бир топ маселелер ортодо калып калган. Ошол маселелерди жылдыруу жагынан эки комиссия иштеп жатат.

Амангелди Муралиев ар дайым бюджеттин каражатын ысырапка учуратып келаткан “Кыргызгазды” "Газпромго" берүү демилгесин колдоого алды. Ал эми “Дастандын” акциясын берүүдө бул ишкананын Бишкекте андан ары иштешин камсыздоо негизги шарт болуш керектигин кошумчалады.

Оппозиция эмне дейт?

Кыргыз-орус мамилесиндеги абал тууралуу мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов буларды айтты:

Аликбек Жекшенкулов
- Муну эки түрдүү талкууласак болот. Биринчиден тез-тез жолугуп, тез-тез сүйлөшүүлөр өткөргөндө бул албетте саясий-экономикалык маселелерди чечүүдө эки тараптуу аракеттер бар экенин көрсөтөт.

Экинчи жагынан алганда, эки тарап бир маселени чече албаганда тез-тез жолугуп, бир жыйынтыкка келе албай жаткандай болот. Менин оюмча, экинчиси көбүрөөк реалдуудай. Анткени тилекке каршы, эки тарап тез-тез жолукса да Орусия менен Кыргызстан ортосунда прогресс боло турган көрүнүш жок. Мамиле кагаз түрүндө калууда.

Аликбек Жекшенкулов мисал катары “Мегаком” чатагы чечилбей жатышын кошумчалады.

Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө арызын берди

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына белек кылгандай 11-апрелде кыргыз өкмөтү Орусия үстөмдүк кылган Бажы биримдигине кирүү чечимин кабыл алды.

Амангелди Муралиевдин пикиринде, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү менен бажы төлөмдөрү эки эсе өсүп, Кытайдан келаткан реэкспортко зыяны тиет. Мындай шартта ишкерлер зыянга учурайт. Бирок алар өндүрүштү Кыргызстан аймагына уюштурса, Бажы биримдигинин аймагында соода кылууга жакшы шарт алышат. Ошентсе да Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгондуктан бул багытта бир топ сүйлөшүүлөр талап кылынат.

Аликбек Жекшенкулов Бажы биримдигине кирүүдөгү бир топ татаал жагдайлар тууралуу буларды билдирди:

- Бул жерде Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүнүн өзүнүн шарты бар, Бажы биримдигине кирүүнүн башка шарты бар. Биз бүгүн Дүйнөлүк соода уюмундабыз. Экинчи жагынан Орусия өзү Дүйнөлүк соода уюмуна кирип жатса, биз азыр ушул ишти жасаганыбыздан пайда чыгабы же чыкпайбы? Суроолор абдан көп.

Өкмөт Бажы биримдигине кирүү менен Орусия, Казакстан базарлары ачыларын, 500 миңдей эмгек мигранттары үчүн иштөө шарты жакшырарын билдирүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG