Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:53

11-апрелде өкмөттүн жыйыны болот. Анда Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуу маселеси каралат. Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгон Кыргызстандын Бажы биримдигине киришинин оң жана терс жактары бар.

Бажы биримдигин Орусия, Казакстан жана Беларус түзгөн. Ага кошулууга Кыргызстан камданып калды. 11-апрелдеги өкмөттүн жыйынында бир гана маселе - Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси гана каралат.

Кыргыз өкмөтү биримдикке кирүүнү чечсе, анда ал 19-майда боло турган Евразия экономикалык шериктештигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынынын күн тартибине коюлат. Андан кийин сентябрда президенттердин саммитинде каралат. Мына ошол жыйындарда оң чечим кабыл алынса, анда ички мамлекеттик процедуралар жүргүзүлө баштайт.

Каршылар жана макулдар

Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе бир катар терс, ошондой эле оң жагдайлар түзүлөт. Терс жагдайлар тууралуу экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташбаев:

- Башка мамлекеттерден бизге келе турган импорттук товарлардын баасы бир аз көтөрүлөт. Биздин эсеп боюнча, бажынын орто тарифин 5.6 пайыздан 10-11% көтөргөндө инфляцияга да таасирин тийгизет. Бирок ал биздин эсеп боюнча 1.5% гана көтөрүлөт.

Учкунбек Ташбаевдин айтымында, Кыргызстанга келе турган импорттук товарлардын басымдуу бөлүгү, маселен күйүүчү майлар, жыгач, темир жана башка буюмдар Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдөн келгендиктен аларга баа кайрадан төмөндөшү мүмкүн.

Беларус лидери Александр Лукашенко жана Орусиянын президенти Дмитрий Медведев
Бажы биримдигине кирүү менен Кыргызстан соода-транзиттик борбор болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышы ыктымал. Анткени Кытай, Түркия жана башка Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө өлкөлөрдөн бажы төлөмү төмөн келип жаткан товарлардын агымы азайат. Анын үстүнө бажы бекеттеринде көзөмөл күчөйт.

Биримдикке кирүүнүн оң жактары катары Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын, тигүү ишканаларынын товарларын экспорттоого кеңири жол ачылышы аталууда. Анын үстүнө Кыргызстан соодасынын 45% Бажы биримдигине кирген өлкөлөр менен жүргүзөт. Мигранттар үчүн да шарт жакшырат деген пикирлер айтылууда.

Дүйнөлүк соода уюму менен маселе кандай чечилет?

Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүсү үчүн Дүйнөлүк соода уюму менен сүйлөшүүлөр жүргүзүүгө тийиш. Бул үчүн дагы атайын комиссия түзүлмөкчү.

Бажы биримдигинде добуштар ар бир өлкөнүн экономикалык салмагына жараша бөлүнгөн. Ошондуктан Кыргызстандын Бажы биримдигинде чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүгү өтө чектелүү болот.

Эсенгул Өмүралиев
Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсүнүн башатында турган мурдагы биринчи вице-премьер-министр Эсенгул Өмүралиев Бажы биримдигине кирүү Дүйнөлүк соода уюму менен макулдашууларды талап кылаарын, Кыргызстан өзүнчө бажы төлөмдөрүн өзгөртө албасын билдирди:

- Биз бүгүнкү күндө Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү катары турабыз. Дүйнөлүк соода уюму менен биргеликте эки тараптуу милдеттенмелерди алганбыз. Алар бекиген. Аны биз өзгөртө албайбыз (бажы төлөмдөрүн). Алар да өзгөртө албайт. Андан башкача кылып өзгөртүп кирүүгө акыбыз жок. Андай кадамга өкмөт да барбайт. Ал эми Бажы биримдигине кирүүгө даярбыз деп, ошонун тегерегинде сүйлөшүүлөрдү баштайбыз десе, анда ал башка кеп.

Эсенгул Өмүралиевдин пикиринде, Бажы биримдигине кирүү бир топ убакытты талап кылат. Ал эми өкмөттүн азыркы кадамы саясий чечим катары бааласак болот.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG