Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

Жалал-Абадда мал уурдоо күч алды


Жалал-Абаддын Өзбекстан менен чектешкен айылдарын түнкүсүн милиция элдик кошуун менен бирге катуу кайтарууга алууда.

Облустагы Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун чек арадагы айылдарында соңку убакта мал уурулугу күчөп, өзбек чек арасынан өтүп келип кыргыз айылдарынан малды короосунан тобу менен уурдай качкан фактылар катталууда. Ушундай айылдардын бири – Сузактын Кара-Дарыясы.

Кара-Дарыяда Байыш Балтаевдин үйү так дайранын боюнда турат. Жакында эле анын короосуна ууруга келген бир өзбекстандык жаран кармалып, үчөө качып кеткенге үлгүргөн. Уурулар Балтаевдин эки коңшусунун да малын уурдоого аракет жасашкан экен.

Карадарыялык Балтаев малын кантип уурудан алып калышканын, эми да алдырып жиберүүдөн чочулап мал-жандыгын кар кете электе жайлоого айдап жиберүүгө аргасыз болгонун кеп салып берди:

- Корообузда торпогу менен тогуз баш уй бар эле. Аларды айдап тээ тиги жакка чыгарган. Меникин чыгаргандан кийин бул кошунамдыкын алып чыккан. Анын жети ую бар эле, аларды айдап каналга жетип калган.

Башка кошунамдыкын чечип жатканда экөө калып кеткен. Экөөнүн жибин кырка албай жатканда мобул жактан элдик кошуун, милиция болуп тороп калдык. Уурулардын үч-төртөө качып кетти. Балдар уурулардын бирөө калды деп калды. Жамгыр жааган эле, изи менен келсек там башына чыга качыптыр. Там башына чыксак, өзүнө бычак сайып алыптыр. Аны милиция кызматкерлери машина менен ооруканага алып кеткен.

Мал уурдоого шектелип кармалган бул өзбекстандык жаран Сузак райондук ооруканага жеткирилиптир. Азыр абалы түзүк болуп калганын айтышты. Жергиликтүү милиция суракка алганда ал 10 шериги менен келгенин, Кара-Дарыяга төртөө түшүп, калганы башка коңшу айылдарга кирип кеткенин айтып бериптир.

Элеттиктер кооптонууда

Байыш Балтаевдин уулунун айтымында, азыр айылды түнкүсүн милиция, чек арачылар элдик кошуун менен бирге кайтарганына карабай азыр деле уурулар чек арадан өтүп келип айылды акмалап жүрүшөт:

- Атчан түндө дагы эле келип атышат. Солдаттар түндө кээде келип атат, кээде келбей калып жатат. Түшүп барып ошол жактарды карап жатабыз. Биз барсак качып кетүүдө. Мурдагы күнү да атка учкашкан эки адам качты. Түнү менен уктабай карап жатабыз. Аларда курал-жарак да бар экен. Ылдый жакта атышкан экен. Бизде курал жок. Таяктарды кармап алып эле турабыз. Аларда бычак бар, балким кылычы да бардыр. Жүз мал уурдаган адамда албетте курал-жарак болот да. Келин-кесектер азыр сыртка чыккандан коркуп калышты. Келинчегимдин боюнда бар. Коркконунан "малдар тоого кеткенче атамдардыкында барып турайын" деп атат.

Карадарыялык бул жигит чек ара жакшы корголбогондуктан мал уурулук күчөп жатат деп эсептейт:

- Чек араны дайра жеп кеткен. Эми Чукул кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери келип оңдоп атышат, эки айдан бери иштеп атышат, бирок 20 метр да ары жылыша элек.

Оңой эмес эле адам иштейт. Ошолорду караш керек, чек араны тосуп бериш керек. Чек араны коюп берсе жоокерлер бир эле машина менен өйдө-төмөн түшүп карап коюшат. Болгону 17-18 километр эле. 2 литр бензин менен бир түшүп чыгат. Ошентип эле карап коюшат эле. Азыр болсо карабайт.

Бизге чек араны оңдоп берсе болот эле. Ошондо уурулар келгенден коркуп калат эле. Мына азыр дайра эшигибиздин алдында агып жатат, суунун аркы бети Өзбекстан деп эле келе беришет. Ал түгүл өзбек чек арачылары суунун аркы бетинен келип кыргыздарды алып кетип атышат
.

Иш күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө

Кара-Дарыя айылындагы чек ара тозотунун зардалысы Эрик Батырканов чек араны кайтарууда көйгөйлөр бар экенин ырастады:

Салимбек Матмусаев
- Чек араны толугу менен кайтарганга күч жетпейт. Жоокерлерибиз да аз. Жакын арада көбөйтүп берет деп атат. Көбөйтүп берсе чек араны толук кайтарганга мүмкүнчүлүк болот эле.

Азыр биздин тозотто 40 бала бар. 27 чакырым жерди кайтарабыз. Ар бир жоокерге 1 чакырымдан туура келип жатат. Бул өтө узак.

Азыр мал уурулукка байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иштеп жатабыз. Ички иштер түзүмү менен биргелешип, айыл ичинде мал уурулук болгон негизги точкаларды жаап жатабыз. Бир аптадан бери кичине тынчып калды.


Кара-Дарыя аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Салимбек Матмусаев, мал уурулукка байланыштуу бардык фактылар боюнча кылмыш иши козголуп терегеп-иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди:

- Акыркы учурда Өзбекстандын чек арасынан Кыргызстандын чек арасына мыйзамсыз өтүп келип, мал уурдаган фактылар катталып жатат. Азыркы күндө Кара-Дарыяда 18 бодо мал уурдалып, бардык фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Бул кылмыш иштеринин бети ачылды.
Кылмышкер кармалып, чогуу уурулук кылган шериктерин айтып көрсөтмө берип жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ал адамдардын аты-жөнү айтылбайт.

Кара-Дарыяда буга чейин адыр-түздө жүргөн малды айдап кеткен учурлар болгону менен, чек арадан өтүп келип малды короосунан омуроолоп айдап кеткен фактылар катталбаптыр.

Бул жазда Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен жеринде дайранын суусу тартылып, ууруларга бир жагынан шыкак болсо, экинчи жактан кыргыз жоокерлери чек араны кайтарганга чындап эле күчү жетпей жаткан экен. Өзбекстандан өтүп келип мал уурдаган фактылар Сузактан башка Базар-Коргон менен Ноокенде да бар.

XS
SM
MD
LG