Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Б.Асанов: Жалал-Абадга 2 миңге чукул өзбекстандык көчүп келген


Б. Асанов июндагы коогалаңда Өзбекстан тарапка качкан кыргызстандык өзбектерди кайтаруу үчүн барган маалы. Качкындар лагери. 22-июнь, 2010-жыл.
Б. Асанов июндагы коогалаңда Өзбекстан тарапка качкан кыргызстандык өзбектерди кайтаруу үчүн барган маалы. Качкындар лагери. 22-июнь, 2010-жыл.

Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов Өзбекстандын Анжиян облусунда иш сапары менен болуп кайтты. Облус губернатору “Азаттыктын” айрым суроолоруна жооп берди.

- Сиз жакында Өзбекстанга иш сапары менен барганыңызда Анжиян университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетинин студенттери кыргыз тилиндеги китептер менен камсыз кылууну өтүнүшкөн экен. Алардын бул суранычтары орундалабы?

- Анжиян облусунда иш сапар менен болгонубуз ырас. Анжиян облусунда жүз миңден ашык кыргыз жашайт, мындайча айтканда өзбек улутунан кийинки көпчүлүктү түзгөн эл. Анжиян университетинде кыргыз тили жана адабияты факультетине ачылганына жети жылдын жүзү болуптур. Төрт курста жүздөн ашык студент окуйт экен. Алар мага кыргыз тили боюнча адабий жана илимий-теориялык китептердин жетишпегендигин билдиришти. Мен аларга сураган китептерин жаңы жылга дейре жиберүүнү убада кылдым. Бүгүн облустагы кыргыз тили комиссиясынын жетекчиси менен 200дөн ашык он беш аталыштагы илимий жана көркөм адабий китептерди топтоо жөнүндө сүйлөштүм. Буйруса, аларды кийинки аптада Анжиян облусуна жөнөтүп жиберебиз.

- Ошол топтолгон китептер Өзбекстандын Билим берүү министрлиги жактырган программага дал келеби? Ал китептерди Анжиян университети кабыл алат бекен? Себеби Өзбекстандан чыгарылып, Кыргызстандагы өзбек мектептери колдонгон китептер республиканын Билим жана илим министрлиги түзгөн программаларга дал келбей жатпайбы.

- Алардын сураганы – окуу китептери эмес, кыргыз тилиндеги адабий китептер болду.

- Анжиян облусундагы кыргыздардын жашоо-турмушун байкай алдыңызбы? Алардын укуктарын коргоо масесели кандай абалда экен? Өзбекстандагы кыргыздардын укугуна шек келгенде эл аралык уюмдар аларды коргой алат бекен? Бул маселеде өзбек бийлигинин иш-аракети байкалабы?

- Өзбекстандагы кыргыздардын маданий борборунун башчысы менен сүйлөштүм. Өзбекстандын мамлекеттик түзүлүшү бизден башкача, аларда адам укугу, улутуна карабай бирдей мамиле кылат. Баягы союз кезинде улуттарга кандай мамиле болсо, Өзбекстанда дал ошондой, ар бир улутка, улуттук азчылыктарга бирдей мамиле жасалат экен. Мен “тиги же бул улуттан төмөн койду” деген арыз-муңду укпадым.

Анжиян облусунда, Фергана өрөөнүндөгү бардык облустарда улуттук маданий борборлор, ыр-бий ийримдери бар экенине күбө болдук. Ошол Анжиян университетинде кыргыздын ыр-бий ийрими ачылыптыр. Улуттук азчылыктарга болгон саясат Өзбекстанда акыркы он жылдын ичинде бир топ жакшы жолго коюлуптур.

Анжиян облусунда 58 кыргыз мектеби бар, бул деген мурдагыга караганда 4-5 мектептин көбөйгөнүнөн кабар берет, 90-жылдарга чейин 49 кыргыз мектеби болгон экен. Анжиян облусунун губернатору менен жолугуштук, бир нече маселелер боюнча сүйлөштүк, эки облустун ортосунда бир топ чечилбеген маселелер бар. Мисалы, биз жакта кылмыш жасап, Өзбекстанга кирип кетиши же ал жакта кылмыш жасап, биздин облуска качып келиши, мал уурулугу аябай күчөп кетти. Уурдалган малдын Өзбекстанга айдалып кетүүсү, бул маселелер боюнча бир топ иштерди жасоо керек.

Чек ара боюнда бир топ жаңжалдар болуп атат. Үчүнчүдөн, биздин Кара-Дарыя суусу киргенде чек ара бойлой жүрүп, суу ташкындап бир топ кыйынчылыктар болуп атат. Күч уюмдарынын кызматташтыгы деген бар. Ушул маселелер боюнча сүйлөшүп, бир пикирге келдик. Бир нече уурдалган мал табылды, өзбекстандык мал уурулар кармалган учурлар бар. Абал бир топ жакшырып калды десек болот.

- Анжиян облусунун Коргон-Төбө районуна караштуу Кыдырша айылында жашаган бир топ кыргыздар соңку эки жылдан бери облустун Барпы айыл өкмөтүнө көчүп өтүп жатканын белгилүү. Аларды үй-жай, жумуш менен камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бийлик кандай аракеттерди жасады?

- Кыдырша – бул облус менен чектеш айыл, негизинен кыргыздар жашайт. Аларга “Кайрылман” деген күбөлүктөр берилди, быйылкы жылы жарандыкты алуусу боюнча, үй салуулары үчүн бир топ иш аракеттер болду. Бүгүнкү күндө Өзбекстандан Кыргызстанга, Жалал-Абад облусуна көчүп өткөн Өзбекстандын эки миңге чукул жараны бар. Алардын үч жүздөйү биздин өлкөнүн жарандыгын алышты. Калган 1700 кишиге да “Кайрылман” долбоору боюнча жарандык укугу берилүүдө. Анан Кыдырша айылында кырдаал башкача, алардын жашоо мүнөзү Кыргызстандын жарандарыныкындай эле. Себеби Кыдырша айылына отуз-кырк жыл мурун турмушка чыккан кыргыз аялдар өзбек жарандыгын алышкан эмес. Соода-сатыгы, базары да Жалал-Абад менен байланыштуу болгондуктан алар ушул жакка көчүп келишүүдө.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG