Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:12

Карзай лойа жыргага ишенет


Кабул -- Лойа жырга өтө турган жайдын жалпы көрүнүшү. Жыйындын коопсуздугун камсыз кылууга атайын күчтөр тартылды.
Кабул -- Лойа жырга өтө турган жайдын жалпы көрүнүшү. Жыйындын коопсуздугун камсыз кылууга атайын күчтөр тартылды.

Ооганстандын борбору Кабулда бүгүн уруу башчылар курултайы – лойа жырга ачылат. Анда президент Карзайдын өтүнүчү боюнча талиптер менен жарашуу маселеси талкууланат. Буга катарлаш америкалык атайын кызматтар "Ал-Каиданын" Ооганстандагы жетекчиси өлгөн болушу мүмкүн деп билдиришти.

Лойа жырга (курултай) чакырып, талиптер менен мындан аркы мамилени талкуулаганы жатканын ооган лидери майдын башында Вашингтондо ырасмий сапарда болгон кезде Ак үйдө да ырастаган.

Карзай алды жакта өткөргөнү жаткан кеңешме курултайы тууралуу пландарын айтканын, муну АКШ колдой турганын, ошондой эле "Ал-Каидадан" кол үзгөн талиптерди коомго тартуу жагынан ооган өкмөтүнүн аракеттерин да Вашингтон кубаттоого аларын президент Барак Обама өзү маалымдаган.

Жыргадан жыйынтык чыгабы?

Аксакалдар жыйыны бул маселени чечүүдө бурулуш учур болуп калышы ыктымал экенин Хамид Карзай кечээ кайрадан белгиледи.

Европа биримдигинин атайын өкүлү Вигаудас Ушацкас ооган эли ушу тапта туш келген проблемалар менен милдеттердин татаалдыгын эске алганда лойа жырганын чечими тез эле натыйжасын бербегени менен келечектеги тынчтыктын негизин түзөрүн, анын башталыш процесси болуп каларын белгилеп, Евросоюз, НАТО бул демилгени колдой турганын ырастады.

Лойа жыргага бардык 34 провинциядан бир миң алты жүздөй делегат келди. Алардын арасында улуттук тайпалардын, социалдык жана саясий ар түрдүү катмарлар менен топтордун абройлуу өкүлдөрү бар.

Ооганстанда биринчи улуу жырга 2004-жылдын башталышында чакырылган жана ага өлкөнүн конституциясын түзүү маселеси коюлган. Бу жолу андан да орчун маселе - тынчтыкка жетишүү иши каралат.

Делегаттардын бири элдик кеңешке коюлуп жаткан маселе өлкөнү кайра курууда жакшы натыйжаларды берерине ишене тургандыгын билдирди. Калктын көпчүлүгү да козголоңчулар менен акыры бир тил табылат, өлкөгө баракатчылык келет деп үмүт кылууда.

Ошол эле учурда көз карандысыз эксперттердин бири Мухаммед Факур курултайга өңчөй өкмөттү жактагандар гана чакырылганына, ал эми сынчыл көз караштагылар жок экенине көңүл буруп, жырганын жыйынынан жыргата турган деле тыянак чыгарына күдүктөгөндөр да аз эместигин көрсөттү.
Жыргага чын эле "Талибандын", ага кошулбаган башка козголоңчул топтордун бир да өкүлү келген жок.

"Ал-Каидага" чоң сокку

Лойа жырганын жыйыны ачылар алдында америкалык атайын кызматтардан "Ал-Каиданын" Ооганстандагы жетекчиси Абу Язид же шейх Масри өлгөн сыяктанат деген кабар таркады. Айтымда, ал 21-майда Түндүк Вазиристанда козголоңчулардын жабытына жасалган ракета жапырыкта набыт болгон.

Исламабад өкмөтү муну ырасмий түрдө тастыктаган жок, бирок жергиликтүү чалгынчылардын бирине шилтеме жасап, маалымат каражаттары кабарлашты. Бул кабарды билдирген адам ал-Язиддин сөөгүн көрбөгөнүн, анын кайсы жерге көмүлгөнүн да билбей турганын моюнга алган.

"Эгер анын өлгөнү чын болсо, анда бул "Ал-Каида" үчүн чоң сокку болот", - деп билдирди биздин радиого Пешеварда иштеген журналист Рахимулла Йусафзай.

Абу Язид "Ал-Каиданын" аскери операцияларын, финансы иштерин тескеген, мындан тышкары Усама бин Ладен менен байланыш түзгөн жападан-жалгыз адам болгон дешет.

"Ал уюмдагы үч адамдын бири болгону калетсиз, бирок анын орду бош калбайт болуу керек",- дейт Пакистанда иштеп жаткан германиялык журналист Сауд Мехеннет.

Буга чейин да Абу Язиддин өлгөнү тууралуу бир нече ирет маалымат тараган, бирок алардын бири да бышыкталган эмес.

XS
SM
MD
LG