Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Исламабад Кэмеронго нааразы


 Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон Индияда.
Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон Индияда.

Британия менен Пакистан ортосунда дипломатиялык жаңжал тутанды. Индиядагы сапары маалында Исламабад өкмөтүн террорчулукту экспорттоону токтотууга чакырган лондондук премьер-министр Дэвид Кэмерондун сөзү Пакистан бийликтерин нааразы кылды.

Бангалордо – Индияда – жергиликтүү коомчулук алдында сөз сүйлөп, Дэвид Кэмерон: "Биз Пакистанды күчтүү,стабилдүү жана демократиялуу өлкө катары көргүбүз келет. Бирок биз бул өлкөдөн Индияга, Ооганстанга же дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө террорчулук экспорттолуп жатканына чыдай албайбыз", -деп айткан эле.

Британияда Пакистандан чыккан көп кишилер жашап жатканын эске салып, Кэмерон бул өлкө менен жакшы мамиледе болгонго Лондон кызыкдар экенин бышыктады. Бирок мындай алакага негиз боло турган башкы бир шартты атады: Пакистан террорчул топтор менен кызматташкандан баш тартууга тийиш.

"Мен өз сөзүмдө айткандай, террорчул иштерге тиешеси бар топтор менен байланыш түзүү туура эмес. Цивилизацияланган коомчулуктун бөлүгү болгонго умтулуп жаткан демократиялык мамлекет мындай кылбашы керек. АКШ Британия менен бирге муну Пакистанга так билдирди",-деп кошумчалады Кэмерон.

Британ премьеринин бул пикирлери Исламабаддын нааразылыгын пайда кылды. Өлкөнүн Британиядагы жогорку комиссары Вахид Шамсул Хасан "аймактагы тынчтыкка зыян келтиргени үчүн" айыптап, Кэмерон жакында Wikileaks сайтында жарыяланган маалыматтарды чындыктай көрүп алган деп сынга алды.

Сайттагы материалдарда Пакистандын чалгындоо кызматтары "Талибан", "Хаккани" жана "Лашкер-е Тайба" кыймылдарына тымызын колдоо көрсөтүп келгени айтылган эле. Мындай ырастоолорду жогорку комиссар таптакыр негизсиз деп четке какты. Анын айтымында, Кэмерон "террорго каршы согуштагы Пакистандын чексиз ролуна" караганда "текшерилбеген жана такталбаган" маалыматтарга көбүрөөк ишенерин көрсөттү.

Мунун соңунан Исламабадда тышкы иштер министрлиги да билдирүү таратып, "террорго каршы күрөшкө башка өлкөлөргө салыштырганда Пакистан алда канча чоң салым кошуп жатканын", Ооганстан, Индия жана башкалардай эле террордун курмандыгы болгонун белгиледи. "Биздин куралдуу күчтөрүбүз жана элибиз бул күрөштө көптөгөн адамдардын өмүрү менен кун төлөдү, муну достор татыктуу баалай турганына ишенем",-деп айтты министрликтин өкүлү Абдул Басит.

Орто жолдо дипломатиялык жаңжалга ооган президенти Хамид Карзай аралашты. Ал террорго каршы согуш Ооганстандагы кыштактарда жана үйлөрдө гана жүргүзүлбөстөн, экстремисттерди даярдап, аларды колдоп, айдактап жаткан тыш жактардагы очокторго биринчи кезекте сокку урулушу керектигин, буга союздаштардын күч-кубаты жетерин айтып, бирок эмне үчүндүр муну алар жасабай жатканына таң калды.

Пакистан тышкы иштер министрлиги өзүнүн Кабулдагы элчиси аркылуу ооган президентинен да бул сөздөрү үчүн түшүндүрмө берүүнү талап кылды.

Айрым баяндамачылар британ премьер-министри тажрыйбасыздык кылып, калпыс сүйлөп алды деп айтышкан эле. Бирок Кэмерон мурдагы сөздөрүн түзөткөндөн же кайра алгандан баш тартты.

Эмдиги аптада Лондонго Пакистан президенти Асиф Али Зардари визит менен келет. Андыктан байкоочулар жакынкы күндөрдө коомчулук Лондон менен Исламабад ортосунда дипломатиялык арбын талаштарга күбө болорун жосмолдоп жатышат.

XS
SM
MD
LG