Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:14

Грузин-орус согушу: сабагы кандай?


Грузиянын Гори шаарында былтыркы согуш курмандыктарын эскерүүдө. 7-август, 2009-жыл.

Грузиянын Гори шаарында былтыркы согуш курмандыктарын эскерүүдө. 7-август, 2009-жыл.

Туура бир жыл мурун тутанган беш күндүк грузин-орус согушу дүйнө коомчулугу, анын ичинде Кыргызстанга кандай сабак берди?

Беш күнгө созулган согуш жүздөгөн адамдардын өмүрүн алып, миңдеген кишини ачык асман алдында үйсүз калтырган. Бирок андан берки бир жылдан бери согушкан эки тарап бири-бирине күнөө коюудан кайра тартпай же кимиси күнөөлүү экендиги ачыкталбай, бейкүнөө жерден жабыр тарткандардын жүрөгүн дагы эле эзип келет.

Кыргызстандык саясат талдоочу Турат Акимов бул согуштун түпкү себеби тарыхта такталбаган бойдон кала берет, себеби анын тамыры АКШ баштаган батыш мамлекеттери менен Орусиянын ортосундагы геосаясий таймаштын кез келген жери болду дейт:

- Грузия Орусияга согуш баштап, тополоң сала турган мамлекет эмес. Бирок Владимир Путин президенттиктен кеткенден кийин Дмитрий Медведев күч ала электе океандын ары жагында отурган мамлекеттер Саакашвилиге кичинекей чагым катары Осетияга кирип, констутициялык тартипти орнотуп кой, Орусия деле Чеченстанда ошондой тартипти кармап жатпайбы деп түрткү берип койду. Ошону менен алар Медведевди да сынап, өздөрүнүн геосасий оюндарын ойноп алды.

Саясат талдоочу Табылды Акеровдун баамында, бул согуш бир мамлекетти экинчи бир мамлекет зордук менен басып же бөлүп кете албасын далилдеген сабак берди:

- Жыйырма биринчи кылымдагы геосаясий мамилелерде кичинекей мамлекет дагы өз эгемендүүлүгү менен кызыкчылыктарын сактап кала алат деген кепилдикти дүйнө коомчулугу ушул согуштан кийин ала алды.Экинчиден, ар бир мамлекеттин чек ара маселеси да өтө дыкаттык менен чечиле тургандыгы да далилденди.

Орус-грузин согушу болгондон кийин аны жөнгө салууга жан үрөгөн дүйнө коомчулугу менен кошо кыргыз парламентинин депутаты Мурат Жураев жана саясат талдоочулар да өз демилгеси менен ал жерге барып, көйгөйдүн тамырын тартып көрүүгө аракет кылышкан. Мурат Жураев бул согуштун башы Грузия бийлигинин Түштүк Осетиядагы кыргын салуу саясатын ооздуктоо жана ал жердеги тургундардын коопсуздугун сактоо аракетинен улам башталган деп эске салды. Анын баамында, ошон үчүн дүйнө коомчулугу азапка түшкөн Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын таанып, батыштын колдоосун алган грузин бийлигин тизгиндеши зарыл болчу:

- Грузиянын бийлиги өз элин, жерин бомбалабаш керек болчу. Мен өз көзүм менен көрүп келдим. Самолет менен келип, артиллерия менен Цхинвали деген шаарды бомбалаган. Өзүнүн элине ушундай мамиле кылуу туура эмес. Анда ошол мамлекеттен элдин баары чыгып кетиши керек. Бомба таштап, өз элин кыргандан кийин андай мамлекеттин кереги жок.

Бул согушта Грузия Орусияны башка мамлекеттин аймагына согуш менен кирип, эл аралык укукту тепседи деп кинелеп келет. Орусия болсо Түштүк Осетиядагы өз жарандарынын коопсуздугун сактоо үчүн кармашка баргандыгы менен өзүн актайт.

Саясат талдоочу Аскар Мамбеталиев ушул жагдайдан алганда Кыргызстанда бир эмес эки аскер базасын жайгаштырып жаткан Орусиянын жарандыгына ээ болуп алган кыргыз атуулдары менен кыргыз өкмөтү сак болууга милдеттүү деген ойдо. Анын баамында, Орусия өз геосаясий кызыкчылыгынан улам ар кандай кадамдарга барарын ушул грузин-орус согушу менен аныктап койду:

- Биздин көп жарандар Орусиянын атуулдугун алып жатышат. Кош жарандуулукту киргизүү маселеси да көтөрүлүп жатат. Орусия ушундай ишке жана андан башка жолдорго барышы мүмкүн. Ошон үчүн Орусия жана кош жарандык менен абайлаш керек. Ар кандай шылтоо менен басып кирүүгө жөндөмдүү экендигин Орусия көрсөтүп койду. Азыр көп жарандар Орусия аскер базалары менен бизди коргойт деп ойлошот. Бирок Орто Азияда жакшы коңшулук мамиле болмоюнча бизди эч ким сактабайт. Тескерисинче, кокус оппозиция нааразылык билдирген иштерге барса же башка бир ушул сыяктуу иштер болуп кете турган болсо ошол аскер батальондору колдонулуп кетеби деген кооптонуу менде бар.

Жума күнү согушта курман болгондорду Грузия, Осетия жана Орусияда эскеришип, дагы бир жолу бири-бирине күнөө оодарышты. Бирок Кыргызстанда турган грузиндер менен осетиндердин эскерүү иш-чарасын өткөргөнү байкалган жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG