Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Ирандагы таш бараңга алып өлтүрүү "Бир дүйнөдө" көрсөтүлөт


Чехиянын ордосу Прагада ачылган "Бир дүйнө" кинофестивалынын эн белгиси.
Чехиянын ордосу Прагада ачылган "Бир дүйнө" кинофестивалынын эн белгиси.

10-мартта Чехиянын байтакты Прагада даректүү фильмдердин “Бир дүйнө” деп аталган эл аралык фестивалы башталды.

Көрүүчүлөрдүн сынына 30 өлкөдөн келген 101 тасма коюлат. 12-чи жолу өткөрүлүп жаткан кинофестиваль негизинен эркиндикти даңазалап, адам укуктарынын абалын чагылдырган эң ири эл аралык киномайрам саналат. Фестиваль бул ирет Иранда былтыр июнда болгон талаштуу президенттик шайлоодон кийинки кырдаалга арналган “Жашыл күн” тасмасы менен ачылды.
Кара кийинген эки полиция аял (солдо) ирандык аялдарды шариятка ылайык кийинип жүрүүнүн зарылдыгын түшүндүрүшүүдө.


Иран окуялары Прага фестивалыннын баш темасы

Даректүү филмдердин Прагадагы фестивалы эмне үчүн ирандык режиссердун тасмасы менен ачылганын киномайрамдын демөөрчүлөрүнүн бири-“Адамдар муктаж” соопкерчилик уюмунун башчысы Марек Свобода мындайча түшүндүрөт:

-Ырасында, “Адамдар муктаж” уюму былтыр Иранда болгон президенттик шайлоодон кийин башталып, жыл соңуна чейин созулган элдик нааразычылыктарга кыйыр болсо да аралашып калдык. Ошон үчүн фестивалды ирандык тасманын ачканы табигый нерсе деп ойлом.

Былтыр 12-июнда Махмуд Ахмединежад экинчи мөөнөткө президент шайлангандан кийин Иранда биринчи жолу 1979-жылкы ислам ынкылабынан берки эл көп катышкан толкундоолор башталган. Ошондо Иран оппозициясына тилектештигин Чехиянын “Адамдар муктаж” соопкерчилик уюму эле эмес бүтүндөй Европа билдирген жана
Президент Ахмединежад. 28-февраль 2010
бийликтин тынч демонстранттарга каршы күч колдонуусун сындаган.

Иран десе президент Ахмединежадды түшүнүү өзгөрдү

Хана Макмалбаф айым тарткан “Жашыл күн” тасмасында шайлоодон кийинки тополоңдуу күндөрү чөнтөк телефону менен тартып алынган кадрлар да колдонулат. Анын ичинде демонстранцияны карап турганда чекесине ок тийип жан берген Неда Аже Султандын өлүмүн көрсөткөн тасма да кирген. Неда 26 гана жашта болчу.

Макмалбафтын сөзүнчө, анын тасмасы миңдеген ирандыктан башынан өткөргөн коогалуу күндөрдү көрүүчүлөр менен тең бөлүшөт:

-12-июндан кийин көптөгөн ирандыктардын жашоосу, ошондо шайлоого катышкан адамдардын турмушу өзгөрдү. Көптөгөн адамдар абакка салынып, кыйналды. Кээ бирөөлөр камак жайда зордукталды. Айрымдар өлтүрүлдү. Башка бирөөлөр, анын ичинде биздин үй-бүлө аргасыздан өлкөнү таштап кетишти. 12-июнга чейин дүйнөдө Ахмединежаддын сөзү Иран элинин эркин билдирет деп билишчү. Бүгүн болсо ирандыктар жөнүндөгү мындай пикир өзгөргөнү мени кубандырат.

Хана айым ирандык белгилүү кинорежиссер Мохсен Макмалбафтын кызы. Эр жүрөк аялдын Ирандагы элдик толкундоолордун себебине арналган тасмасы былтыр сентябрда өткөн Венеция кинофестивалында атайын сыйлыкка татыган.
Тегерандык аялдар.


Орто кылымдык ыкманы ашкерелеген "Хижапчан аял"

Ирандык режиссерлордун Прага фестивалында көрсөтүлчү тасмаларынын көбү ырасмий ураксаты жок тартылган. Фарид Хаиринежад менен Мохаммад Реза Каземи да “Хижапчан аял” тасмасын жашыруун тартышкан. Каземинин айтышынча, тасмада аялдарды ташбараңа алып өлтүрүү жөнүндө сөз болгондуктан, бийлик уруксат бермек түгүл режиссерлорду “өлкөнүн коопсуздугуна шек келтирдиңер” деп, түрмөгө камап салышы мүмкүн болчу.

Каземи Мешхед шаарында шарият сотунун өкүмү менен ташбараңга алынып өлтүрүлгөн аялдын жетим калган эки баласы менен болгон кездешүүсүн эстегенде дале денесин кара тер басат.

-Алар апасын эстеткен кара күн жөнүндө айтып беришти. Алардан бир күн мурда эле абакта көрүп-сүйлөшкөн апасынын ташбараңдан өлгөнүн эшиткенде кандай абалды баштан кечиргенин угуу азыр да жеңил эмес. “Апабыз кантип жайга берилди? Апабыз кайда? деп сурадык. Биз апабыз өлгөнүнө ишенгибиз келбеди” деп боздошту жетим калган эки бир тууган. Муну угуу азап.

“Бир дүйнө” фестивалында башка да түрдүү тасмалар көрсөтүлөт. Алардын ичинде чех Томаш Кудрнанын Кыргызстандын алыскы айылындагы жашоо жөнүндөгү даректүү картинасы да бар. Бул фильмдер Прагага келгенден мурда Чехиянын 29 шаарында көрсөтүлгөн.

8 күндүк фестиваль учурунда фильм режиссерлору жана адам укугун коргоочулар катышкан талкуулар да өтөт.

XS
SM
MD
LG