Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:40

Иран “радиочегиртке” сайратып, VOA жана Би-Би-Синин үнүн өчүрүүдө


Мир Хусейн Мусавинин тарапкерлери добуштар уурдалды дешип, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылып, бир жумадай нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.
Мир Хусейн Мусавинин тарапкерлери добуштар уурдалды дешип, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылып, бир жумадай нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Иран бийликтери эларалык жандоочу-сателиттердин жыштыктарыны күчтүү толкундар менен басууда. Натыйжада Иран жарандары АКШ жана Британ өкмөттөрү каржылаган Би-Би-Си жана “Америка авазы” радиостанцияларынын перс тилиндеги берүүлөрүн укпай калышты.

Иран "Америка авазы" менен Би-Би-Сини "муунтуп жатат"

Башкеңсеси Прагада жайгашкан “Фарда” радиосунунун телефонуна Ирандын ичинен үн кабарын жөнөткөн угарман, өлкөдө эл аралык радиолордун жыштыктары басылып жатканын кабарлады:

-“Фарда” радиосунун бизге үзбөй маалымат берип жатканы абдан маанилүү. Себеби Ирандын ичиндеги жаңылыктарды билбейбиз. “Америка авазы”(VOA) жана Би-би-си (ВВС) уктурулбай жатат.

Ирандын түндүгүндө жашаган угарман: “Салам, мен Кашмардан телефон чалуудамын. Кыска, орто жана узун толкундагы жыштыктарда “чегирткелер” пайда болду”, -деп телефон чалды.

Мен Бандар Абастан чалып жатам. Бүгүн, 21-июнда биз чын маалымат алчу бардык сайттар, радиолор басылып, биз жаңылык укпай калдык. Силер мыкты технологияңар бар экенин эми көрсөткүлө. Силер чегиркелердин үнүн баса аласыңарбы же жокпу, көрөлү”,- дейт Ирандын түштүгүнөн телефон каккан бул угарман.

АКШ жана Британ өкмөтү каржылаган бул эки радиостанцияны уктурбоо, оппозициячыл сайттарды, ошондой эле “Facebook” жана “Twitter” сыяктуу сайтарды жабуу 14-июнда президенттик шайлоо бурмаланды деген ирандыктар нааразылык акцияларына чыккандан тарта башталган.

Ал үчүн Иран өкмөтү коммерциялык жандоочу-сателиттин жыштыгын күчтүү толкундарды жиберип, үндү угузбай баскан. Андан улам “Hotbird 6” жандоочусунан Жакынкы Чыгышка жана Түштүк Азияга уктурчу “Фарда” радиосу жаңы төрт жандоочудан (Telstar 12, Nilest 101, Arabsat BARD4, Asiasat 3-D) чыгып, ага катар жыштыктарын да көбөйттү.

Би-Би-Си перс тилиндеги берүүлөрүн уктуруу үчүн өткөн аптада кошумча дагы 2 жандоочуну пайдаланууга, “Америка авазы” беш жандоочудан алты канал аркылуу уктурууга аргасыз болушту. Кансыз Согуш ждылдарындагыдай “мышык-чычкан” оюну качан токтору белгисиз. (Иран 1999-жылкы студенттик толкундоолор жана 2005-жылкы президенттик шайлоо учурунда америкалык берүүлөрдү уктурбай салган.)

Ирандын радиотолкундарды басуусунан улам Би-Би-Си радиосунун араб тилиндеги Жакынкы Чыгышка арналган берүүлөрү 14-июндан бери жаман угулуп калган.


Иран коңшу өлкөлөрдүн радиожыштыктарына кол салды

Лондондогу “Denton Wilde Sapte” юридикалык фирмасынын эксперти Род Кируандун сөзүнчө, эл аралык телекоммуникация келишимдерине ылайык, Иран өз аймагындагы радиожыштыктарды жана өлкөгө уктурган чет элдик сателиттердин жыштыгын контролдой алат. Бирок эл аралык телекоммуникация союзуна мүчө коңшу өлкөлөрдүн радиомейкиндигинде үндү басуу-алардын укугун тепсөө болот, деп түшүндүрөт Кируан:

- Эгемен өлкөнүн эркиндигин чектөө сыяктуу бул аракет күнкорсуз өлкөнүн укугун же эларалык деңгээлде аныкталган укугун бузуу болуп саналат.

Тилекке каршы, телекоммуникация боюнча эларалык келишимди аткаруу-аткарбоо ар бир өлкөнүн өз эрки болгондуктан, Ирандын радиомейкиндиктеги чабуулу дипломаттык, балким эки жактын чатакташуусу менен бүтүшү мүмкүн, деп кошумчалады Род Кируан. Ошон үчүн, эларалык радиостанцияларды жабуудан Иран финансылык чыгым тартпаса, эч кандай саясый чарага кириптер болбойт.

Иран бийликтеринин демонстранттарга каршы акыркы күндөрдөгү мыйзамсыз аракеттерине президент Барак Обама нааразылыгын билдирди:

- Кошмо Штаттар жана эл аралык коомчулукту кийинки бир нече күндө демонстранттарды уруп-сабоолор жана камакка алуулар кыжырдантты. Мен бул адилетсиз аракетти айыптайм жана Америка элине кошулуп набыт болгон ар бир күнөөсүз жаран үчүн дуба кылам.

Обаманын билдирүүсүнөн мурдараак Ирандын эң жогорку мыйзам чыгаруу органы - Көзөмөлчүлөр кеңеши 12-июндагы президенттик шайлоодо олуттуу мыйзам бузуулар болгон эмес деп кайра шайлоо болбосун жарыя кылган.

Президент Ахмадинежаддын негизги атаандашы Мир Хусейн Мусавинин тарапкерлери добуштар уурдалды дешип, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылып, бир жумадай нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG