Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:53

А.Абдырасулова: Курултайда көтөрүлчү маселелер белгисиз


23-мартка белгиленген Ынтымак курултайы, ага делегаттарды тандоо жолдору тууралуу “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун лидери Азиза Абдырасулова “Азаттыкка” маек курду.

- Алай районунун акими райондун Бүлөлүү айылынын 360 тургуну митинг, пикеттерге мораторий салуу тууралуу кол коюп кайрылганын сизге кабарлаган экен. Эми андан баш тартып жаткандай. Чын-төгүнүн сизден уксак.

Азиза Абдырасулова: Бул жерде сөз көбөйүп кетти. Чындыгында кол коюлган тизме жөнүндө сөз болгон эмес. Бирок Бүлөлүү айыл өкмөтүнө катышкан 350 делегат атайын кайрылып, курултай өткөнгө чейин, март айына чейин Алай районунда пикет, митингдер токтотулсун деген кайрылуу менен кайрылды, ошого кол көтөрүштү, протоколго киргизишти деген сөз болгон.

Аны бир эле мен эмес, Ош облусу боюнча акыйкатчынын өкүлү Таалай Муралиев менен чогуу акимдин кабинетинде болгон сөз. Райондук кеңештин төрагасы өзү барып катышып, ошондой протокол түздүрүп келиптир. Мен абдан бул ишке нааразы болдум.

Мен айттым, бул Ынтымак курултайы болуп калабы, же айыл-айыл, район-район деп бөлгөн курултай болуп калабы? Андай ишке барбаңыздар деп мен өз сунушумду айткам.

- 350 адамдын колу коюлган кагазды аким сизге көрсөттү беле?

Азиза Абдырасулова: “Бүлөлүү айыл өкмөтүнөн эки гана адам Исаковду коргоп пикетке чыгып атышыптыр, калгандары каршы экен” деген сөздү аким айтты. Анан мен “эки адам эле Исаков бошотулсун деп айтып аткан болсо, экөө пикетке чыга берсин, калган үч жүз элүүсү анда камалсын деп чыгып алышсын, ар кимдин өзүнүн эрки” деп айттым. Бирок эки адам митингге чыкпасын деп тыюу салалбайт, ал мыйзамдын жолу. Жогорку Кеңешке анда мыйзамга өзгөртүү киргизсин деп кайрылгыла. Бирок силер 350 адам кол көтөрдү, протоколго киргизилди деп элге тыйуу салбагыла, элди экиге бөлбөгүлө, ал мыйзамсыз болуп калат деп айткам.

Кечээ аким “Бүлөлүүдө 62 эле адам жашайт, мен 350 деп айтпасам керек” деп айтып атат. Мен болсо “кайдан билем, Бүлөлүүгө мен өмүрүмдө барган эмесмин, мен үчүн үч жүз элүүбү же алтымыш экиби - айырмасы жок, бирок сиз 350 адам катышты деп айттыңыз” деп айттым.

- Азиза айым, сиз Ынтымак курултайына баруу мүмкүндүгүн айткан элеңиз. Делегат болуп шайланайын деп жатасызбы?

Азиза Абдырасулова: Ынтымак курултайына президент 150 орун берген экен, ошол орундун ичинен каалагандар өздөрү башкарган уюмдардын атынан бир адамдын атын атап, делегат кылып шайлоого уюштуруу комитетине жөнөтсө болот экен. Бирок ал жерде тандап алуунун жол-жоболорун эми иштеп чыгышат экен. Ошондуктан, мисалы, мен өзүмдүн атымды да, же башка бирөөнүн атын да атап, уюштуруу комитетине жөнөтүүдөн азыр токтоп турам. Себеби критерийи кандай экенин билбейм.

Мен бирөөнү жөнөттүм, анан алардын талаптарына туура келбей калса, анан кабыл албай койсо анан кандай болот? Ушул курултай башынан эле өткөрүү тартиби жок, же тандоо жолу жок, ушундай баш аламан бир нерсе болуп атат. Ошондуктан биз азырынча жарандык коомдун өкүлдөрүнөн кимдир бирөөнүн атын атоодон токтолуп турабыз.

Экинчи жагынан, биз албетте ошол курултайды уюштуруу кандай болуп атат, кантип өтүп атат дегенге байкообузду жүргүзгөнгө укгубуз бар деп эсептейбиз.

- Буга карабай жер-жерлерде жыйындар болуп, ал жерден делегаттар негизинен шайланып бүттү деген сөз болду. Негизинен ушул курултайга делегаттарды шайлоо кандай жүрдү? Байкоо салалдыңызбы?

Азиза Абдырасулова: Кыргызстан боюнча байкоо салган жокпуз. Бирок бир кызык факты бар. Мисалы, Ош шаары боюнча вице-мэр Аланов комиссиянын төрагасы экен. Ош облусунда 7-8 жерде ошондой курултайлар өтүптүр, бардыгына өзү катышып, тизмени көтөрүп, муну шайлагыла деп айтып жүргөнүн ЭлТРден көрсөттү.

Эми административдик кысым болбойт дегени менен вице-мэрдин чоң эле административдик укугу бар. Экинчи жагынан Нарында коалиция уюмунун кызматчысын уюштуруу комитетине мүчө кылып шайлап коюшуптур. Бирок курултайга келсе курултайдын делегаттарынын арасында өзүнүн аты жок экен.

Бир да жерде график жок, графикти бир жерге илип, же сыналгы аркылуу элге кайрылып “баланча жерде курултай болуп атат, келгиле” деген жок. Баягыдай эле квартал комитеттер, пенсионерлер, мугалимдер, студенттер чогулуп, өтүп атты. Биринчи Май районунда курултай жалаң студенттердин катышуусу менен болду. Бишкек шаарынын кайсы жерде болуп атканын биз сурап да табалган жокпуз. Бардык жерде эле ушундай өттү, административдик ресурстар колдонулуп калды.

Дагы бир маанилүү жагы: курултайдын темасы, куурлтайда көтөрүлчү маселелер бүгүнкү күнгө чейин белгисиз бойдон калууда. Анан маселени коюп, ушундай маселе каралат, жер, же тариф маселесиби, же башка маселеби, ошонун атын атап, анан кийин жер жерлерде курултай өткөрүп, ушул маселе каралат, ушул маселени караганга татыктуу адамды жөнөткүлө десе, ошондо татыктуулар келмек.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG