Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Ө.Текебаев: Байлыкты көздөгөн саясат жүрүүдө


Кыргызстандагы соңку саясий кырдаал, кирешелүү стратегиялык ишканалардын сатылышы, Ынтымак курултайы тууралуу «Ата мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттык” менен ой бөлүштү.

- Бүгүнкү күндө өлкөдө түзүлгөн коомдук саясий кырдаалга кандай баа берет элеңиз? Мисалы, калк, жарандык коом энергетиканын баасын төмөндөтүү талабын коюп атат. Ошол эле учурда уюлдук байланыш ээлери ар бир чалуу үчүн 60 тыйындан алып жатканы белгилүү. Ири кирешелүү стратегиялык ишкана болуп эсептелген “Түндүкэлектро” арзан сатылды деген да пикирлер бар. Бийлик болсо Ынтымак курултайына даярдык көрүүдө.

Өмүрбек Текебаев: Саясатка көз салып, кызыккан адамдар эбак эле бүгүнкү бийликтин саясатын, маңызын, табиятын, максатын билген. Карапайым калк азыр сезип жатат. Бүгүнкү бийликтин максаты чийки кызыкчылыгын, чийки байлыкты көздөгөн саясат. Мен муну тойбос саясат деп атаар элем. Ушул саясатты карапайым калк бүгүн сезип отурат.

Электр энергияга жана башка коммуналдык кызматтардын баасынын көтөрүлүшү - бул келечектеги кожоюндардын капчыгын, кызыкчылыгын азыртадан ойлоп, алардын кирешесин камсыз кылуу дымагы болгон. Тарифтер көтөрүлөрү менен “Түндүкэлектро” гана эмес, “Түштүк”, “Жалал-Абат”, “Ош”, “Чыгышэлектролор” да сатыкка коюлду.

Аларды кардар чыкпай, эч ким албай жүргөн объектилер деп текеден арзан баага сатып отурат. “Түндүкэлектрону” 3 млн. долларга сатты. Бул деген үч жумалык “Түндүкэлектронун” пайдасы менен бул карыздан кутулуп кетет деген сөздү билдирет.

Биздин эсептерибиз боюнча күзүндө көтөрүлө турган жаңы тариф менен эсептеген “Түндүкэлектронун” накта кирешеси 100 млн. долларга тете болот. Ошентип Кыргызстанды алдап, өз топусун өзүнө кийгизип, жүздөгөн миллион долларлык объектини 3 млн. долларга сатып кетти.

Биз, “Ата мекен” партиясы, башка оппозициялык күчтөр, элдин менчиги элге кайтыш керек, эгерде бизде мүмкүнчүлүк болуп бийлик колго тийип калса, муну элге кайтарабыз деген өзүбүздүн позициябызды айттык. Бирок муну кайтаруу кыйынга турат. Анткени уурдап алып, мунун жол жобосун эбак ойлоп тапкан.

Булар кыска убакыттын ичинде колдон колго өткөрүп бир нече жолу сатып жиберишет. “Акыркы кардар, мен 200 млн. долларга алгам, ошону төлөп коюп алсаң алып ал” деп бул жерде көгөрүп отуруп алат. Бүт эл аралык сот ошонун пайдасына чечип берет, ошентип биз 3 млн. долларга сатып, өзүбүз кайра 200-300 млн. долларга алышыбыз мүмкүн.

- Ынтымак курултайына жер-жерлерден шайланган өкүлдөрдүн тизмеси кечээ жарыяланды. Алардын ичинде баягы эле эски бийликтин тушунан бери тизмеден түшпөй келаткан адамдар бар экен деген пикирлер бар. Сиз тизме менен тааныштыңызбы?

Өмүрбек Текебаев: Тилекке каршы, мен тизме менен таанышканым жок. Бирок баары белгилүү, бул курултай Бакиевдин бүгүнкү жүргүзүп жаткан саясатына колдоо көргөзүү курултайы. Алар ошондой максат менен жыйналып жатат.

Бүгүн абдан оор мезгил, карапайым калкка да оор, бийлик үчүн да коркунучтуу мезгил келатат. Мына ушул коркунучтуу кырдаалдан өтүп кетүү, элдин пикирин өзүнө буруу максатында адамдар бүгүнкү жүргүзүлүп жаткан саясатты колдоп атат деген пикирди жаратуу үчүн ушул курултай жасалып жатат.

Албетте мунун делегаттары бийликтин саясатын колдогон, айтканынан чыкпаган адамдар болушат. Балким арасынан кокусунан кирип калган өз көз карашы бар адамдар болушу мүмкүн. Бирок алар курултайдын максатын, позициясын аныктай алышпайт.

- Маегиңизге рахмат.

"Азаттыктын" архивинен: Жарандык уюмдун 6 өкүлү нааразылык билдирди

Жарандык уюмдардын 6 өкүлү Мамлекеттик мүлк министрлигинин жыйындар өтүүчү залына келишип, “Түндүкэлектр” ишканасына тендер өткөрүү боюнча комиссиядан аталган ишкананы сатпоого чакырып, элдин байлыгын сактап калууга үндөштү. MiT.

Жарандык уюмдун 6 өкүлү нааразылык билдирди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:13 0:00

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG