Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Т.Балтабаев: Эл үй-бүлөлүк башкаруудан чарчады


Бул күндөрү “Ата мекен” партиясынын төрага орун басары Ташболот Балтабаев Баткен облусун кыдырып жүрөт. “Азаттык” үналгысы ага бир нече суроолорду узатты.

- Сиз учурда Баткен облусун кыдырып жүргөн экенсиз, эл менен жакындан таанышканда алар Убактылуу өкмөткө кандай баа берип атышат?

Ташболот Балтабаев: “Элдин оозунда элек жок” дегендей ар кыл сөздөр бар. Бирок мен ишенимдүү айтсам болот, элдин көпчүлүгү бүгүн “Убактылуу өкмөткө мүмкүнчүлүк бериш керек, жарыялаган программасын аткарып, референдум, шайлоолорду өткөрүп, эл шайлаганга бийликти өткөрүп берүүгө мүмкүнчүлүк бериш керек” деп айтып жатат. Себеби 15 жыл Акаевдин убадасын күттүк, 5 жыл Бакиевдин убадасын күттү, эми жок дегенде 5 ай жаңы Убактылуу өкмөттү күткөнгө эмне үчүн болбосун? “Биз тополоңдон чарчадык” деген негизги маселе толук белгилүү болду.

- Убактылуу өкмөттүн кадр маселесине элдин пикири кандай?

Ташболот Балтабаев: Кадр маселесине келгенде элдин пикири ар кыл болууда. Бирок мен дагы бир кырдаалды байкадым, ушундай чукул кырдаалда, ушундай акыбалда жетиштүү деңгээлде сыналган адамдарды тандоо кыйын дегендери да бар. Экинчиден, кээ бир фактылар боюнча сын пикирлер да жок эмес.

- Ал эми Баткен облусунда күйүүчү май жана башка айыл чарбасына керектүү материалдар жетиштүү бекен?

Ташболот Балтабаев: Бул жагынан алганда аракеттер жүрүп атат, маселелер колдон келишинче чечилип атат. Бирок бул боюнча бир аз кечеңдеп, проблемалар болгонун да жашырышпайт.

- Сиз Конституциянын жаңы редакциясы боюнча түшүндүрүү иштерин эл менен жүргүзүп атасызбы?

Ташболот Балтабаев: Атайын жүргүзгөн жерибиз жок, бирок эл чогулган жерде ушул жөнүндө сөз болуп атат. Бул жерде жалпы коомдогудай эле бир күчтүү бийлик да керек дегендер бар экен. Экинчи жагы, жеке бийликтен, бир адамдын бийлигинен, үй-бүлөлүк бийликтен чарчадык дегендер көпчүлүктү түзөөрүнө менин көзүм жетип калды.

- Кыргызстанды өнүктүрүүгө арналган жол картасы боюнча маалыматыңыз барбы?

Ташболот Балтабаев: Жол картасы жөнүндө жеткиликтүү маалыматым жок. 3-4 күндөн бери көчөдө эл менен жүрүп атам. Ал жөнүндө мен кеңири айта албайм.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG