Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:42

Ч. Бечелова: А. Аскаровго сот акыйкат чечим чыгарды


Чынара Бечелова сотто.
Чынара Бечелова сотто.

Ноокенде өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаров июнь окуяларындагы кылмышка катышкан деп табылып, өмүр бою түрмөгө кесилди. Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдун аялы Чынара Бечелова соттун чечими менен макул.

Чынара Бечелова: Эми мен өкүмгө ынандым дегем. Өмүр бою деген менен, туура, өмүр бою берилеби же беш-алты жылдан кийин мунапыс жарыялап чыгарып жибереби - бизде кепилдик жок. Күйөөм эч айыбы жок жерден өлтүрүлгөндөн кийин бир гана адамга эмес, бүтүндөй бир мамлекетке каршы иш кылып, ошончолук каршы чыгып аткандан кийин жазаны алыш керек. Өмүр бою түрмөдө жатышы керек.

- Айрым укук коргоочулар, ошол эле Азимжан Аскаровдун да адвокаты коюлган айыптар далилденбестен сот негизсиз чечим чыгарганын айтып чыгышты.

Чынара Бечелова: Он беш милиция кызматкери, ал турсун өздөрүнүн ичинен дагы бир-эки адам А. Аскаров чын эле ошол окуя болгон жерде бакырып жүргөн деп атат. "Өлтүргүлө, өрттөгүлө" деген буйрук берип кыйкырып жүргөн деп атат, мындай иш үчүн эле жашоосунун аягына чейин абакка кесилүү жазасы каралган. Милиция кызматкерин өлтүрүү - 340-берене. Аскаров буйрук берип, кыйкырып жүргөндөн кийин адам өлтүрүүгө катыштыгы бар болуп чыгып атат. Ошон үчүн ал өмүр бою абакка кесилди. Он беш күбө айтып жаткандан кийин кайда барасың, туурабы?

- Азимжан Аскаровдун жактоочусу Нурбек Токтакунов сот жараяны башталган убакта жабырлануучу тарап ага анын өз ишмердүүлүгүн аткарганга тоскоолдук болгонун, коркутуп-үркүтүүлөр болгонун билдирген эле, чындап эле ошондой болду беле?

Президент Р. Отунбаева милициянын капитаны М. Сулаймановдун арбагына бата кылганы Базар - Коргон районундагы Кызыл ай айылына барганда тартылган сүрөт.
Чынара Бечелова
: Менин күйөөмдү мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, үстүнө бензин куюп өрттөп салышкан. Ошону кечээ да айтты, ал өрттөнүп атканда да кыймылдап жаткан экен. Эми ошондой кылмышты адвокат актап атат. Адам болгондон кийин ачууланып кыйкырдык, уруштук. Эми ал ошондо деле дааратканага кире качып бекинбей жөн гана келип, "эжелер, түшүнгүлө, мен өзүмдүн ишимди аткарып жатам" деп койсо эле болмок. Биз башка адвокаттарды эч нерсе кылган жокпуз. Ал өзүнөн өзү дүрбөлөң салып, "мени өлтүрүп атышат" деп жатса анан аргасыздан өзүнө жараша иш кыласың да.

Бул жакка Азиза Абдырасулова да келген экен. Ага да биз "жөн эле биз менен сүйлөшсүн, биз аны жебейбиз, болгону гана эмне себептен А. Аскаровдун таламын талашып жатканын бизге түшүндүрүп берсин" дедик. Ал да "ой, мени алар өлтүрөм деп атат" деп качып, биз менен сүйлөшпөй койду. Укук коргоочу болсо мына менин позициямды, мени коргоп берсин. Төрт балам менен жесир калдым, төрт балам күнү-түнү ыйлап отурат. Ошону айтып берсин мага, ошону дүйнөгө жар салсын деп айтайын дедим эле.

- Кыргызстандык жана эл аралык укук коргоочулар Азимжан Аскаров камалбашы керектигин, бул окуяга анын тиешеси жок экендигин, анын ордуна башка бирөөлөр отурушу керектигин айтышты. Мүмкүн чындыгында Азимжан Аскаров күнөөлүү эместир, мүмкүн бирөөнүн ордуна камалып аткандыр?

Чынара Бечелова: Жок, бирөөнүн ордуна эмес, ал өзү катышкан. Эми уюштуруучулар деп дагы эки адамдын ысымы айтылып атат: Карабаев Маматкадыр менен Акматов Абдыкахар деген. Бирок алар менен А. Аскаров да ошол жерде үгүттөп кошо жүргөн. Дагы айтып жатышат милиция кызматкерлеринин А. Аскаровго мурунтадан өчү бар болчу деп. Болуптур, бирок ошол эле өзбектердин арасынан өздөрү Аскаров Азимжан, Карабаев Маматкадыр менен көчөмө-көчө кыдырып, көчөгө чыккыла деп үгүттөгөн деген көрсөтмө берип жатышпайбы. Мына ошонун негизинде ага айыптар тагылып жатат. Негизи жөндөн жөн эле бир адамды ушунча берене менен күнөөлөш кыйын. Бир берене коюшу мүмкүн, экини коюшу мүмкүн, бирок сегиз берененин негизинде бир адамга жөндөн жөн эле илип коюш кыйын.
XS
SM
MD
LG