Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:39

Кыргызстан калкы парламенттик шайлоодон кийин бийликке келүүчү өкмөттөн жашоо-шарттын жакшыруусун күтүүдө. Ал эми шайлоого аттанган саясий партиялардын программаларына байкоо салган эксперттер анда конкреттүүлүккө караганда, декларативдүүлүк үстөмдүк кыларын, бериле баштаган айрым убадалар реалдуулуктан алыс экендигин белгилешүүдө.

Шайлоо өтүүчү күн жакындаган сайын үгүт өнөктүгү да кызырын эске алганда, саясий партиялардын эл менен жолугушуп жаткан лидерлери, талапкерлери, активисттери экономикалык маселелерде тигил же бул аймактын же чогулган аудиториянын өзгөчөлүгүнө жараша да убадаларды бериши мүмкүн. Биз алдыда өкүлдөрү парламентке кирет деп күтүлгөн негизги саясий партиялардын интернеттеги расмий баракчаларында жарыяланган программаларынын экономикалык бөлүгүнө, ал программаларда берилген айрым убадаларга токтолобуз.

Декларациялардын топтому

Коомдук пикирди сурамжылоонун шайлоо алдындагы айрым жыйынтыктары парламенттен орун алышы мүмкүн экенин көргөзгөн “Ата Мекен”, СДПК, “Ак шумкар”, "Республика", “Ата журт”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ар намыс” саясий партиялары арасынан кокус бийликке келип калса белгилүү бир мөөнөт аралыгында (2011-2015-жылдар) экономикада эмнелерге көңүл бурарын баяндаган өзүнчө программасын “Ата Мекен” партиясы гана жарыялады. Калган партияларда болсо экономика жалпы программанын тутумдук бир бөлүгү катары каралган. Бирок бардык эле саясий партиялардын программаларында конкреттүүлүккө караганда, декларациялар үстөмдүк кылат.

Франциядагы Гренобль университетинин бүтүрүүчүсү, экономика боюнча доктор, азыр Бишкектеги Перспективалык изилдөөлөр борборунун директору Чыңгыз Шамшиевдин пикиринде, экономикадагы тигил же бул милдетти аткаруунун конкреттүү механизми көргөзүлбөгөндүктөн аларды программа деп аташ деле кыйын:

- Анткени программада конкреттүү милдеттер жана аларды ишке ашыруунун механизмдери каралуусу керек. Программада ошондой эле түрдүү милдеттер менен механизмдер бири-бирине шайкеш келип, комплекстүү болушу да шарт. Бизде болсо декларациялардын топтому, кургак билдирүүлөр. Аларда эч деле оригиналдуулук жок. Мен атүгүл көпчүлүгү эскирген, биз жыйырма жылдан бери эле угуп келе жаткан нерселер, Кыргызстандын шартында жарамдуулугун көргөзө албаган идеялар деп айтар элем.

Шайлоодо жеңип чыгышы мүмкүн делген партиялардын баарынын экономикалык платформаларын карап көрүп, бирок жаңы нерселерди таба албагандыгын “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде Бишкек экономикалык анализ борборунун жетекчиси Сапар Орозбаков да белгиледи:

- Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү деген татаал нерсе да. Жыйырма жылдан бери аракет кылып келе жатабыз, ошондон бери өнүкпөй койду. Башкача бир көз-караш керек болуп турат. Булардын (партиялардын) баарынын эле платформалары мага ушундай сезилди, көпчүлүгү декларативдүү чакырыктар. Конкреттүү эч нерсе жок. Анысы аз келгенсип, мен байкадым, популизм көп экен.

Перспективалык изилдөөлөр борборунун директору Чыңгыз Шамшиев “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде саясий партиялардын кургак жана аткаруу жолу көргөзүлбөгөн сунуштары катары төмөнкүлөрдү мисалга тартты:

- Бизнес чөйрө жөнүндө көп сөз жүрүп жатат. Партиялардын дээрлик баары мыйзамдар иштөөсү, бизнес чөйрө, орто жана чакан ишкерлик үчүн жагымдуу шарт жаралуусу үчүн эффективдүү сот системасын түзүү керектиги жөнүндө айтууда. Азык -түлүк коопсуздугун камсыздоо, энергетиканы, тоо-кен өндүрүшүн, айыл-чарбаны өнүктүрүү жөнүндө сөз болууда. Бул тууралуу 1991-жылы, 1999-жыл, Акаев, Бакиев учурунда да айтылган. Көптөрү дыйкан чарбаларды ирилештирүү, кооперативдерди түзүү керектиги жөнүндө айтып жатышат. Бирок муну кантип жасоо керектиги жөнүндө эч ким билбейт. Мен жоопкерчилик менен айтам: бир да партия бул суроонун жообун жана чечүүнүн жолун бербейт.

Чыңгыз Шамшиев кошумчалагандай, саясий партиялардын программаларында конкреттүүлүккө караганда, декларативдүүлүктүн үстөмдүк кылышы буга чейинки реформалар эмне үчүн жарыяланган жыйынтыкты бербей калганынын түпкү себеби али аңдап-билине электигинде, чар-жайыт өнүгүп жаткан экономикага мамлекеттин таасири аздыгында:

- Шайлоо алдындагы өнөктүккө байкоо салып жатып, мен Кыргызстандагы экономикалык реформалардын оңунан чыкпай калганынын себептерин түшүнүү боюнча нукура аракетти көргөн жокмун. Анткени үй-бүлөлүлүк, кландуулук буга себеп эмес. Менимче, негизги себеп - биз рынок экономикасын кандай түшүнгөнүбүздө жана экономикалык саясатты ким иштеп берип жаткандыгында. Ал эми экономикабыз болсо өз алдынча, чар-жайыт өнүгүүдө, мамлекеттин таасири жокко эсе. Мен биздин экономиканы талаада, ооруу-сыркоосу менен кемтик өсүп жаткан дарактын мөмө жемишине салыштырар элем. Эгер аны бакта өстүрсө, кам көрсө, илимий негизде мамиле жасалса, дарак да кооз өсөт, түшүмү да көп жана даамдуу болот. Биздин экономика талаада аба-ырайынын начардыгына карабай өзү эптеп жашап, өсүп жаткан жапайы алма сыяктуу.

Айтылгандардын абалга шайкештиги

Байкоочулардын баамында, парламенттик шайлоодон кийин жаңы өкмөттү куроочу саясий партиялар оор экономикалык абалды мураска алат. Мурдагы көйгөйлөргө быйыл бюджетте буга чейин болуп көрбөгөндөй 21,6 миллиард сом же 500 миллион доллардан ашуун таңкыстыктын жаралышы кошумча болууда. Парламенттик шайлоодон кийин куралуучу жаңы өкмөттүн биринчи милдети – келерки 2011-жылдын бюджетин кабыл алдыруу болот.

“Ата Мекен” партиясы 2011-2015-жылдарга эсептелген программасында жазгандай, бюджетти колдоо үчүн келерки жылга тыштан 450-500 миллион доллар тартуу керек. Эгер “Ата Мекен” бийликке келип калса, мынчалык өлчөмдөгү каражат сырттан кандай шартт тартылат, бул азырынча белгисиз. Бишкек экономикалык анализ борборунун директору Сапар Орозбаковдун айтымында, бюджеттеги таңкыстыкты эске алганда, тышкы карыздын көбөйүшүнөн качуу мүмкүн эместей:

- Эмдиги жылы деле ал оңой менен жабылбайт. Ким билет, кээ бирлери грант түрүндө берип жатат, бирок такай эле Кыргызстанды бага беришпейт да. Кредит түрүндө болсо (сырттан келүүчү акча) тышкы карызды көбөйтүүгө туура келет.

Партиялар программа делген документтеринде эмне деп жазганына карабай, тышкы карыздын көбөйүшү реалдуулук экендигин Перспективалык изилдөөлөр борборунун директору Чыңгыз Шамшиев да белгиледи:

- Саясаттагы толкундоолорду, анын экономикага тийген таасир эске алганда, тышкы карыз көбөйөт. Кырдаалга реалдуу кароо керек. Ал эми экономиканын потенциалы жөнүндө сөз кылсак, жагдай-шарт келишкен учурда ички булактардын, көмүскө экономиканын эсебинен Кыргызстан үчүн 2,5 миллиард доллар көлөмүндөгү бюджетти камсыздай алабыз. Быйылкы жылдын бюджети 1 миллиард 400 миллион доллар деп эсептелген. Бажы, салык чөйрөсү талаптагыдай иштеген, мамлекеттик мүлк эффективдүү башкарылган шартта бул мүмкүн. Эгер экономикалык саясат акыркы жыйырма жылдагы модель менен кете берсе, ошондой эле болобу деп чочуп турам, тышкы карызыбыз өсө берет. Эгер башка ыкмалар колдонулса, тышкы карызыбыз кыйла азайып, ошол эле учурда бюджеттин өсүүсү толук мүмкүн.

СДПК партиясы шайлоо алдындагы платформасында бюджетти же мамлекеттин кирешесин салыктарды азайтуу аркылуу көбөйтүүнү, “Ата журт” партиясы болсо Улуттук дүң өндүрүштүн көрсөткүчүн алганда дээрлик 50 пайызды түзгөн көмүскө экономиканы кыскартуу аркылуу жетишүүнү сунуш кылууда. Салык кодексине салык төлөөчүлөрдүн жүгүн оорлоткон өзгөртүү киргизилүүсүнө мораторий жарыялоону, сатуудан алынуучу салыкты акырындык менен азайтып, бара-бара жойууну “Ата Мекен” партиясы да өзү кыска мөөнөттө аткаруучу чаралардын катарына кошкон. Салык жүгүн жеңилдетүүгө жана салыктарды кыскартууга барарын “Ак шумкар” партиясы партиясы да айтууда. Ал эми Республика партиясы кайра иштетүү тармагы он жылга киреше салыгынан бошотулуусун жактайт.

Бирок бул убадалар аткара баштоочу мөөнөт көргөзүлгөн эмес. Бишкек экономикалык анализ борборунун директору Сапар Орозбаков бюджеттеги таңкыстыкты эске алганда, салыктарды азайтуу жок дегенде жакынкы жылдар үчүн реалдуу эмес деп эсептейт:

- Кантип булар салыкты азайтып, мугалимдерге, дарыгерлерге акчаны кайдан төлөп берет? Мындай нерселери көп эми.

Тарифтер боюнча талаш

Экономикалык деген программа, платформаларында айрым партиялар тарифтер маселесине учкай кайрылган. Маселен СДПК тарифтерди энергетикадагы жоготууларды азайтуу жолу менен түшүрүү зарылдыгын белгилесе, “Ата Мекен” орто мөөнөттө аткарылуучу чара катары тарифтерди экономикалык жактан негиздүү деңгээлге алып келүүнү сунуштаган.

Ал эми "Республика" партиясынын расмий сайтында жарыяланган тезисттерге караганда, алар бийликке келсе Кыргызстан жарандары электр акысын өздүк наркында төлөй турганын кепилдейт. Бирок өздүк нарк азыркы баадан жогору же төмөн дегенди билдиреби айтылбайт. Учурда жеке керектөөчүлөр электр кубатынын бир килловат сааты үчүн 70 тыйындан, ишканалар 1 сом 50 тыйындан төлөйт. Кыргызстандын энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин 16-сентябрда Бишкектеги пресс-конференцияда айтканына караганда, учурда электр кубатынын реалдуу өздүк наркы 1сом 42 тыйын турат. Экономист Жумакадыр Акенеевдин айтымында, электр кубатын өздүк наркында сатабыз деген туура эмес түшүнүк:

- Андай эч качан болбойт. Себеби энергетика аркылуу сөзсүз түрдө мамлекет да пайда көрүшү керек. Канча акча коротсок, ошончо баада сатабыз деген энергетика тармагы үчүн түп-тамырынан бери туура эмес. Чындап келгенде тариф азыркы баадан төмөнүрөөк, ошол эле учурда энергетика киреше берүүчү тармактын орчундуу бөлүгү болушу керек.

Перспективалык иликтөөлөр борборунун директору Чыңгыз Шамшиевдин пикиринде, шайлоо алдындагы убадаларга карабай, энергетикадагы тарифтер кайра көтөрүлүүсү ыктымал:

- Тарифтерди көбөйтүү же көбөйтпөө жөнүндө айтуудан мурда бизде, Кыргызстанда, экономикалык негиздүү тариф кайсыл экендигин аныктап алуу керек. Мисалы, сиз электр кубатынын бир килловаты үчүн азыр белгилүү бир сумманы төлөп жатасыз, ал баада коррупциянын да үлүшү бар да. Андыктан оболу бир килловат сааттын наркында коррупциянын үлүшү канча пайыз экендигин аныктап алуу зарыл. Электр энергиясына тарифтерди көбөйтүү жана көбөйтпөө керектигин ошондон кийин гана айтуу керек. Эгер мурда болгондой жана бул жакынкы келечекте да болот, тарифтер көтөрүлсө сиз жөн гана коррупционерлердин чөнтөгүн элдин, керектөөчүлөрдүн, биринчи кезекте майда керектөөчүлөрдүн эсебинен толтурасыз.

"Жомок" убада

Башка партиялардан айрымаланып, өзгөчө айылдык ишкерлерди, дыйкандарды, турак-жайга ээ болгусу келген жарандарды кызыктырган убаданы “Республика” партиясы берип жаткандай. Партиянын экономикалык программасына караганда, ал Кыргызстандын баардык жарандары үчүн ипотекалык кредиттин жылдык үстөгүн 9%, ал эми дыйкандар 7% менен алуусун кепилдейт. Дыйкандарга мындай кредит 2011-жылдын 1-февралынан тарта бериле баштайт. Экономист Жумакадыр Акенеев банк чөйрөсүндөгү бүгүнкү реалдуулукту эске алганда, кредиттер боюнча үстөк пайыздын дароо эле эки эседен ашуунга төмөндөп кетиши мүмкүн эмес деп эсептейт:

- Биздеги банктардын 70% кредиттик ресурсу, Казакстандан, башка чет өлкөлөрдөн келген каражаттар. Алар жанагыдай 9%га макул болобу, болбойбу, кептин баары ушунда. Кыргызстандагы 29 банктын жок дегенде 10-15и муну чын деп колдосо ишенсек болот. Биз билгенден "Республика" партиясына болгону бир банк тиешелүү. Андыктан 9% деген Кыргызстан үчүн бүгүнкү күнү жомок эле болуп жатат. Жок дегенде 15%ды айтышса, мен ойлойм, чындыкка жакынырак болмок.

Экономист Жумакадыр Акенеев кошумчалагандай, шайлоочулар саясий партиялардын экономикада эсеп-кысап менен бекемделбеген кургак убадаларын адатта саясий өнөктүктө боло жүрүүчү көрүнүш катары кабыл алуусу керек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG