Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:34

Кыргызстан кыйын экономикалык абалга капталды. Бюджет таңкыстыгы оголе чоң өлчөмгө жетти. Өкмөт сырттан жардам берилбесе өлкө тагдыры кыйын абалга капталарын айтуу менен чектелүүдө. Профессор Жусуп Пиримбаевдин баасында Кыргызстанда экономикалык саясаттын өз орду болбой, өкмөт бюджет саясатында көп каталыктарга жол берүүдө.

«Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусу экономикалык ахывалга арналат. Ага профессор Жусуп Пиримбаев, «Акун» компаниясынын президенти Чыныбай Турсунбеков катышат.

Болор иш болду

- Кыргызстандагы саясий туруксуздук өлкөнү экономикалык дефолт абалына алып келатат. Мунун себеби эмнеге байланыштуу деп ойлойсуз, Жусуп мырза?

Жусуп Пиримбаев:- Кыргызстанда саясий туруксуздук такай негизги себеп болуп келгени белгилүү. Аны эларалык изилдөөлөр да ырастоодо. Бизде саясий турктуулук дегеле болгон жок. 5 жыл бир президент турса эле саясий туруктуулук деп жатпайбы. Бул экономикалык мыйзамдарга байланыштуу маселе. Экономикалык мыйзамдар иштесе, коом ошого даяр болсо гана саясий туруктуулук болот. Саясат экономиканын жалпы жыйындысы болуп эсептелинет. Экономикалык саясат жалпы саясат ичинде өз ордун таба албай калды. Дагы башка себептери бар. Бирок саясий туруктуулук негизги маселе. Анан экономикалык саясат менен жөн саясат биригип калып, экономикалык саясат андан өз ордун тапппай калды. Бүгүнкү экономикалык абал дагы ошол менен байланышкан нерсе.

- Чыныбай мырза, быйыл ички дүң продукт көлөмү 5,5% төмөн болору эмитен эле болжолдонуп жатат. Апрелдеги окуялардан кийин ишкерликке мамиле кандай болуп жатат?

Чыныбай Турсунбеков:
- Баарысы саясий туруксуздукка байланышып жатат. Башаламандык түбү келип экономикага таасирин тийгизет. Бийликке келгендердин тигил же бул ишкананы басып же тартып алуусу токтоло элек. Анан мурдатан чыры бар ишканалардын айланасындагы талаш дагы эле улантылып жатат. Кант цемент заводунун чыры башталды. 2005-жылы, андан мурда эле башталган чыр. Азия Универсал банктагы чыр деле ошондон келип чыкты. Мурдагы бийлик тушунда монополиялык ахывалга келип алган банк болчу. Саясатчылардын ачкөздүгүнөн, мыйзамды өз кызыкчылыгына байлап алышынан жалпы ишкердик аксап жатат.

Өндүрүш өнүгө албай отурушу ойлонтууда

- Техникалык өкмөттүн алдына койгон максаты ички дүң продукт көлөмүн 3,5 же 4% төмөн түшүрүүнүү кармап калуу милдети болууда. Ошентишке өкмөттүн чама-чаркы жетеби?

Жусуп Пиримбаев: - Жетишпейт. Анын тамыры терең. Экономика менен саясат бир тууган болуп калган үчүн экөөнү бөлүп караш болбойт. Азыр деле өзүм билемдик күчтүү. Экономикалык кылмыш үчүн бир да аткаминер жазага тартыла элек. Бизде басып алуучулук мыйзамдаштырылып калган. Азыр өкмөт таланган-тонолгон нерселерди ордуна алып келүү менен алек болууда. Ири ишканаларды, ири технологияны алып келүү аракети жасалышы зарыл. Бизде экономикалык көрсөткүчтөр «Кумтөр» алтын кени, андан башка деп эки түрдүү берилип келатат. Бул уят нерсе.

- Чыныбай мырза, Кыргызстанда бюджет таңкыстыгы 28 миллиард сомго жеткени айтылууда. Бул өтө коркунучтуу көрүнүш. Эгер сырттан инвестиция келбесе жыл аягына дейре 6 миллиардга жакын сом бюджетте жетпей калары айтылууда. Учурдагы бизнес ахывалы кандай?

Чыныбай Турсунбеков: - Бизнес жүрүп жатат. Ар ким өз арбайын согууда. Табагына эч ким аш салып бербейт. Мына быйыл жыл башынан эле Орусиянын мунайы кымбаттап, чек аралар жабылып, бажы биримдигинин таасири тийди. Апрель, андан кийинки окуялардын таасири көбүнчө соода менен алектенген бизнесчилерге тийип, ошолордун көбүнүн иши аксап калды. Мындан тышкары банктардын ишинде биртоп маселелер чыкты. Анан бизде көп саясатчылар бизнес менен алектенет. Алардын көбү курулуштарын токтотуп коюшту. Ошондон саясатка тиешеси жок, чек ара менен байланышы аз ишкерлер мурдагысындай эле иштеп жатышат. Тигүүчүлөрдүн иши жүрүп жатат.

- Жусуп мырза, донорлор жыйынында 1,1 миллиард доллар акча бөлүнөрү ырасталган болчу. Бирок ал акчанын бир тыйыны да келе элек. Качан келери да белгисиз. Антип инвестициянын тык токтотулуп калышын себеби эмнеге байланыштуу болду?

Жусуп Пиримбаев: - Бул ички саясий туруксуздукка, анан тышкы саясаттагы алешемдиктерге байланыштуу болду окшойт. Биздин тышкы саясатыбыз туруктуу болгондо мындай абалга кептелбейт элек. Ар ким ар жактан өз донорун издөөчү болуп калды. Жаңы бийликтин тышкы саясаты сөзсүз өзгөрүлөт. Андай болсо бизге эч ким ишенбейт. Туруктуу тышкы саясат жүргүзүү керек.

- Чыныбай мырза, быйылкы жыл бюджетине өнүгүү максатына деп 20 миллиард сом бөлүнгөн эле. Ал акча социалдык маселелерди чечүүгө багытталып жатат. Өнүгүү жайында кеп деле болбой калды. Өкмөт эмне кылыш керек?

Чыныбай Турсунбеков: - Экономиканы ойлобосок эртеңки күндү колдон чыгарып жиберебиз. Бул жүдөгөн абал улана берет. Канчалык кыйынчылыкка карабай инвестиция тартышыбыз керек. Эми өкмөт салыктарды толугураак чогултуунун аракетин кылат. Бул да чоң булак. Анан ишкерлердин чет элдик байланыштары жөнүндө кеп болуп кетти. Бул конкрет маселе. Маселен, Түркиянын «Пегасус» деген аба компаниясы Кыргызстанга келе албай жүрөт. Алар 51% Кыргызстандыкы болсун калганы биздики болсун деп жатышат. Эларалык рейстерди ачып беребиз, баалар 200 – 300 доллар тегерегинде болот деп жатат. Асман жол «Түрк аба жолдорунуку» болгону үчүн билет баасы 900 – 1000 долларга чыгып жатат. Ага атаандаш түзүлсө бизге эле жакшы болмок.

- Жусуп мырза, өнүгүү бюджетин четке сүрүп таштоонун натыйжасы эмнелерге алып келиши мүмкүн?

Жусуп Пиримбаев: - Мамлекет социалдык милдеттерин аткарышка аргасыз. Акчанын баары ошого кетип жатат. Бирок бул жерде эң коркунучтуу нерсе, парламент аркылуу кабыл алынган бюджет мыйзамынын өкмөт тарабынан бузулуп жатышы. Аны бузбаш үчүн техникалык өкмөт бюджеттеги өзгөрүүлөрдү ырастаган токтомун чыгарышы керек. Бюджет жалаң социалдык гана багытты көздөп калса өнүгүү болбойт. Ошон үчүн өкмөт кайсы мезгилге чейин кыйналышыбыз мүмкүн экендигин ачык айтып коюшу керек. Аны азыртан тактап албасак эртең дагы эле риторикалуу суроого кабылып, көчөдө топтошуп жүрө беребиз. Бюджеттик саясат комплекстүү каралышы керек. Өкмөт ишин мыйзам чегинде жүргүзүшү керек. Антпесе эртеңки күнү жооп беришке аргасыз болот.

- Анда эмесе кебибизди жыйынтыктасак. Мырзалар, ишиңиздерге ийгилик!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG