Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:23

Ойлондурган опуртал аймактар


Быйылкы тополоңдордо элдин колуна өтүп кеткен курал-жарактардын толук кайтарылбай жатышы да коомчулукту чочутууда.
Быйылкы тополоңдордо элдин колуна өтүп кеткен курал-жарактардын толук кайтарылбай жатышы да коомчулукту чочутууда.

Өлкөнүн бардык аймактарында шайлоо күнү ар кандай ызы-чуулар чыгып кетпеши үчүн милиция бүгүндөн тарта күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Айрым саясатчылар жана серепчилердин айтымында, кооптуу кырдаалга шайлоо жыйынтыгын бурмалоо, жеңилген партиялардын тиреши сыктуу көрүнүштөр алып келиши ыктымал.

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев 4-октябрдагы маалымат жыйынында өлкөдө он чакты опурталдуу шайлоо аймагы бар экенин жарыя кылып, бирок ал кайсы жерлер экенин ачыктаган эмес. ИИМдин уставы боюнча мындай маселелер ачык-айкын айтылбайт. Ошол себептүү коомчулук арасында ар бири өз аймагын опурталдуу деп кабыл алып, кооптонгондор да жок эмес.

Утулган урушка тойбойбу?

Мирослав Ниязов
Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, саясатчы Мирослав Ниязов буга чейин чечилбей келе жаткан ар бир маселе кооптуу кырдаалды жаратышы мүмкүн деп эсептейт. Алардын ичине социалдык, экономикалык, миграция маселелери кириши мүмкүн. Андан сырткары жарасы бүтө элек улут аралык мамиле, чек ара маселелерде өтө кылдат мамилени талап кылууда дейт М.Ниязов:

- Эң биринчи улут арасында көйгөй бар. Кимде-ким бул маселе чечилди десе жаңылышат. Эгер буга жакшы, кылдат мамиле көрүлбөсө бул мындан да өтө оор акыбалга өтүп кетиши мүмкүн. Экстремизмден тышкары сепаратизм, андан терроризмге кошулуп кетүү ыктымалдыгы бар. Экинчиси, айрыкча түштүк аймагында чек ара маселесине көңүл буруш керек. Мындан сырткары партиялар арасында утулгандар болот. Ошондо да нааразычылык пайда болот. Утулган партиялардын баары бийликке барууга кандайдыр аракеттерди жасайт.

Тажикстан таасири...

Тажикстандын Рашт району
Коомчулук арасында ушул тапта тынчыбай жаткан Тажикстандагы окуялардын Кыргызстанга таасири да тийиши мүмкүн дегендер жок эмес. Мындай кооптоонуулар Тажикстандын өкмөттүк куралдуу тобунун аскерлери өткөн айдын ортосунан бери Кыргызстан менен чек арага жакын тоолуу Рашт аймагында кылмышкерлер менен согушкерлерге каршы операция жүргүзүп жатышынан улам да пайда болууда. Ушундай операция учурунда кечээ беш милиция кызматкери каза тапкан. Ал эми сентябрдагы салгылаштардан бери 28 тажик аскери жана тартип коргоочулар окко учкан. Бул операция августтун этегинде Дүйшөмбүдөгү катуу кайтаруудагы түрмөдөн 25 чакты айыпкер качып, Раштты көздөй бет алгандан кийин башталган.

Анткен менен Кыргызстандын чек ара кызматынын жетекчи орун басыры Чолпонбек Турусбеков, чек аралар катуу кайтарууда экенин, кооптонууга негиз жоктугун “Азаттыкка” билдирди.

Ош опурталдуубу?

Айрымдардын пикиринде, июнь айында кандуу жаңжалды баштан кечирген Ош шаары азыр да опурталдуу болуп турат. Өзбек тектүү укук коргоочу Абдуманап Халиловдун айтымында, көптөрү ар кандай ушактардан коркуп, шайлоого барбай турганын айтышууда.

- Шайлоонун алдында Ош шаарынын ичинде добушканаларга барбайбыз деп коркуп жатышат. "Үйгө келсе шайлайбыз, өзүбүз барбайбыз добуш бергенге" дегендер да бар. Уруш, тополоң болуп кетет деген ушактарга эле таянышат. Четтеги райондордо анча эмес, бул кооптонуу шаардын борборунда болуп жатат. Кыргыз менен өзбекти кимдир бирөөлөр уруштуруп коет деп да коркуп турушат. Эки улут бири-биринен да чочуп турушат.

27-июндагы референдумда Оштун айрым аймактарында көчмө добуш берүү уюштурулган.
Июнь айындагы коогалаңдын келип чыгуу себептерин ушул тапта улуттук жана көз карандысыз комиссия иликтөөдө. Көз карандысыз комиссиянын төрагасы Марат Жуманазаровдун айтымында, түштүктө эки улут арасында жаңжалдын чыгып кетүү коркунучу аз. Бул учурду айрым саясий лидерлер пайдаланууга аракет жасашы ыктымал.

- Бүгүнкү күндө Ош аймагында чатак чыга турганга негиз жок. Кыргыздар деле ачуусу келген менен тынчтыкты каалайт. Өзбек калкы деле өздөрү баштап алып, бизди тигилер түртүп койду деп кайгырып отурушат. Себеби чатакты баштаган өзбектин лидерлери качып кетишкен. Бул абалды партия лидерлери пайдаланып, партиялар ортосунда чатак болушу мүмкүн.

Ошол эле учурда бийлик өкүлдөрү кырдаал көзөмөлдө экенин, кайсы бир жерде жаңжал чыгып кетчү болсо дароо басууга күч-кубат жетээрин билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG