Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:18

Элге берчү жардам эмнегедир кечигүүдө


Өкмөттүн 5-марттагы жыйыны
Өкмөттүн 5-марттагы жыйыны

Өкмөттүн электр акысын эки эседен арбын көтөрүшү табияты катаал шартта жашаган карапайым калкка өзгөчө оорго турууда. Жону жука калкка көрсөтүлчү жардам жете электиги 5-марттагы өкмөт жыйында да айтылды.

Өкмөт башчынын биринчи орунбасары 2-мартта Нарындагы эл менен жолугушуусунда козголгон негизги маселе тариф болду. Д.Үсөнов 8-марттан тарта жарыкты өчүрүүнү токтотуу жөнүндөгү токтомго кол койду. А бирок тарифтин кымбатташына көпчүлүктүн нааразылыгы күчөөдө.

Жетим-Тоо, Аксай, Арпа аңырты

Өкмөттүн электр акысы кымбаттатышына карата калктын жообу Нарындагы кышкы аяздагы наарызылык жыйыны болду окшойт. 2-мартта ал жерде болуп, 4 сааттан ашуун көпчүлүктүн арыз-арманын угуп кайткан 1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаров күнөө жергиликтүү жетекчилерде экенин баса белгиледи. Ошол жыйын өтөргө чукул облус жетекчиси кол алдында иштегендердин текши баарын аттестациядан өткөрүп андан соң кызматка аларын айтып, уюштуруу иштери менен алектенип жүрсө, калаадагы жападан-жалгыз жол акыр-чикирге толуп, базардын балит болуп кетишине шаар башчысы жоопкер экени айтылды. А.Жапаров жергиликтүү элди Жетим-Тоо, Арпа, Аксай жайлоолорунун башка мамлекетке сатылып кетиши жөнүндөгү миш-миш өзгөчө ойлонторун да жашырган жок.

- Ага кошумча компенсацияга берилген каражаттар 2 ай кечиктирилип, мени менен гана чогуу Нарынга барды.

Аткаминерлердин кулагына күмүш сырга!

Элдин арыз-арманын ар бир аткаминер угушка милдеттүү экенин өкмөт башчы Данияр Үсөнов да белгилеп, колу жука калкка берилчү каражаттарды убагында жеткирүүгө арналган дагы бир токтом кабыл алынганын маалымдады.

- 10-мартка чейин жалпы республика боюнча ар бир укугу бар адам ошол 200 сомду алыш керек. Ошону өкмөт, өзгөчө Каржы министрлиги камсыз кылышы керек.

Өкмөт өткөн жылы энергетиктердин 5,5 миллиард сом карызын кечип ийгени, анын 2,6 миллиард сому элдин электр акысы үчүн карызы экени да жыйында кабарланды. Карыз маселесин козгой келип, Д.Үсөнов элдин өтүнүчүнө кулак салбаган жергиликтүү бийлик жетекчилер катуу жазаланарын да эскертти.

- Биз эл менен кайсы маселе болсо да ачык, тартынбастан жакын болууга аракет кылабыз, аракет кылып да келатабыз. Аткаминерлерди мерестиги үчүн жоопко тартабыз!

Токтогул көлү толо баштады

Жыйында Энергетика жана өнөр жай министри Илияс Давыдов Токтогул көлүндө 10 миллиард 27 миллион кубометр суу топтолгонун, бул өткөн жылдын ушул кезине салыштырганда 3,2 миллиардга көп экенин кабарлап, 8-марттан тарта электр жарыгын үзгүлтүксүз бериле тургандыгын жарыя кылды.

Нарындагы чоң жыйындан кийин эл менен жардам акчаны оозунан түшүрбөй калган өкмөттүн камкордугу күн жылымдаганы электр акыга нааразы калктын жабылып көчө жыйындарына чыгарбоонун амал-аргасы экенин бейөкмөт уюмдар, саясий партиялардын өкүлдөрү билдиришүүдө. Тарифтердин кескин кымбатташы өкмөттүн элге каршы жасалган иш-аракети экенин айтып, “220 кыймылы” ушу тапта 350 миң ашуун кол топтоого киришти. Топтолгон колду көтөрүп алып демилгечилер өкмөттү сотко беришмекчи. Кыймыл демилгечилеринин бири Чолпон Жакупованын ырасташынча, саясатты унутуп, жалаң экономикага гана көңүл бурууну кайталоодон тажабаган азыркы бийликтин башкаруусу элди ушундай абалга жеткирди.

- Мына беш жылдан бери Ак үйдүн саясий технологдору ушинтип атып карапайым элди алдап келишти. Ой, экономика жөнүндө ойлонуш керек! Саясат жөнүндө ойлонсоң эле сен жаман киши болуп калат экенсиң. Беш жылдан бери карапайым кыргыз элин алдап атып ушуга чейин алып келбедиби.

Элге өкмөттүн энергетикалык саясатын эрикпей түшүндүрүп келиш үчүн 10-марттан тарта өкмөт башчы жер-жерлерди эки жума кыдыра тургандыгын кабарлады. Элдик курултай алдында башталган үгүт жүрүштүн максаты деле тариф саясатын калкка түшүндүрүү экени көпчүлүккө ансыз деле дайын.

Каадалуу жыйындардын текши баарында арбын айтылган энергетика тармагынын толгон-токой проблемаларын кынтыксыз чечүүнүн жалгыз аргасы катары өкмөт бөлүштүрүү компанияларын сатууну айтып, “Түндүкэлектр” акционердик коомун 3 миллион долларга кармата берди. Абыдан арзанга бааланган ал компания эми өз баасында экинчи колго сатылары турулуу иш. Тармактагы абалды так текшерип чыгыш үүчн Ф.Куловдун өкмөтү 2006-жылы көз карандысыз комиссия түзгөн. Бирок анын жыйынтыгы жарыя кылынбай, таасирдүү күчтөрдүн аракетинен көп маселелер жабык бойдон калып кетти. Мына быйыл да өкмөт эларалык компанияны жалдап тармактагы абалды иликтөөгө киришти. Бирок бул иш мамлекет ээлигиндеги бөлүштүрүү компанияларынын текши баары сатыкка коюлуп, Бишкек жылуулук-электр борборунун болочогу арасат турган чакта башталууда.

XS
SM
MD
LG