Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Эксперимент!


Эгерде электр кубатына жана жылуулукка болгон тарифти туура эмес эсептешкен болсо, анда тиешелүү тараптарга катаал чаралар көрүлмөкчү. Президент Курманбек Бакиев кечээ ушундай деп, уулу башкарган Өнүктүрүү агенттигине жана өкмөткө тарифтин тууралыгын текшерүү боюнча тапшырма берди.

Президент өз уулу Максим Бакиев башкарган Өнүктүрүү агенттигине жана өкмөткө жылуулук боюнча тарифтин тууралыгын текшерүү боюнча тапшырма берди. Оппозиция өкүлдөрү муну - өкмөттү тилдеп, Өнүктүрүү агенттигинин аброюн арттырууга багытталган жүрүш катары баалашууда.

Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги жүргүзгөн текшерүү жылуулукка болгон тарифтер туура эмес көтөрүлгөн деген жыйынтык чыгарса - тиешелүү өкмөт мүчөлөрү жана өкмөт башчы кандай жаза алышы мүмкүн? “Өкмөт тарифти туура эмес көтөргөн, аны М.Бакиев башкарган агенттик аныктап, кайра мурдагы калыбына келтирди”,- деген саясат жүрүп аткан жокпу? Кыргыз өкмөтү баары жогуна күнөөлүү болуп, тил угуп отуруп калчу кол бала бойдон калып атабы?

Президент К.Бакиевдин жылуулукка болгон тарифтин тууралыгы боюнча кечээки сөзүнөн кийин дал ушул сыяктуу суроолор кайрадан козголуп, өкмөт мурдагы президенттин тушундагыдай эле туура эмес иштердин бардыгына күнөөлүү болуп чыкчу схема кадимкидей эле иштеп атканы айтылууда.

Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин жетектөөчү адиси Мирбек Маматов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, жылуулукту, электр энергиясын жана ысык суунун тарифтерин көтөрүүдө бардык факторлор эске алынганын, алдын-ала эсептөөлөрдүн негизинде гана ушундай жасалганын, эгерде тарифтер көтөрүлбөсө энерго компаниялар чыгашага иштеп, алардын жабдуулары бир күнү жарактан чыгып калмактыгын билдирди. Жылуулукка тарифтин көтөрүлүшү боюнча ал буларды айтты:

- Жылуулуктун тарифин ала турган болсок, бул жер аны элге чейин жеткирип берүү проблемасы бар да. Жеткирип берүү проблемасы, аны өндүрүү проблемасындай эле чыгашалуу нерсе. Мисалы, бул жыл үчүн болгон эсеп боюнча ТЭЦтен 380 сомдон алышат жылуулукту. Ага өздөрүнүн чыгымы кошулган бааны коюшат. Анан чыгаша жагын кошкондо 1050 сом чыгып атат. Эми бул жерде техникалык жоготуулар да өтө көп. Андан тышкары колдонулбай калган жылуулук деген болот. Маселен, алар өндүргөн бардык жылуулук кардарга жете бербейт. Жолдо кайсы бир бөлүгү жоголот. Көп жылдардан бери жылуулук жеткирүү линиялары да абдан эскирген. Алардын буга чейин акчасы да жетмек эмес оңдоого. Тариф өзүн-өзү актаган эмес. Оор абалга келип калышкан.
Эгер көбүрөөк толкундоо болуп кетсе, анда Өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси чыгып тарифтерди төмөндөтүшү мүмкүн. Анда М.Бакиев эле жакшы киши болуп көрүнөт, Д.Үсөновду отставкага кетирип, ошого баарын шылтап салышат болушу керек.

Марс Сариев


Саясий серепчи Марс Сариевдин пикиринде, тарифтердин көтөрүлүүсү президенттин деңгээлинде эле чечилген нерсе жана аны өлкө башчы деле жакшы билсе керек. Бирок жаз жакындап, оппозиция да жандана баштаганда энергетика тармагындагы эксперименттерди кайрадан ойноонун варианттары караштырылууда. Талдоочунун айтымында, кандай болсо да Өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси элге жакшы көрүнө тургандай вариант каралган. Маселен, эл толкуп кетсе тарифтер үчүн өкмөт күнөөлүү деп табылып, аны дал ошол Өнүктүрүү агенттиги аныктайт:

- Акаев убагындай эле өкмөттүн башындагы кишилер кол бала болуп калышты. Азыр чын эле эл нааразы. Элдин жазында чыга тургандай маанайы бар. Байкап атасыңар, эгер оппозиция өзүнүн курултайын өткөрсө абдан эле көп кишилерди топтойт. Аларды эл колдоп кетет. Ошону президент көрүп туруп өзүнчө вариант даярдап атат.

Мына, тарифтер боюнча аудит жүрөт деп атат. Апрелде бүтөт дешет. Анан митингдер башталып, оппозиция тарифтерди да карай баштаганда бийлик айтат, “мына аудит өткөрүп атабыз” деп. Ошентип байкап атышат элдин маанайын. Эгер көбүрөөк толкундоо болуп кетсе, анда Өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси чыгып тарифтерди төмөндөтүшү мүмкүн. Анда М. Бакиев эле жакшы киши болуп көрүнөт, Д.Ү сөновду кетирип, ошого баарын шылтап салышат болушу керек.


Оппозиция өкүлдөрү болсо тарифтердин көтөрүлүшү энергетика тармагын сатуу максаты менен байланышканын, бийлик элдин үстүнөн ушул сыяктуу түрдүү эксперименттерди жүргүзүп келатканын, эгер эл каршы болбосо өлкөнүн бардык байлыгы сатылып кетерин айтып келатышат. Ал арада Өнүктүрүү агенттигине тарифтердин көтөрүлүшү боюнча аудит өткөрүү тапшырмасы берилди.

XS
SM
MD
LG