Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:04

“Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы энергетика тармагындагы көйгөйлөргө арналды.

Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев өзү жетекетеген тармакта коррупцияга бөгөт коюлуп, элект кубатынын өздүк наркы туура аныкталган деп эсептесе, көз карандысыз адис, Тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев мурдагы бийлик ойлоп тапкан “желелер” дагы да болсо иштеп, бул электр энергиясынын баасын аныктоого терс таасирин тийгизди деп белгилейт.



“Азаттык”:
Осмонбек мырза, сиз 16-сентябрда журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп, бир киловатт саат электр кубатынын өздүк наркы 1 сом 42 тыйын дедиңиз. Бул баа кайдан алынды?

Осмонбек Артыкбаев: Электр энергиянын өздүк баасы 1 сом 40 тыйын деп айттым. 53.6 тыйын бул – “Электрстанциялары” акционердик коомунун баасы, 15.2 - бул улуттук электр тармактарынын баасы, бөлүштүрүү тармагынан – 42.1, жоготуу багытындагы баа – 24.5, салык – 4.5.

“Азаттык”: Осмонбек мырза, мага окшогон жөнөкөй керектөөчүлөр үчүн бул аябай түшүнүксүз сандар. Мисалы, былтыр 16-ноябрда сиздин партиялашыңыз Алмазбек Атамбаев Токтогулдан алынган электр кубатынын өздүк наркы 8 тыйын деди эле. Эмне себептен 8 тыйын, анан 1 сом 42 тыйын айырма болуп атат?
Өзбекстан 4 центтен алып атса, азыр өзүнүн энергия системасын куруп алып, бизден электр энергия албай, өзүн өзү камсыз кылып калды.


Осмонбек Артыкбаев: Биз электр энергия чыккан баа боюнча айтып атканда мындай: бул жалпы Кыргызстан боюнча бүт чыгаргандан баштап, ташып алып барып, ошол жерден бөлүштүрүп берип, салыктарынын баары төлөнгөндөн кийин, карыздардын баары эсептелгенден кийин айтылган баасы бул өзүнчө баа. Токтогул ГЭСинен чыккан баа өзүнчө баа, Күрп-Сайдагы баа өзүнчө баа. Мисалы, ТЭЦтен чыккан баа да башкача. Көрдүңүзбү, эгерде биз жалпы энергосистеманы алсак, ошондо ар бир станциянын өзүнүн баасы башкача. Алмаз Атамбаев ошол станциядан чыккан жөнүндө айтып атат. Биз бул жерде жалпы энергосистеманы бириктирип, эсептеп чыккандан кийинки бааны айттык – бул 1 сом 40 тыйын.

"Азаттык”: Орозбек мырза, сиз ушул эсептөөлөр менен макулсузбу? Же жаңы министр келген сайын эле электр энергиянын өздүк наркы министрге жараша өзгөрө берет деген сөздөргө кошуласызбы?

Орозбек Дүйшеев: Мен айтып коеюн, урматтуу Осмонбек, сизге материалды туура эмес дайындап коюптур. Сиз жаңы келдиңиз. Буга али жетише албай атасыз. Ошол эсептеп аткан, аппаратта отурган бир топтору эскиче эле сизди алдап атса керек. Булар эптеп элди алдаш үчүн ушундай схема түзүп чыгышкан, Ширшов жана Балкыбеков деген балакеттер. Алар бүт карыз алган нерселердин бардыгын кошуп, алардын пайыздарын абдан көбөйтүп, ошонун негизинде баарын кошуп койгон. Ошондуктан сиздер реформа кылып, ошонун баарын карап чыкпасаңыз, бул бир убактарда сизди оңтойсуз абалга алып келип коюшу мүмкүн. Ошондуктан мен айтат элем, сиз берген схеманы кайрадан талдап, карап чыгыш керек. Жакшы адистерди коюп, ошолорго каратышыңыз керек.

Насыя жүгү оор

“Азаттык”: Орозбек мырза, айтсаңыз, сиз электр энергиянын өздүк наркы 23-25 тыйындан ашпайт деп чыктыңыз. Эмнеге негиздеп айтып атасыз? Далилдеп өтөсүзбү?

Орозбек Дүйшеев
Орозбек Дүйшеев:
Далил мындай эле: гидроэлектростанциядан чыккан электр энергияны өздөрү берген 2007-жылкыда 3.8 тыйын деп. Биздин ТЭЦтеги энергиядан чыкканы 1 сом 26 тыйын. Ошону салыштырсак, жалпы электр станцияны алсак, чыгарган электр энергия менин эсебим боюнча 10 тыйындан ашпай атат. Бирок булар 21 тыйын деп беришти. Мен макул деп атам. Ал эми электр кубаты зым карагайлар аркылуу келет, ага да чыгым кетет. Айталы, бөлүштүрүүчү пункттарга беребиз, аларга да чыгым кетет. Аларды эки эсе көбөйтүп койсок бул 22-23 тыйын, бул туура эле чыгып атат. Анан жанагы кошулуп аткандар мурунтадан схема түзүп коюшкан элди кандайдыр бир алдаш үчүн.

“Азаттык”: Осмонбек мырза, дегеле ушул схемалар, тарифтер кантип калыптанат? Жөнөкөй сөз менен түшүндүрүп кетесизби?

Осмонбек Артыкбаев: Бул эң жөнөкөй эле экономика. Биринчиден, негизинен бул баа ар бир жылы өзгөрүп турат. Эмне үчүн өзгөрүп турат? Себеби бул жылга транспортко болгон акча кымбаттайт, же арзандайт. Көп нерселер ташылып келинет.

“Азаттык”: Бирок 8 тыйын менен 1 сом 40 тыйындын ортусундагы айырмачылык аябай чоң да?

Осмонбек Артыкбаев: Ташып келгенге акча керек, колдонуп аткан кабелдин акчасы кымбаттап, же арзандап кетти, же болбосо ошол жердеги трансформатордун баасы арзандап, же кымбаттап кетти. Бул тариф, баа деген нерсе, ар бир нерсени сезип, байкап, ошолордун үстүнө кабыл алып, камтып турат. Эсептелген нерсенин бардыгын чогултуп, кошуп келип, анан мындай баа деп чогултуп чыгарылат.

Экинчиден, жөн эле ГЭСти өзүнчө алып, мисалы, Токтогул ГЭСи дейин, анан ошого эсептеп чыкса, анда сөзсүз түрдө башкача тариф чыгат.

“Азаттык”: Орозбек мырза айтып жаткан эсептөөлөр жүйөлүү деп эсептейсизби, сиз макулсузбу?

Осмонбек Артыкбаев: Жок, мен сизге азыр башканы айтып жатам. 10, 20, 30 жыл мурун алган кредиттердин эсеби да ушулардын мойнунда турат. Ошолордун баарын эсептеп келип, ошолордон да кутулуш керек. Сөзсүз түрдө ошолордун баарын компьютерге камтыш керек.

“Азаттык”: Өздүк наркка жоготуулар да киргенби?

Осмонбек Артыкбаев: Жоготуулар да кирет бул жакка. Эгерде сиз, макул, энергетиканын баасы мынча экен деп алган кредитти эсепке албай койдуңуз, анан келип “менден эмне үчүн убагында акча алдыңыз эле, бербейсизби” дейт да.

“Азаттык”: Демек Орозбек мырза эсептеген сан, кредит, жоготууларды эске албай, камтылбай калганбы?
Эгерде 6-7 жыл мурун аракет кылганда бүгүн биз эч кимдин көзүн карабай электр энергияны кымбат сатканга мүмкүнчүлүк түзүлмөк.


Осмонбек Артыкбаев: Ошолордун баарын камтыбайт да. Бул деген изоляция кылып, таптаза кылып туруп эсептеп коет, ошону эсептеп атат. Бирок мен башка жагын айтат элем. Мисалы, азыр элге берген баа 1 сом 40 тыйын эмес да, 70 тыйын. Мен ушуну колдойм. Биз айтабыз, азыр элге тарифти 70 тыйындан жогору бербейбиз.

“Азаттык”: Демек, электр кубатына болгон баа кымбаттабайт, туурабы?

Осмонбек Артыкбаев: Кымбаттабайт. Калган акчасы кайдан компенсация болот деп сөзсүз айтылат да. Ошонун жолун таап бериш керекпи? Таап бериш керек. Ал үчүн ишкерлер үчүн 1 сом 50 тыйындан сатылат, бул НСП, НДСти кошуп эсептегенде. Эгер таза алганда 1 сом 32 тыйын. Экинчиден, айтып берейин, бул жерден 25 пайыз жоготуу деп эсептелип атат.

“Азаттык”: Сиз 31ден 25 пайызга түшүрдүм деп жатасыз?

Осмонбек Артыкбаев: Биз ошону дагы азайтып, 12 пайыздагы коммерциялык жоготуу бар да, 16-17 пайыз техникалык жоготуулар. Мына ошону биз азайтышыбыз керек.

“Азаттык”: Орозбек мырза, коммерциялык жоготуу деген эмне өзү, бул уурдообу?

Орозбек Дүйшеев: Уурдоо. Азыр биз сүйлөшүп отуруп мен түшүндүм. Өгүнү булар коллегияга чакырганда мен уктум эле, ошондо эле байкагам. Эсеп түзгөндөрдү тазалаш керек. Ошонун негизинде келет дагы чыгат. Электр энергияга болгон чыгымдарды гана көрсөтүш керек. Болбогон чыгымдарды көрсөтпөш керек! Болгон чыгымдар кайсы? Быйыл гидроэлектр станцияга суу бекер, айылык акы бар, анан жабдууларды оңдош керек, ошону кошуш керек. Анан алган кредиттер…

Осмонбек Артыкбаев: Суроо берейинчи сизге, ким кутулуш керек кредиттерден, ким бериш керек ошол акчаларды?

Орозбек Дүйшеев: Аны бир эле жылда кошуп койгон болбойт.



Осмонбек Артыкбаев: Пропорциялыкка кошулуш керекпи? Ошол пропорциялык кошулуп эсептелинип атпайбы.

Орозбек Дүйшеев: Азыр муну түшүндүрүп берейин сизге. Союз тараганга чейин мындай эле: электр энергиядан түшкөн байлыктын баары союзга кетип калчу. Бирок керектүү нерсени ошол жактан берчү. Айталы, биздин электр энергиянын кубаттуулугу 5 станция эле, ошол 5 ГЭС дайыма иштей турган нерселер, иштетилишинен амортизацияны чечиш керек, мынча пайыз деп. Мындай акча буларда бар. Мындай акчаны биз эсептеп чыкканбыз, жылына жарым миллиард сом. Ошонун эсебинен биз анализ кылсак, 1997-жылга чейин абдан эле жетишип аткан, баа болсо 40 тыйындан ашкан эмес. Ошондо баары жетип, 2000-жылы 1 млрд. 640 млн. сом таза киреше түшкөн.

Уурунун чөнтөгү тешик

“Азаттык”: Сизди түшүндүм, эми эмнеге ошол акчалар жетишпей калды деген суроо бергиңиз келип атабы?

Орозбек Дүйшеев: Мен түшүндүрүп берейин, эми ошону кетириш үчүн жанагыга окшогон жок жерден схеманы түзүшүп. Эми ошол схеманы азыр кантип тазалаш керек?

“Азаттык”: Сиз уурдоолорду жоготом деп келгенсиз да?
Милдетибиз – биздин элди электр энергия менен толук камсыз кылуу. Ошону 100 пайыз аткарып атабыз.


Осмонбек Артыкбаев: 94-95-жылдардан баштап уурдоолор аябай катуу жүргөн. Энерго системада, бардык жерден уурдалган, уурдай берген, энерго система, ошонун ичинде ГЭСтердин баары карызга бата берген. Уурдап ала берген, карыздын баарын ар кайсы жакка жазып эсептеп келген. Бирок ошол убакта эле булардын баары бир жерде калыш керек да. Ушул ГЭСтин, “Электрстанция” АОнун мойнуна илине берген. Ушул карыз ушул убакта ушунчалык жогорку деңгээлге жетип, сөзсүз түрдө чыккан электр энергиясынын ар бир киловатына кошулуп атат. Бирок “Электрстанция” АОну жаап коет. Мындан кутулуш керекпи? Кутулуш керек. Ошон үчүн ал сөзсүз түрдө азыркы уурдалып аткан схеманы токтотуш керек. Ошонун үстүндө биз азыр катуу иштеп атабыз. Менин эсебим менен 4-5 айдын ичинде 1 млрд. сомдун тегерегиндеги акчаны биз үнөмдөп калдык.

“Азаттык”: Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдө жоготуу 8 пайыздан ашпайт экен. Бул да аябай чоң сумма. Биздеги жоготуулар 31ден 25 пайызга түштү деп айтып атасыз. Электр кубатынын өздүк баасына жоготуулар да кирген болсо, менде керектөөчү катары суроо туулат, эмне үчүн ошол уурдоолорду мен төлөшүм керек?

Осмонбек Артыкбаев
Осмонбек Артыкбаев:
Бул өтө маанилүү, жакшы суроо. (Ойлонуп) Биз, биринчиден, 30дан 25ке чейин түшүрбөдүкпү. Эгер муну акчага айландырсак бул өтө чоң сумма болот. Мисалы, 1 млрд. киловатт саат электр энергияны үнөм кылсак, ошол 5 пайызга, аны акчага которуш керек, бул негизинен өтө чоң акча болот. Бирок бир секундда, бир мүнөттө чогултуп коюш кыйын да. 20 жылдан бери уурдап келатса, анан бир секундда бардыгын жок кылып коюш үчүн сыйкырчы болуш керек. Бирок айдан айга, күндөн күнгө ошолорду жое баштасаңыз бул туура жол, биз ошонун үстүнөн иш жүргүзүп атабыз.

Башында тарифтер 70 тыйынга арзандады, ошол боюнча 2 жарым млрд. сом акча дефицит болуп калды. Ошону биз кайра кыскартып, ошонун баарын кайрадан эспетеп, 1 жарым млдр. сомго түшүрдүк. Ошол 1 жарым млрд. сомду бюджет бериш керек. Азыр бюджет бир тыйын да берген жок. Биз өзүбүз уурдоолорду токтотуунун, үнөмдөгөн акчанын эсебинен маселелердин баарын чечип, кудайга шүгүр, ушул күнү, Орозбек Дүйшеевич сиз аябай жакшы көрөсүз, кышка даярдык аябай жакшы.

“Азаттык”: Осмонбек мырза, сиз уурдоо, жоготуулар менен күрөшүп жатабыз деп айттыңыз. Убагында азыркы бийликке келген оппозиция Бакиевдин үй-бүлөсү электр энергияны экспорттоп сатып, ошол акчалар алардын жеке эсептерине түшөт деп айткан эле. Ошол фактыларды жолуктура алдыңызбы? Канча акча, кайсы эсептерге түшүп жаткан экен?

Осмонбек Артыкбаев: Бул маселеге мен жооп бере албайм.

“Азаттык”: Билем, сиз Башкы прокуратура жооп берет дейсиз. Бирок баары бир энергетика министри катары коррупция менен күрөшүп жатам дегенден кийин сизде факт болуш керек да?

Осмонбек Артыкбаев: Биз жасап аткан ишибизди оңдошубуз керек. Азыркы убакта экспорт болуп атат да. Кудай берип быйыл суу көп.

“Азаттык”: Жанагы суроомо жооп берсеңиз?

Осмонбек Артыкбаев: Мисалы, кечээ Эсеп палата айтып чыкты, аны элдин баары укту. Камбар-Ата-2ни текшерип, курулушка кеткен акчалардын 25 млн. сом деп чыкты окшойт, ошону таптык деп чыкты, бул жыйынтык. Ошол жерде эле Башкы прокурор иштеп атат, Каржы полиция иштеп атат.

“Азаттык”: Демек уурдоолор болгону анык?
Бул – Кыргызстандын эң келечектүү тармагы, өндүрүшү. Эгер ушуну өздүк баасы менен берип койсок, анда бул ишкананы жоготобуз деген маанини берет.


Осмонбек Артыкбаев: Уурдоолор сөзсүз болгон. Ошон үчүн кейпибизге келишип отурабыз да. Биздин максат – мен министр катары мындан аркы уурдоого жол бербешибиз керек. Ошон үстүндө иш кылып атам. Экинчиден, бизде бүгүн да экспорт болуп атат, кудай шүгүр. Ушул күндө бир миллиарддан ашык электр энергияны Казакстан экспорт кылып алат.

“Азаттык”: Канча центтен?

Осмонбек Артыкбаев: 3.4, 3.1, 2.8 жана 2.5 центтен азыр экспорт болуп атат. Экспортту биз кандай кылып атабыз? Биринчиден, тендер өткөрүп атабыз. Экинчиден, түшкөн акчага азыр атайын эсеп ачып атабыз. Илгери ал акча кайда экенин билгизчү эмес. АО “Электрстанцияда” эсеп ачылып, ага түшкөн акчаны башкы директор да жумшаганга укугу жок. Муну комиссия карайт. Экинчиден, бул түшкөн акча сөзсүз түрдө отун камдоого гана кетет. Башка жакка кетпейт. Эки кадам менен коррупциялык экспортто болгон схеманы жаап, токтотуп койдук.

Акча бар, бирок абада

“Азаттык”: Орозбек мырза, азыр бир партия “биз электр кубатын элге өздүк наркы менен беребиз” деп чыгып атат. Алардын эсептөөлөрү боюнча бул 48-68 тыйындын ортосу экен. Ушул сөздөгө канчалык ишенсек болот?

Орозбек Дүйшеев: Бул – авантюра, туура эмес. Ошону айтып аткан киши өндүрүштү түшүнбөгөн адам болуш керек. Ар бир ишкана акырындан кеңешиш керек. Ошого байланыштуу атайын бөлүнгөн бөлүм болуш керек. Бул – Кыргызстандын эң келечектүү тармагы, өндүрүшү. Эгер ушуну өздүк баасы менен берип койсок, анда бул ишкананы жоготобуз деген маанини берет.

“Азаттык”: Сиздин оюңузча мурдагы оппозиция деле экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзбөй туруп, ошондой эле популисттик ураандарга чакырган деп ойлойсузбу?

Буга чейин энергетика тармагындагы коррупцияга каршы бир топ нааразылык акциялары чыккан.
Орозбек Дүйшеев:
Жок, андай болгон эмес. Себеби анализ кылып, президентке, бардыгына жеткиргенбиз. “Биздин энергетиканы сатканды токтоткула, бул туура эмес, элге каршы” деп айтканбыз. Бирок алар аны түшүнгөн жок. Анткени аларга акча керек. Мен бир эле санды айтып коеюн, 2007-жылкы отчетун алып, кенен изилдеп көрдүм эле, канча акча түшүп атат – мына ошону эсептеш керек. Мисалы, 2007-жылкы отчетуна караганда, 3 млрд. 70 миллион эле түшүптүр. Ал эми чыгарган электр энергия 13 млрд. - товардык продукция. Ошону менен 63 тыйынга көбөйтсөм, 9 млрд. сом болуш керек эле. 3 млрд. сом түшкөн, 6 миллиарды кайда?

“Азаттык”: Азыр туура эсептөөлөр жүрөт деп сизде суроо барбы? Мисалы, жоготууларды акчага айлантсак ал канча сом болот деген суроого конкреттүү жооп алган жокмун. Канча сом ошол?

Орозбек Дүйшеев: Канча акча түштү, баасы мында эмне үчүн түшкөн жок деп ошону эсептесек эле көрүнүп турат. Маселен миллиарддаган акча түшпөсө калганы кайда кетти? Булар татаал схеманын негизинде адаштырып, чөнтөктөрүнө кетип аткан.

“Азаттык”: Азыр ошол акчалар түшүп атабы?

Орозбек Дүйшеев: Толук түшө элек. Мен балдардын отчетун укканыма караганда толук түшпөй атат. Дагы эле эски кишилер отурат. Ал схеманы табыш татаал. Ошол татаал нерсени кантип жоготуш керек, суроо мына ушунда.



Осмонбек Артыкбаев: Биздин алдыбыздагы максат, биздин милдет – уурдоолорду толук жеңип чыгуу. Биз азыр ошонун башында гана отурабыз. Мисалы, биздин энерго система тазаланып, агарып кетти деген туура эмес сөз. Ошол жерде эски схема менен иштеген адамдар отурат. Алар аркасынан жаны кожоюндарды таап алган, жаңы “аталарды” таап алышкан. Азыркылар акырындан кирип, мурунку уурдагандарга бөгөп коет, алар катуу күрөшүп атышат.

Орозбек Дүйшеев: Абдан мүмкүнчүлүк бар, азыр жеп-ичкен кадрларды тазалаш керек.

“Азаттык”: Сиз тазалап атасызбы, канча адам жаңыланды?

Осмонбек Артыкбаев: Негизинен бардык адамдарды конкурс менен алабыз. Менин айланамдагылардын бары жаңыланды. Ширшовдун, Максимдин адамдарынын баарын кетирдик. Бирок кээ бир жерлерде калып атат, аларды коргоп аткан биздин кээ бир адамдар бар.

Тезек доору артта калдыбы?

“Азаттык”: Кээ бир серепчилердин айтымында, энергетика тармагында Казакстанга байланышкан атайын мафия бар деген пикир бар. “Бул мафияны башкарган энергобарондор Кыргызстандын энергетика тармагынын өнүгүшүнө кызыкдар эмес. Ошондуктан атайын тоскоолдуктар жасалып келет. Мындай топтор азыр да өкмөттүн эң жогорку тепкичтериндеги кызмат адамдары аркылуу министирликтин ишине кийлигишүүдө” дешет алардын айрымдары. Сиз кандай ойдосуз?
Электр энергияга болгон чыгымдарды гана көрсөтүш керек. Болбогон чыгымдарды көрсөтпөш керек!


Осмонбек Артыкбаев: Негизинен менин ишиме кийлигишкен көп нерселерди сезип атам. Бирөөлөрдүн кызыкчылыгын колддоп мага айтып атышат. Мен бардыгына айтып атам, “кечирип коюңуздар, мага тазартуу маселе боюнча сыноо койдуңуздарбы” деп.

Орозбек Дүйшеев: Бүгүнкү күндө Кыргызстандын абалы абдан татаал. Кудай буйруп, шайлоо жакшы өтүп, жакшы жетекчилик келип калабы, мында биз жеңебиз, бул жигиттер күч менен иштейт. Бүгүнкү күндө булар толук күч менен иштей алган жок. Анткени тиги жакта айтып атат, “сен убактылуусуң, сенин акаңды таанытып коем” деп коркутуп, жанында жүргөн мурунку жеп-ичкендер да “биздин кишилер келатат, шашпагыла деп айтып атат.

“Азаттык”: Ушул эң негизги аргумент, сиз өзүңүз ушундай иштерди баштадым, макул, сизге ишеним арттык, бирок парламенттен кийин сиздин тагдырыңыз эмне болот? Эң башкысы, сиз баштаган реформа эмне менен аяктайт?

Осмонбек Артыкбаев: “Парламенттен кийин акыбалым тигинтип калат, минтип калат, ошон үчүн тигиге, буга мамиле кылайын, кокусунан булар кызматка келсе, бүгүн алардын жолун бууп койсо мага кыйын болот” деп саясат жүргүсөк, анда менин ишим башкача болмок. Биринчиден, мен кудайга ишенем, экинчиден, мен элимди ушунчалык сүйөм.

Мурдагы аткаминерлер Игорь Чудинов жана Сапарбек Балкыбеков.
“Азаттык”:
Аткаминерлер министрликтин ишине кийлигишпеси үчүн мыйзам чегинде кантип бөгөт койсо болот?

Осмонбек Артыкбаев: Азыр президент жакшы Указ чыгарды, ошонун негизинде өкмөттүн токтому чыкты. Азыр көзөмөлдөө кеңешин түзүп атабыз. Ошого бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, маалымат каражаттары, адистер кирет, түзүлүп бүтүп калды. Азыр негиздеринин баарын кабыл алдык. Эми талапкерлер гана калды.

“Азаттык”: Осмонбек мырза, сизге «Азаттыктын» Facebook баракчасында бир суроо узатылган. “Бүгүнкү күндө ГЭСтерибизде суунун көлөмү аябай эле көп, мындай айтканда жарыкты өчүрүүгө негиз жок. Дегеле ГЭСтерибизден өндүрүлгөн электр энергиясы экспорттон сырткары жалпы Кыргызстанга жетеби? Сиздер үчүн өлкөнү энергия менен камсыз кылуу алдыңкы максатпы, же мурунтадан макулдашылган көп жылдык келишимден улам коңшу өлкөлөргө энергияны экспорттоо алгачкы жоопкерчиликпи?»
Ширшов жана Балкыбеков деген балакеттер бүт карыз алган нерселердин бардыгын кошуп, алардын пайыздарын абдан көбөйтүп, ошонун негизинде баарын кошуп койгон.


Осмонбек Артыкбаев: Бул аябай жакшы суроо. Биринчиден, биз ички талапты камсыз кылышыбыз керек. Ошол максатты биз аткарып атабыз. Мисалы, экспортко кетирип эле, өзүбүзгө бербейт деген ой жок. Милдетибиз – биздин элди электр энергия менен толук камсыз кылуу. Ошону 100 пайыз аткарып атабыз. Ошол эле убакта бизде быйыл экспорттук потенциал көтөрүлүп атпайбы, ашыкча электр энергия чыгарылып атат. Мисалы, быйыл 8 айдын эсебинде биз 25 пайыз электр энергияны көбүрөк өндүрүп атабыз. Бул жакшы нерсе.

Орозбек Дүйшеев: Маселен, биздин анализде бир жолу окуп чыктым эле, 90-жылдары чет элге саткан электр энергиянын эсебинен биздин акчабыз жалаң эле таза кирешеге кирип калган. Ал кезде бирок мындай болчу, биз Өзбекстанга 4 центтен, Казакстанга 3 центтен сатчубуз. Былтыр Кытайга 3.1 центтен саттык. Быйыл канчадан сатылып атканын билбейм.

Осмонбек Артыкбаев: Көбүнчө экспортту Казакстанга гана кетирип атабыз. Тилекке каршы убагында түштүктө Датка-Кеминди курууга байланыштуу биз экспорттук потенциалыбызды көлгө алып кетип калганбыз. Эгерде 6-7 жыл мурун аракет кылганда бүгүн биз эч кимдин көзүн карабай электр энергияны кымбат сатканга мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Ошондой мүмкүнчүлүк бизде азыр жок. Убагында Өзбекстан 4 центтен алып атса, азыр бүт ички системалардын баарын бириктирип, өзүнүн энергия системасын куруп алып, бизден электр энергия албай, өзүн өзү камсыз кылып калды. Ошого жараша биз ушул убакта бир центтен да Өзбекстанга сата албай атабыз.

Суу башы Кыргызстанга ким муктаж?

“Азаттык”: Көрөрмандарыбыздан келген дагы бир суроого көнүл бөлсөк. Эмне себептен быйыл Казакстан менен келишим аябай кеч түзүлдү? Ошонун кесепетинен эмне үчүн сууну жөн эле кое берип жиберүү болду, эмне үчүн Казакстанга электр кубаты абдан арзан сатылып атат?

Осмонбек Артыкбаев: Биринчиден, биз апрелдин экинчи жарымында келдик. Ушунча кызып, күйүп, жалындап турган убакта. Биздин биринчи максат – жамааттын баарын иштетип, стабилдүүлүктү кармап калыш керек болчу. Мен 13-апрелде келдим. 20-апрелде Казакстан менен биринчи сүйлөшүү болду. Ошол убакта биз ички келишимдер менен Алматыда жолугушуу өткөрдүк. Ошондон бери биз жолугушууларды тынбай өткөрүп келатабыз.

Кечээ Кыргызстанга министр Турганов келди. Эгерде биз Казакстан менен сүйлөшүп келише албай калсак, мүмкүн ушул күнү 500 млн. киловатт саат электр энергияны экспорттоп коебуз, калганын албайт болчу. Себеби Казакстанда ушул убакта толук өзүн өзү камсыз кылууга мүмкүнчүлүк бар. Биздин суранычтын, келишимде сйлөшкөндүн негизинде, президент Роза Исаковна Отунбаева Назарбаевге атайын кат жазып, “бизди ушул убакта кичине колдоп коюңуздар” деп, анан Назарбаевдин көрсөтмөсүнүн негизинде Казакстан өзүнүн ГЭСинин эки энерго блогун өчүрүп 500 меговаттан, биздин электр энергияны алгыла деп мажбурлады.

Орозбек Дүйшеев: Келечекте кымбатка чыгат булар. Анткени Казакстанда өзүнүн элине 4-5 центтен сатат, андан арзан жок. Анткени алардын өздүк баасы андан кем эмес, өздүк баадан төмөн сатпайт да.

“Азаттык”: Азыр Осмонбек мырза Казакстанда, Өзбекстан да биздин электр энергиябызга муктаж эмес деп атпайбы?

Орозбек Дүйшеев: Бул да биз менен жакшы сүйлөшүп, ынтымакка келиш керек. Маселен биз 2 центтен сатып атпайбызбы. Демек аларга өздөрүнө караганда электр энергия арзан түшүп атат, алар кызыкдар болуш керек. Ал үчүн бизде да кандайдыр бир байланыш болуш керек. “Биз кышында силерге суу бербей коебуз” деп коркутуш керек.

“Азаттык”: Сиз кошуласызбы?
Биздин энерго система тазаланып, агарып кетти деген туура эмес сөз. Ошол жерде эски схема менен иштеген адамдар отурат.


Осмонбек Артыкбаев: Бул жөнөкөй маселе эмес. Биринчиден, биз билишибиз керек, ошол эле Өзбекстан да, Казакстан да өз элин электр энергия менен жүз пайыз камсыз кылат. Экинчиден, булар өздөрүнө суу сактагычтарды куруп алды. Жайында өзүн суу менен камсыз кылуу маселесин да чечип алышты. 7-10 жылда бизди уурдаган адамдар чөнтөгүн толтуруп атканда, булар маселелерин чечип алышты. Мурун бизден көз каранды болчу. Тилекке каршы алар бизден 10 жыл алдыга кетип калды, биз артта калып калдык.

“Азаттык”: Дагы бир көрөрмандан суроо. “Сиз мындан ары электр кубатына баа 70 тыйындан кымбаттабайт деп айтып атасыз. Бирок коркунучтар бар, 2011-жылдын биринчи чейрегинде, же ушул жылдын аягында кымбаттайт экен. Дагы эле Бакиевдер убагындагы баага келип калса анда революциянын мааниси эмне эле? Ушунчалык бюджетте таңкыстык болуп атабы?” деген суроо узатылды.

Осмонбек Артыкбаев: Туура айтасыз. Мен бул жакка келгенде мени чакырган революционерлер “Осмон, элге бааны 70 тыйын деп койдуке, ушул тариф менен иштейсиң, уурулуктарды жоесуң. Бирок ошол эле убакта энергосистема толук кандуу элге кызмат кылыш керек” деп айтты. Мен ошону аткарып атам. Эми ушул сөздү мен аткарам. Ушул эле тариф менен мен элдин акыбалын оңдоп, башкарып, энергия бергенге мүмкүнчүлүк бар деп эсептейм.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG