Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

«Ыңгайсыз суроолор» сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы Кыргызстандагы гендер маселесине, аялдардын коомдогу жана саясаттагы ордуна, мигрант айымдардын абалына арналды.

Талкууга катышкандар:



Жогорку Кеңештин депутаты, юридика илимдеринин кандидаты Турдукан Жумабекова







“Ар намыс” партиясынын төрагасынын орун басары Бөдөш Мамырова







“Азаттык”:
Дүйнөдөгү бир топ мамлекеттердей эле 8-март Аялдардын эл аралык тилектештик күнү деп майрамдалды. Ушул күнгө байланыштуу “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы бул күндү аялдардын укугун коргоо күнү деп белгилеп, аялдардын укугун коргоого өкмөттүн, бийликтин жана коомчулуктун көңүлүн буруу маселесин көтөрдү. Буга эмне себеп деген ойдосуз, же Кыргызстанда гендер маселеси бир калыпта өнүкпөй жатабы?

Турдукан Жумабекова: Билесиздер, “Аялзат” программасы, аялдар маселеси боюнча улуттук программа, ошондой эле президенттин алдында түзүлгөн Улуттук кеңеш - биздин мыйзамдык базабыз жакшы эле. Бирок көп маселеде иштелбей келгендиги өкүндүрөт.

2008-жылы 7-октябрда саясаттагы аялдардын тең укуктуулугу жана тең салмактуулугу боюнча эл аралык жана мамлекеттик деңгээлде парламенттик угуу болду. Ал жерге жарандык жана коомдук уюмдар катышып, анда бир топ сунуштарды алып, алардын үстүнөн иштеп, биз “Аялдардын тең укуктуулугу жана тең мүмкүнчүлүгү” деген мыйзамды кабыл алууга ошого жетиштик.

Ошону менен бирге эле Үй-бүлөлүк кодекске, Жарандык кодекске, Кылмыш жаза кодексине, бир топ мыйзамдарга аялдардын маселеси каралган өзгөртүү, толуктоо киргизүүгө жетиштик.

“Азаттык”: Бөдөш айым, сиз көптөн бери коомдук, саясий турмушка аралашып жүрөсүз. Мамлекеттик башкарууда аялдардын саны көп болуш керек деген демилгечилердин да бирисиз. Мына ушунун натыйжасынан уламбы, парламентте отурган аялдардын саны 28ге жетти, министрлерибиз да бар. Бул Кыргызстандагы гендердик теңсиздикти жое алдыбы?
Биздин илгертеден калган салтыбызда айрым энелер өзүбүздүн кыздар-балдарыбызга туура эмес тарбия берет.


Бөдөш Мамырова: Кандайдыр бир деңгээлде саны жагынан гендердик маселе мурункуга караганда кичине жылды десек болот. Анткени бир мезгилдерде мыйзам чыгаруу органыбыз бийликтин бир бутагы болгон бир жактуу парламент болуп калган. Азыркы парламентте аялдардын аралашып отурушу - бул сан жагынан бир аз гендердик маселени чечти десек болот.

Бирок бир жерге 5-6 аялды киргизип коюп, же болбосо ошол эле мыйзам чыгаруу жыйынына 10-15 аялды киргизе коюу менен гендердик маселе Кыргызстанда толук чечилип калды дегенден алыс болушубуз керек. Ошол жерге барып алып эле санын көбөйтүп, 20 аял отурат дегенден алыс болушубуз керек. Анткени биз укуктук жагыбызды да карашыбыз керек. Ошол жаатынан алып караганда, Кыргызстанда аялдардын укугу, же болбосо аялдардын кызматка келүү жагын да, добуш чечүү жагына келгенде да гендердик маселебиз аксап турат.

Жогорку Кеңеште аялдардын отурганын эске албаганда көп мамлекеттик кызматтарда аялдардын саны аз. Эмне үчүн 13 министрликтин жарымын аял башкарбашы керек? Эмне үчүн 6 облустун эч болбосо жарымын аял башкарбаш керек?

Бизге гендер десе эле дүңүнөн айдап кирип, бир жерге аялдарды отургузуп коюу, же болбосо ошол жерде “мынча аял отурат” деп, ошолорду үнү чыкпай турган жерге алып барып киргизип коюу эмес. Биз сапат жагына да көңүл бурушубуз керек.

Мисалы, 2000-жылы Жогорку Кеңештин эки палаталуу парламентинде эки эле аял бир топ климатты өзгөртүп койчу. Мүмкүн менин маңдайымда отурган Жогорку Кеңештин депутаты капа болбостур, азыр ошол кездегиге караганда 2-3 эсе көп аял отурат, бирок мамлекеттик маанилүү мезгилде булардын үндөрү көп жерлерде чыкпай калып атат. Мисалы, ошол эле аялдар маселесин чечүүдө. Бул жагынан гендердик теңсиздик Кыргызстанда дагы эле өкүм сүрүп атат.

Кордук көргөн аялдар, кайдыгер коом

“Азаттык”: Турдукан айым, азыр аялдар арасында да, эркектер арасында да жумушсуздар көп. Ошондуктан укук коргоочулар да, жалпы эле коомдогу аялдар да Кыргызстанда социалдык инвентаризация жүргүзүш керек, социалдык жактан камкордукка муктаж болгон үй-бүлөгө, аялдарга өкмөт тарабынан камкордуктарды көрүү деңгээлин жогорулатуу керек деп айтып жатышат. Бул зарыл деген ойдосузбу?

Турдукан Жумабекова: Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы социалдык коргоо деген мыйзам 2003-жылы чыккан. Туура, мен кошулат элем. Чындыгында ал мыйзамдын бир топ беренелери иштебей келген. Ошон үчүн бул көйгөй Кыргызстанда бар болгондуктан, ошону аялдар сезип, биз келгенден бери ошол мыйзамдын үстүнөн иштеп жатабыз.
Тарыхта кыргыздар эч качан кыздарына, аялдарына төмөнкү жашоону түзүп, төмөнкү социалдык абалга туш кылган эмес.


Жакында эле Баткен, Жалал-Абад облустарынын өкүлдөрү Ош облусунда топтолуп, түштүк өрөөнүндө чоң парламенттик угуу, тегерек үстөлдөрдү өткөрүп келдик. Көлдө да, башка аймактарда да өттү. Канткенде жакшыртабыз, мыйзамдын иштебей жаткан себептери эмнеде деп, элдин, аялдардын өзүнүн оозунан угуп, ошолордон бир топ сунуштарды алып, ушунун үстүндө иштеп атабыз.

“Азаттык”: Жолугушуулар, талкуулар кандайдыр бир деңгээлде түрткү, таасир берип жатабы?

Турдукан Жумабекова: Албетте түрткү берип жатат. Элдин өзү ушуга макул болуп атат. Азыр ушул мыйзамга биз жер-жерлердеги өзүн өзү башкаруу, айыл жеринде ар бир айыл өкмөт укук коргоо органдарына атайын беренелерди киргизип атабыз. Ар бир үй-бүлө менен иштеш керек, аларды милдеттендирип атабыз. Жада калса ММКларды да милдеттендиргибиз келип жатат.

“Азаттык”: Үй-бүлөдө социалдык кордук көрсөтүү, зомбулук жөнүндө айтып калдыңыз. Маалымат боюнча Кыргызстанда жылына кризистик борборлорго кайрылган аялардын саны 7-8 миңге жетет экен. Ошондой эле тартип коргоо органдарына да кайрылат экен. Бирок эмнегедир тартип коргоо органдары тарабынан зордук көрсөткөн адамдардын жазаланганы белгисиз. Болбосо аялдардын өздөрү деле тартип коргоо органдарына кайрылбай жатат. Мына ушул абалды оңдош үчүн эмне кылыш керек деген ойдосуз?

Турдукан Жумабекова: Биздин илгертеден калган салтыбызда айрым энелер өзүбүздүн кыздар-балдарыбызга туура эмес тарбия берет. “Балам сен турмушка чыктың, таш түшкөн жеринде оор, кыйналсаң да милицияга барба, бизге чуркап келбе, турмуш деген ошондой болот, ачуусуна-таттуусуна чыдаш керек” деп айтышат. Мына ушундай көрүнүштү жоготуу үчүн биз аймактарга чыгып атабыз.

Аялдарыбыздын да, энелерибиздин да, эркектерибиздин да, аталарыбыздын да аң-сезимине таасир этүү, маалымат берүү жана алардын социалдык, укуктук жактан билимдерин жогорулатуу үчүн көмөк көрсөтүү жагын биз планга коюп, ички иштер органдарына бирдиктүү коргоо ордерлери менен аларга укук берип атабыз. Барып, коргоп, карап, текшерүүгө укук берилип атат. Кудай буйруса бул мыйзамды кабыл алсак жемиштүү иштей турган мыйзамды кабыл алып берет элек.



“Азаттык”: Бөдөш айым, парламенттик шайлоодо саясий партиялар талапкерлердин тизмесин түзүштү. Ар бир үчүнчү талапкер аял болсун деген тизме менен азыркы парламент түзүлдү. Ал эми укук коргоочулар парламенттик шайлоо боло турган болсо ар бир үчүнчү талапкер аял эмес, ар бир экинчи талапкер аял болсун деген маселени көтөрүп жатышат. Себеби Кыргызстандагы калктын жарымынан көбүн аялдар түзөт, эгер ар бир үчүнчү талапкер аял боло турган болсо, демек бул дискриминацияга жол берип жатат деп негиздешүүдө. Сиз мындай демилгелер жөндүү деген ойдосузбу?

Бөдөш Мамырова: Бул партиялардын ички саясаты. Эгерде ошол партиялык тизме түзүлүп атканда партияда болуп, ошол жерде өзүңдүн жөндөмүңдү, парламентте жасай турган ишиңди так, даана билип, же болбосо Кыргызстандын келечегин көтөрө ала турган дараметиң болуп калса, ошол эле партиянын демилгеси менен биринчи тизмеге деле, экинчиге деле кирип калышы мүмкүн.

Эми үчүнчү десе эле үчүнчүгө жазып, же болбосо экинчи десе эле экинчиге жазгандын өзү деле туура эмес. Анткени бул деле жөн жайынан чыккан жок. Бул - аялдардын көйгөйүн, коомдогу ордун, же аялдарды бийликке тартуунун бир айласы катары кирип атат.
Парламентке 20 аял алып келиш керек деп эле 20 аялды сүйрөп келип, тизме менен киргизип койгонду токтотуу керек.


Эгерде бардыгыбыз аялдардын жөндөмүн сезип туруп, өздөрүнүн дараметине жараша жол ачып кое турган болсок, мындай квотанын аялдарга кереги деле жок болчу. Анткени аялдар эркектерден кем калышпаган эле жөндөмгө ээ. Мен ойлойм, келечекте мындай нерсе аялдарга зарылчылыгы деле жок болуп калат. Менин жеке оюмда, квота менен аялдарды мажбурлап киргизүү жеке аброюма, беделиме шек келтирип атат. Анткени мен алсызмынбы, акылым жетишпейби, же менин жөндөмүм жокпу? Мен деле мырзалар сыяктуу өзүмдүн дараметимди, билимимди, акылымды кыргыз эли үчүн жумшай ала турган кыргыздын кызымын.

Парламент депутаттары Гүлжамал Султаналиева жана Галина Куликова
“Азаттык”:
Турдукан айым, эгерде парламентте ушул маселе көтөрүлүп кала турган болсо, тизменин башында, же ар бир экинчи талапкер аял болсун деген демилге көтөрүлүп калса парламент колдойбу?

Турдукан Жумабекова: Биз бул маселени көтөргөнбүз. 2008-жылы 7-октябрда бизде абдан чоң парламенттик угуу болгон, ушул маселени эркек депутаттарыбыз көтөрүп чыккан. Бул мырзалардын бири - Алишер Сабиров. Ал парламентте канча депутат болсо ошонун жарымы аялдар болсун деген сунушту киргизген. Аял маселесин мен колдойм.

Бөдөш Мамырова: Тизме түзүлөт дегендин оң да, терс да жактары бар. Акылы терең, билим деңгээли жогору аялдар сыртта калып атат. Биз муну жашырбай эле айтышыбыз керек. Элдин шары менен, “өң тайды көз кысты” болуп, парламенттин катарын толуктап, ушул убакытка чейин кандай жол менен келип калганын, кайсы жерде отурганын анча сезбеген деле айымдарыбыз бар. Социалдык-саясий проблемалардын өзөгүн түшүнгөн аялзатыбыз калып атпайбы.

“Азаттык”: Демек тизме түзүүдө тандоо критерийин өзгөртүү керек деген ойдосузбу?

Бөдөш Мамырова: Тандоо критерийди өзгөртүү керек. Мисалы, парламентке 20 аял алып келиш керек деп эле 20 аялды сүйрөп келип, тизме менен киргизип койгонду токтотуу керек.

“Азаттык”: Турдукан айым, Бөдөш айымдын бул пикирине айтаар жообуңуз кандай?

Турдукан Жумабекова: Мен эч кимдин аброюна шек келтиргим келбейт. Анткени кыргыз аялдары эзелтеден эле аял деген аты-затына жарашып келген. Эл тааныган, эл колдогон аялдардын келишин албетте колдойм.

Темир тор артындагы тагдырлар

“Азаттык”: Турдукан айым, КР Кылмыш жаза кодексинде кылмышкер деп сот тарабынан табылган аялдын баласы бар болсо, ал баласы 7 жашка чыга элек болсо, берилген жазаны өтөө мөөнөтү ал бала жети жашка чыкканга чейин артка жылдырылат деген жобо бар. Бирок эмнегедир азыр аялдар түрмөсүнө барсаңыз, ошол жерде төрөп, ошол жерде баласы менен жаза өтөп жаткан аялдар көп. Эмне үчүн бул мыйзам ишке ашпай жатат жана ата-энеси түрмөгө түшүп калган балдардын тагдыры менен эч кимдин иши болгон жок? Ушуну мыйзамдын чегинде өзгөртүү, мыйзамдын аткарылышына көмөк көрсөтүү аракетин депутат катары көрүп жатасызбы?

Турдукан Жумабекова: Көрүп жатабыз. Азыр биз бул мыйзамдардын бир топ беренелерине толуктоо киргизип атабыз. Көбүнчө аялдарыбыздын 70 пайызы аялдар түрмөсүндө үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегип, сиз айткандай балдары болгон болсо ал жерде отурган жок.

Бөдөш Мамырова: Өмүр бою күйөөсүнөн кордук көрүп жүрүп, анан кырсык болоор күнү да мас абалында келип, аялга кол көтөрүп атканда өзүн өзү коргойм деп бир нерсе менен уруп жиберип, же бычакты сайып жиберип, анан күйөөсүн өлтүрдү деп атка конуп түрмөгө түшкөндөр менен, билип туруп өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн акча таап, байуунун эсебинен баңгизатын сатып түшкөн аялдардын айырмасы асман менен жердей.
Гендер десе аял эркектин ортосундагы мамилени алып, аялынан зомбулук көргөн эркек, же күйөөсүнөн кордук көргөн аялдарды гана элестетебиз.


Ушундай мыйзам чегиндеги теңсиздиктер көп байкалат. Аялдар колониясына мындан 2-3 жыл мурун гуманитардык жардам менен барып калып, оор тагдырларга күбө болдум. Бир эже ушундай муңайым маанай менен отурду, жашы да келип калган экен. Жанына барып сурасам, ал тагдырын айтып берди. Өзү өмүр бою жетим чоңоюптур, эне-атасы жаш кезинде өлүп калыптыр, жеңеси кыстап күйөөгө берген экен, “жакшылык көрбөдүм, уруп-согуп, артымдан таянаарым болбосо ушундай кордукту көрүп жүрүп акыры кырсык болоор күнү, балдарыма тамак жасап очоктун боюнда отурган элем, дагы адатынча мас болуп келип, опурулуп башатаганда отурган отургуч менен бир чапсам эле, башына тийип өлүп калды, 12 жылды мойнума илип отурам” деди.

Мына, жакында эле Тахмина деген кыздын тагдырын уктук. Ушундай аялдардын тагдыры дагы деле мыйзам чегинде корголбой, бизде теңсиздик өкүм сүрүп атат.

“Азаттык”: Сиздер аялдарга үй-бүлөдө зордук-зомбулук көрсөтүү көрүнүштөрү абдан күч деп айттыңыздар. БУУнун гендер маселеси боюнча долбоорунун өкүлдөрү да Кыргызстанда ушул тапта тең укуктуулук дегээлин көтөрүү керек жана зордук зомбулукту азайтуу зарыл деп добулбас кагып жатат. Эл аралык уюмдун ушинтип тынчсыздануусуна негиз барбы?

Бөдөш Мамырова: Негиз бар. Анткени биз башка жакка кайрылбай эле Кыргызстандын ичин ала турган болсок, зордук-зомбулукка кабылган аялдар көп. Эми зордук-зомбулук десе эле сөзсүз эле күйөөсү уруп-сабаган деп бир жактуу түшүнбөш керек. Зордук-зомбулуктун түрлөрү көп. Ошол эле күйөөсүнүн туугандары тарабынан басынган аялдар бар, өзүнүн тууган-уруктары, жакындары тарабынан кысым көргөн аялдар бар.

Гендер десе аял эркектин ортосундагы мамилени алып, аялынан зомбулук көргөн эркек, же күйөөсүнөн кордук көргөн аялдарды гана элестетебиз. Бул жөнүндө бизде мыйзамдар деле бар. Турдукан мыйзам иштелип чыккан деп айтпадыбы. Бирок ошол мыйзам күчүнө кириш үчүн бул нерсеге далилдүү фактылар керек экен.

Ушунча жылдан бери каныбызга сиңип калган нерсеби, үйүнөн, жакындарынан, же кайнэнесинен, кайнсиңдилеринен, кайнинилеринен, же башкаларынан кордук көргөн аялдын далилдүү фактылар менен кайрылгандар аз экен. Ошол себептен зордук-зомбулук билинбестен өкүмүн сүрүп атат, мыйзам чегинде да ошол аялдарды коргой албай атабыз. Зордук-зомбулуктун дагы бир түрү - кыздарыбызды ала качуу. Бул зордук-зомбулуктун эң оор түрүнө кирет.



Канга синген менталитет

“Азаттык”: Азыркы кезде Кыргызстанда үй-бүлөдө, же коомдо аялдарды басынтуунун дагы бир формасы – диний уюмдарга мажбурлап киргизүү, атасы, же эркек бир туугандары динди катуу тута турган болсо үй-бүлө мүчөлөрүн кааласа-каалабаса да мажбурлап жоолук салдыруу, же колу-бутун көрсөтпөгөн кийимдерди кийгизүү көрүнүштөрү күч алып жатат. Андан тышкаары мектепти бүтүп-бүтө электе эле кудалап күйөөгө берүү, же мажбурлап күйөөгө берүү, ала качуу көрүнүштөрү көбөйүп жатат. Мына ушул абалды оңдош үчүн мыйзамдык кандай негиздер болуш керек?

Турдукан Жумабекова: Чындыгында азыр диний агымдар көбөйдү. Ошол агымдар мамлекеттин, өкмөттүн, жарандык уюмдардын, коомдун аракеттерине бирден бир тоскоолдук кылууда.
Азыр аялдар үйдүн куту эмес эле, сырттан ар кандай айла амалдары менен оокат таап келип, үй-бүлөсүн кармап, бала-бакыра бага турган күчкө айланып калдык.


Мен өзүм да автор болдум, биз 2008-жылы дин маселелери боюнча биринчи жолу ушундай мыйзам кабыл алдык. Мурда диний маселелерди иреттештирип, аларды көзөмөлгө алуучу бир да мыйзам кабыл алынбаган экен. Бул биринчи жолу болду. Ал бүгүнкү күндө мезгилдин да, учурдун да талабы болуп калды.

Азыр диний агымдарга ар кандай китепчелерди, алардын кассета, видео тасмаларын иретке келтирип, ошолорду кандай иретте такталгандыгы жөнүндө мыйзам кабыл алынды.

Биздин салт-санаабыз, үрп-адатыбызда да жаш кезинен турмуш куруп калуу бүгүнкү күндө сакталып отурат. Ошон үчүн бизде турмуш куруу жашын узартуу боюнча мыйзам кабыл алынды. Буга да жетиштик. Эми бир топ ушундай мыйзамдарды кабыл алып атабыз. Бул канга сиңип калган салтты бир эле мезгилде бат эле токтотуп коюу кыйын экен. Бирок мен ойлойм 3-4 жылда бул мыйзамдар иштейт.

Бөдөш эже айтып кеткендей, азыр укук коргоо органдарын милдеттендирген бир топ беренелерди коюп койдук. Бизге арыз келсин деп күтүп отурбай, Ички иштер министрлигинин жер-жердеги кызматкерлери алдын-алуу иши менен иштешет. Алардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүп, прокуратура тармагын да милдеттендирип койдук. Мен ойлойм бул мыйзамдар иштейт.

“Азаттык”:
Азыр колунда бар ишкер, же болбосо бийликте турган эркектердин бир топтору экиден, үчтөн аял алган көрүнүштөр да көбөйүп кетти. Эмнегедир буга парламент деле, бийликте деле, коомчулук деле, тартип коргоо органдары да көз жумду мамиле кылгандай. Бул да аялдарды басмырлоонун бир формасы эмеспи?

Турдукан Жумабекова: Туура, андай фактылар кулак менен эле угулуп калынат.

Бөдөш Мамырова: Өздөрү макул болуп “экинчи аял болом, мейли үчүнчү аял болом, иши кылып эле мени баксаң болду” дешет. Анан тийгенде да биздин кыз-келиндер акчасы бар олигархтарга тийип атпайбы. “Сен мени кийинтип, ичирип, материалдык жагымды түздөп берсең төртүнчү аял болгонго деле макулмун” деп өзү тийип атса эмне кылабыз?

“Азаттык”: Демек социалдык-экономикалык кырдаал ушуга түртүп жатат деген ойдосузбу?

Бөдөш Мамырова: Кыргызстандагы өткөөл кырдаал кыздарды, аялдарды ушуга түртүп атат. Турдукан “күтүп отурбастан өзүңөр демилге көрсөткүлө деп милицияларды мажбурлап атабыз” дебедиби. Мурун мыйзамда зордук-зомбулук көргөн аял өзү арыз жазып, өзү аягына чыгарат деп жазылган. Көп өнүккөн мамлекеттерде, айрыкча Европа мамлекеттеринде кылмыш болдубу, аялга кордук көргөздүбү - эч кимдин арызы жок, күбөлөрдүн көрсөтмөсү жок эле жеринде кылмыш ишин козгойт экен. Бизде болсо күбөлөрдү таап келип, же болбосо арызды аягына чейин чыгара издечү.

Суукка чыдаган, үй-бүлөсүн баккан аялдар

“Азаттык”: Гендердик маселе десе эле мамлекеттик башкарууга, же аялдарды парламентке тартуу маселеси ойго келет эмеспи. Бирок азыр коомдо “аял - үйдүн куту” деген аң-сезимди калыптандыруу зарыл деген маселелер айтылып жатат. Себеби азыр мигранттар арасында аялдар көп. Алардын арасында төрөй турган жаш кыз-келиндер көп, базарда отургандардын да арасында аялдар көп. Базарда отуруп, ден соолугун жоготуп, төрөп, демографиялык өсүштү калыптандырууга мүмкүнчүлүгү жетпей жатат. Мисалы, өткөн жылы эле Орусияда кыргызстандык таштанды балдардын саны 230тан ашып кеткен экен. Алардын арасында кыргыздын Энштейндери барбы деп кээде ойлойсуң. Мына ушул абалды жакшыртуу үчүн бийлик, өкмөт тарабынан кандай чараларды көрүү керек?
Өздөрү макул болуп “экинчи аял болом, мейли үчүнчү аял болом, иши кылып эле мени баксаң болду” дешет.


Турдукан Жумабекова: Албетте бул көйгөйлүү, мээнетти, көп күчтү талап кыла турган иш. Бул маселелерди комплекстүү чечишибиз керек, бир гана мамлекет колго алып бүтүп койчу маселе эмес. Ар бир мекеме, ар бир жаран, ар бир аял да аракет кылыш керек.

Бөдөш Мамырова: Бир сөз менен айтканда, бул мамлекеттик деңгээлде чечилчү маселе. Мамлекет өзүнүн коргоосуна алыш керек. “Дени сак аял, дени сак бала, дени сак коом” деген программа мамлекетте ар бир эненин көңүлүнүн борборунда туруш керек.

Бүгүн биз абдан оор абалда турабыз. Мисалы, тарыхта кыргыздар эч качан кыздарына, аялдарына төмөнкү жашоону түзүп, төмөнкү социалдык абалга туш кылган эмес. Көчмөн болуп жүргөн кезде да жигиттер өздөрү жөө басса да, аялга бешигин артына асып берип төө, атка мингизип бир конуштан бир конушка жеткирген. Биз ошол наркыбыздан кичине кетип баратабыз.

Азыр аялдар үйдүн куту, коломтонун отун өчүрбөй турган ырыс кешиктүү аял катары эмес эле, сырттан ар кандай айла амалдары менен оокат таап келип, үй-бүлөсүн кармап, бала-бакыра бага турган күчкө айланып калдык. Бийлик буга көзөмөл жүргүзбөсө биз келечегибизден бир топ уттуруп коебуз.

“Азаттык”: Президент Курманбек Бакиев 8-мартта аялдарды куттукташ үчүн өзүнүн резервдик фондунан 6 млн. сом бөлүп кызматкерлерин жер-жерлерге куттуктоого жиберди. Бул жалпы коомдогу аялдарга кандай таасир берди деген ойдосуздар?

Бөдөш Мамырова: Президенттин фондунан канча акча бөлүнүп атат, кимди куттуктап атат - менин аны менен ишим жок. Бир жылда бир болсо да оор жүктү моюндарына көтөрүп жаткан энелерибизди, эжелерибизди көңүл борборуна алып койгон бул жакшы көрүнүш.
Эмне үчүн 13 министрликтин жарымын аял башкарбашы керек? Эмне үчүн 6 облустун эч болбосо жарымын аял башкарбаш керек?


Турдукан Жумабекова: Мен аялдардын, элдин оозунан уктум, мурун иштеп бизде кызматта жүргөн ардагер энелерибизге материалдык жактан акчалай сыйлыктарды, жакшынакай белектерди тапшырышыптыр. Ушунчалык ыраазы болуп сөз кылып отурушат. Эл бийликке, бүгүнкү болуп аткан саясатка ыраазычылык билдирсе абдан кубанаарлык көрүнүш экен.

Бөдөш Мамырова: Негизи аялдарды дайыма эле куттуктап, дайыма эле көңүлгө алып турса болот. Бир эле жолу 8-мартта аткаминерлер чыгып алып эле өкмөт тарабынан түзүлгөн белекти көтөрүп, чуркап барып куттукташ эмес, аялдар дайыма көңүлдүн борборунда болуш керек.

Ушул жерден мен Ош базарында, Баткен базарында, “Дордойдо” отурган кыз-келиндерди куттуктайт элем. Ошол базарлар кайсы районго караса ошол райондордун акимдери басып келип, бир тал гүл болсо да ошол жерде үй-бүлөсүн багып аткан базарда отурган кыз-келиндерди куттуктап койсо ашыкча болбойт эле.

“Азаттык”: Психологдордун иликтөөсү боюнча 100 эркектин сексени 8-мартты төрт жылда бир майрамдаш үчүн 29-февралга которуш керек деген демилгени айтышат экен. Сиздердин үй-бүлөңүздөрдө күйөөңүздөрдөн, балдарыңыздардан адатта кандай белекетерди аласыздар?

Турдукан Жумабекова: Мени ушунчалык кубандырган баланын белеги өзгөчө болот экен.

Бөдөш Мамырова: Менин балдарымдын амандыгы, үй-бүлөмдүн тынччылыгы мен үчүн чоң белек.
XS
SM
MD
LG