Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:46

Миграция кыз-келиндердин жүзүнөн сылаган жок


Статистикалык маалымат боюнча бүгүнкү күнү үй-бүлөсүн таштап чет жерде утурумдук жумуштарда иштеп жүргөн мекендештердин саны 400 миңден ашуун. Эл аралык миграция уюму бул сан алда канча көп экенин айтып келет. Ал эми социологдордун иликтөөсү боюнча анын 60-70 пайызын аялдар түзөт.

Мээркан айымдын Москвада иштегенине 4-5 жылдын жүзү болгон. Көпчүлүк мекендештер сыяктуу эле ал да алгач жумуш, жашаганга жай издеп кыйналган. Убагында бир мекеменин полун жууп, короосун шыпырып бергени үчүн анын жер төлөсүндө жашаганга мүмкүнчүлүк алган.

Учурда Орусиянын жарындыгын, туруктуу жумушка ээ болгон Мээркан айым жакын арада Кыргызстанга келүү ою жок экенин айтат. Деген менен канчалаган кыз-келиндер узак убакыт бою оор жумуштарда аргасыз иштеп, ага карабай айлык акысы абдан аз экенин танбайт.

- Жумуш издеп келген кыз-келиндер арасында 12-18 сааттап иштегендер бар. Айрымдары ошончо убакыт бою тик туруп, болгондо да муздак сууга идиш жуушат, ошого да кайыл болуп иштешет. Бир келин дем алуусуз иштейт экен, бирок маянасы болгону 12 миң рубль экен. Ошондой эле жеңил ойлуулук менен үй-бүлөсүн бузуп, башкалар менен жүрүп кеткендер да жок эмес.

Эгемендик, экономикалык реформалар менен кошо келген миграция толкуну Кыргызстандын кыз-келиндеринин турмушунда, тагдырында чоң өзгөрүүнү пайда кылды. Кыз-келиндердин көптөрүн чыйралтып, балдарын бакканга, акча таап, материалдык жактан абалын оңдоого шарт түзгөн менен анын терс көрүнүштөрү ого эле көп.

Бала тарбиялоодон миграция оолактатып койду, бактылуу турмуштарына кол салды.


Социолог Топчугүл Шайдуллаева миграция кыз-келиндердин жан дүйнөсүнө кол салды деген пикирде:

- Миграция кыз-келиндердин жүзүнөн сылаган жок. Көптөрүнүн аялдык, энелик негизги вазийпаларын аткаруусуна миграция тоскоол болду. Канчалары балдарын таштап кеткенге мажбур болушту. Бала тарбиялоодон миграция оолактатып койду, бактылуу турмуштарына кол салды. Алар өздөрүнүн жаш курагында, төрөй турган курагында аткара турган функцияларын аткара албай калды. Миграция кыз-келиндер үчүн чоң көйгөй болду десек да болот. Эң бир өкүнөөрлүк жери - миграция кыз-келиндердин жан дүйнөсүн өзгөртүп салды, алардын жан дүйнөсүнө кол салды.


Ден соолуктан ажыраткан миграция

Сабира Москвада 5 жылдан бери иштейт. Ал чет жактарда иштеп жүргөн мекендештердин дээрлик бардыгы ооруп калган учурда дарыгерге кайрыла албай турганына токтолот. Анын айтымында, бул багытта атайын баракчасы жок мигранттарды жергиликтүү дарыгерлер кабыл алуудан баш тартышат. Ошол себептүү айрыкча кыз-келиндер арасында түрдүү ооруларга чалдыккандар арбын. Алар көп учурда колун сууга салып иштегендиктен бөйрөк, муун, жыныс ооруларына чалдыгышат.

- Идиш-аяк жуучу каражаттан улам аллергияга тушуккан кыз-келиндер көп. Алар үйгө келип алып колун майлап, ачышкандыктан үфүлөп үйлөп отурганын көрөсүң. Келип алып чындыгында үй-бүлөсүнөн ажырагандар арбын.

Миграция маселесин өз алдынча иликтеген Венера Акматова мамлекет чет жакка иштегени кеткен кыз-келиндердин укугу, ден соолугу туурасында унутта калтырды деген ойдо.

Жумуш издеп келген кыз-келиндер арасында 12-18 сааттап иштегендер бар.

- Чет өлкөдө иштеп жаткан аялдардын, башкача айтканда, биздин генофонддун ден соолугу чоң маселе болуп жатат. Алардын укугу, ден соолугу, жашоосу эмне болуп атат - мамлекет да аны унутта калтырды.

Эл аралык миграция уюмунун изилдөөсү боюнча чет жакта жүргөн эркектердин көбү курулуш, ал эми аялдар кызмат көрсөтүү тармагында иштешет. Кыз-келиндер арасында бала багып, бирөөнүн үйүн жыйнап, тигүүчү болуп ишегендер да арбын.

Бириккен Улуттар уюму акыркы жылдары Кыргызстанда балдардын төрөлүшү көбөйгөнүн, бирок төрөттөн каза тапкан энелердин саны өскөнүн айтып келет. Социологдор муну репродуктивдүү, төрөй турган убактагы кыз-келиндердин миграцияга кабылып жүрүшүнүн кесепети деп баалашууда.

"Азаттыктын" архивинен: 8-Март: Чехияда иштеген алатоолук айым

Малика Кыргызстандан Чехияга келгенине 5 жылдын жүзү болду. Ал Праганын “Эски шаар” бөлүгүндө белек-бечкек дүкөнүндө сатуучу болуп иштейт. Учурда анын үй-бүлөсү каржы кризисинин каатчылыгын сезип жатабы? (MiT)

8-Март: Чехияда иштеген алатоолук айым
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:12 0:00

XS
SM
MD
LG