Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:10

Өлкөдө үй-бүлөдөгү, анын ичинде аялдарга болгон зордук көрсөтүү маселеси дале болсо курч бойдон калууда. Ал тургай 2009-жылы үй-бүлөдөгү зомбулук 40% өстү. Бул тууралуу 5-мартта БУУ үйүндө өткөн “Аялдарга карата зомбулукту бирге токтотобуз” кампаниясынын башталганына байланыштуу уюштурулган конференция маалында айтылды.

Жашы эми араң жыйырмадан өткөн Мээримге жолдошу бир нече жолу кол көтөрүп, жаагын чаап, көзүн көгөрткөнгө чейин барган. Мээримдин айтымында, үй-бүлөдөгү уруш-талаш көбүнчө кызганычтын айынан келип чыгат. Кошуна-колоң, достору менен көбүрөөк сүйлөшүп калган күнү алардын үй-бүлөсүндө сөзсүз чыр чыга турган.

Күн алыс көзү көгөрүп, жакшы сөз укпаган Мээрим жаш баласы менен үйдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон:

- Кол көтөрүп, бетиме чаап жиберген учурлар болгон, бирок катуу жабыркаган учурум болгон эмес. Айылда күйөөм экөөбүз соттошконго чейин барганбыз. Менин Жолдошум өзү кызганчаак, ошонун айынан да көп урушчубуз. Бир жолу үйдө жолдошум экөөбүз калган элек. Достору келип, ичишкен болчу. Алар кеткенден кийин эле "сен тигилерге күлүп койдуң, сүйлөп койдуң" деп эле мени чаап жиберди. Көзүм шишип, көгөрүп кеткен. Бирок өзү да аны сезбей калды окшойт. Мас убагында да, эртеси да кечирим сураган. Бул кокустан болуп кетти окшойт деп ойлойм. Өзү урбаса керек эле.

Жолдошунан таяк жеп көзү-башы көгөрүп жүргөн бир гана Мээрим эмес. Бириккен Улуттар уюмунда бүгүн өткөн жыйында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук 2009-жылы 40% өскөндүгү белгиленди. Анда Эмгек, жумуштуулук жана миграция министри Айгүл Рыскулова ИИМдин ушул багыттагы статистикасын да келтирген. Анын айтымында, 2008-жылы үй-бүлөдө 1 миң 241 зомбулук катталса, 2009-жылы бул сан 2 миң 116ны түзгөн. Акыйкатчы институтунан алынган маалыматка караганда, 2010-жылдын 2 айында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук боюнча 14 арыз түшүптүр.

Кыргызстандагы “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын айтымында, аталган борборго кайрылгандардын жарымынан көбү үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандар.

- Бизге кайрылгандардын 60-70 пайызы үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылып, ошонун айынан жабыркагандар. Конкреттүү түрдө укугу бузулган аялдарга жардам бере турган уюмдар Кыргызстанда азыраак болуп жатат. Аялдарга көмөктөш болуп, аларга өз укугуңарды тебелетпегиле деп окутуп, үйрөтүш керек. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы мыйзам деле кабыл алынган, бирок ал жакшы иштебей жатат.

Мыйзам бар, бирок жаза алгандар жок

Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы мыйзам 2003-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, эң жогорку жаза - аялга зордук-зомбулук көрсөткөн эркек беш жылга эркинен ажыратылат. Бирок бир да эркек мындай жаза менен жоопко тартыла элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлжамал Султаналиева аялдар арыз берген чакта да укук коргоо органдары тарабынан бул маселе аягына чейин чыгарылбай жаткандыгын айтат.

- Чындыгында эле мунун жоопкерчилиги өтө аз жазылып калган. Ал эми укук коргоо органдарына жеткен учурда деле бул маселеде толук кандуу аягына жетпей, аягына чыкпай жатат. Аял менен эркектин укугу бирдей болгон менен мүмкүнчүлүгү бирдей болбой жатат деген суроо туулат. Бул үй-бүлө маселесинде зордук-зомбулуктун бар экенин далилдеп жатат.

"Сабады, бирок кечирем"

Мээрим сыяктуу үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка кабылган фактылары көбөйгөнү менен бул багытта атайын арыз берип укук коргоо органдарына кайрылгандар саналуу гана. Ички иштер министрлигинин өкүлү Бакытбек Сеитовдун айтымында, мындай учурлар көбүнчө ата-энелер, туугандар тарабынан эле чечилип келет.

- Урду, укугумду бузду, зордук-зомбулук болду деген атайын арыз менен өтө эле аз кыйрылышат. Шаар жеринде гана айрым учурда кайрылышпаса, бирок анда деле эртеси эки тарап тең келип арыздарын алып кетип калышат.

Ал арада Мээрим да жолдошунун уруп-соккондорун кечирип, кайрадан чогуу жашоону чечти. Бул анын биринчи жарашып жаткан учуру эмес.

- Күйөөм менен эмне болсо да жашаганга даярмын. Ал менден ушунча жаш улуу болсо да мен аны жакшы көрөм. Ошондуктан аны менен кайра жашаганга макул болдум...

Ошондой эле ал айыл жеринде үй-бүлөдө уруш-талаштар, көчөдө эки-экиден кубалышып жүргөн учурлар көп болоорун айтып, бирок эч бир аял күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазбаганын тастыктады.

"Азаттыктын" архивинен: Бакыт үчүн күрөш

Кыргызстанда жүргүзүлгөн соңку изилдөөлөргө караганда, кыздарды эркине каршы ала качуу учурлары көбөйүүдө. Анын курмандыктары келечекте жеке турмушун оңдоодо психологиялык кыйынчылыктарга туш болот. TD. 2009.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG