Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

Темир тор: үмүттүү караган көздөр


8-Март – Жаз майрамы. Адатта бардык айымдар бул күнү жакын адамдарынан белек алып, аны өзгөчө шаң менен майрамдашат. Бул майрамды Кыргызстандагы абакта отурган айымдар кантип белгилешет?

Бишкектен 8 км алыстыкта, Степное айылында эңилчек баскан дубалдары менен имарат жайгашкан. Бул - №2 аялдардын жаза өтөө колониясы. Аталган колонияда 259 аял кармалат. Алардын көпчүлүгү уурулук, баңги заттарды таркатуу жана колдонуу, көз боемочулук үчүн отурушат. Арасында адам өлтүрүп колго түшкөндөр да жок эмес.

Абакта 18 жаштан 80 жашка чейинки аялдар бар. 8-март майрамын абакта отурган айымдар кантип белгилеп, бул күндөн эмне күтүшөт деп кызыкканымда, темир тордун артында отурган аялдардын көбү маек куруудан баш тартышты. Алардын оор үшкүрүгү, жалт карап, кайра жер караган көздөрү эч кимди кайдыгер калтырбаса керек.
Белекке гүл алганды жакшы көрөм. Былтыр бизге аябай керектүү болгон самын, тиш паста жана башка нерселерди белек кылышкан.


Майрам күнү адатта айымдар гүл, же башка белек күткөнү менен, темир тордун артында отурган айымдардын каалоо-тилеги таптакыр башкача. Биз кепке тарткан Наргиза 18 жашта. Ал үчүн 8-март күнү ата-энесин көрүү – кыялындагы белек болмок:

- Ата-энемден белек күтөм. Өздөрүн эле көрсөм болду. Жигитимди талашып, кыздар менен мушташа кеткем. Жыйынтыгында бир кыздын башын таш менен жарып, бул жерде отурам. Ал кыз ооруканада жатат, мен бул жердемин. Отурганыма төрт айдын жүзү болду. Дагы 3 жыл отурам.

Абакта кармалган сулуулук

Жыл сайын аялдардын абагында 8-мартка карата ар кандай сынактар да өтүп турат. Мисалы, өткөн жылы Гүлмира Кулматова “2009-жылдын сулуусу” деп табылган. Темир тордун артында да аялзатына тийешелүү сапаттарды унутпаган Гүлмира сынакта өзгөчө кийим үчүн жеңишке жеткен:

- Бул сынакта бий, ырга болгон шыктуулук жана өз колубуз менен жасаган эмгектер бааланды. Мен 64 гезиттен көйнөк тиккем. Ар кандай жасалгалары жана баш кийими менен кошо курагам. Биринчи орунду алганым үчүн телевизор жана диплом менен сыйландым.

Түрмөнүн ичинде кийим тигүүчү цех бар. Кол чеберчилик абакканада отуруп акча табуунун жалгыз гана жолу. Бул жерде аялдар заказ менен кийим, мүшөк тигип, курак курашат. Бул тууралуу №2 жаза өтөө абагынын тигүү цехинин жетекчиси Талант Бокушев айтты:

- Ушул тапта №2 жаза өтөө абагындагы тигүү цехинде 110 аял иштейт. Алар 3 топко бөлүнүп иштешет. Эгерде заказдар көп болсо, эртең мененки саат 6га чейин да иштеген күндөр болот. Ар бир топто 30га жакын аял болот. Жумушка өздөрүнүн каалосу менен кирип, ишке алаардан мурда жөндөмдүүлүгүнө көңүл бурабыз. Ал эми жаш өзгөчөлүк бул жерде олуттуу деле ролду ойнобойт. Мисалы, пенсия курагындагыларды да кабыл ала беребиз. Көбүнчө мамлекеттик заказдарды кабыл алып, ар бир топ күнүнө 30-40ка жакын кийим тигет.

Биз кепке тарткан 24 жаштагы Миргүл Исмаил кызы цехте эки жылдан бери эмгектенет. Буга чейин кол өнөрчүлүгү тууралуу такыр түшүнүгү болбогон Миргүл, минтип тагдырдын буйругу менен цехте иштеп калды. Ал көпчүлүк айымдардай эле майрам күнү жыттуу гүлдү белекке алууну каалайт:
Ата-энемден белек күтөм. Өздөрүн эле көрсөм болду.


- Белекке гүл алганды жакшы көрөм. Былтыр бизге аябай керектүү болгон самын, тиш паста жана башка нерселерди белек кылышкан. Бизде ичимдик жок. Чай менен бири-бирибизге каалоо-тилектерди айтып, дасторкон үстүндө бирге отуруп гана көнүл ачабыз. Өзүм бул жерге бир тууган жездемди өлтүргөнүм үчүн камалып отурам. Буга чейин жездемдердин үйүндө жашачумун. Чынын айтсам, жездем ичип, күнүгө үйдө тынчтык жок эле. Балдар, кыздарын сабап, эжемди курулай эле тепкилей берчү. Аягында чыдабай кеттим окшойт. Кырсык деген каш кабактын ортосунда экен, ушундай болуп калды.

Бирөө үчүн – атыр, башкасы үчүн – мунапыс

18 жылга эркинен ажыратылган Айнура абакта беш жылдан бери отурат. 8-мартты ал да чыдамсыздык менен күтүп, бул майрамда эң чоң белек – мунапыс болгонун жашырган жок:

- 8-Мартта белек күткөнүм - мунапыс. Президент Курманбек Бакиевден ушуну сурайт элем. Эңсегеним эле боштондук. Чыгып алсам эле бардык ой-кыялым орундалган болот эле.

Биз менен маектешкен көпчүлүк аялдар, эркиндикте балдары калганын айтышып, алардын тагдырына тынчсызданып жатышкандыгын белгилешти. Көпчүлүк укук коргоо уюмдарынын баамында түрмөдөн чыккан адамга коомчулук терс мамиле жасап, аларды өз катарына кошпогондуктан, мурда соттолгондордун көбү айланып келип эле кайра түрмөгө түшүшөт.

Абактын темир эшиктери ачылып жатканда, айланага дагы бир ирээт көз чаптырып, бардык жагынан тор менен курчалган короону, ар кандай иш менен алек болуп жүргөн аялдарды көрүп, 8-март күнү алар куттуктоо сөздөрүн угуп, жылуу каалоо-тилектерге күбө болоор бекен деген ойлордун кучагында жолго чыктым.

"Азаттыктын" архивинен: “Торго торолгон турмуш”

“Торго торолгон турмуш”
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:39 0:00
XS
SM
MD
LG