Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:00

Жапан өкмөтүнүн айрым долбоорлорун эсепке албаганда, күнчыгыш ишкерлеринин ири капиталы Кыргызстанга келе элек. Тикелей инвестиция тартуу, эки өлкө ортосундагы экономикалык алака-катышты жакшыртуунун жолдору Бишкектеги кыргыз-жапан ишкерлеринин алгачкы жыйынында талкууланды.

Дүйнөдөгү өнүккөн өлкө ишкерлерине Борбор Азиянын чок ортосундагы, деңиз жолунан ыраак республиканын көңүл борборунан четте калышынын толгон-токой себеп-жөнү бар экендиги Бишкектеги жыйында көп айтылды. Жапан экономика, соода, индустрия министрлигинин бөлүм башчысы Нориаки Кодзима Алатоодон өлкөсүнө барчу товарлардын көлөмү аздыгынан ал экономикалык алыш-бериштин эсебине деле кирбей кала тургандыгын маалымдады.

- Кыргызстанга келчү жапан товарларынын жарымына жакынын автомобиль түзөт. Кыргызстандан Жапанияга ташылган товарлардын биртобун түстүү металл , калганы аркыл чийки заттар. Ошентип, өз ара кызматташуу эки тарап үчүн тең пайдалуу. Кыргызстандын Жапанияга экспорту өтөле аз бойдон калууда.

Жапан өкмөтүнүн эларалык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хидзаки Маруяма бул жерде алыстан келчү ишкерлерди кызыктыра турган тармактардын катарына айыл чарбасы, тоокен өнөржайы, туризм, ошондой эле бийик технология тармактары кошуларын белгиледи.

- Азырынча чөлкөмдө инвестиция тартуу жана ошондой эле долбоорлорду ишке киргизүү аракеттери көрүлүүдө. Мындан тышкары ички фактор да бар. Мына ошого өзгөчө көңүл буруу зарыл. JICA колдоо көрсөтүп жаткан кыймылдардын бири “Бир айыл – бир продукт” демилгеси болууда. Кеп бул жерде жергиликтүү продукттун глобалдык деңгээлге көтөрүлүшү жайында баратат.

Өткөн жылы Кыргызстанда тышкы соода көлөмү 6 миллиардга бираз жете бербеген долларга чыгып, өлкө чоң базар, соода-сатык борборуна айланды. Соода, кызмат көрсөтүү ички дүң продуктта 40% жакындап, көлөмү жагынан ал айыл чарбасына теңдешип калды. Анан да өкмөттүн мактанычына айланган дагы бир көрсөткүч тикелей инвестициянын өткөн жылы 580 миллион долларга жеткени кыргыз-жапан ишкерлер жыйынында айтылды. Кыргызстандын экономикалык өнүгүү, соода министринин орунбасары Данияр Муканбетов Жапаниядан ири компаниялардын өкүлдөрү, 35 ишкер келгенин маалымдап, максат Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгүн көрүп кетүү экенин билдирди.

- Маселе азыркы экономикалык абал, андан кантип чыгыш керек? Чыгыш үчүн эмнелерди жасаш керек? Кайсы тармактар абалдан чыгышка өбөлгө болот? Анын ичинен биз IT технологиясы, банк системасы деп ойлоп жатабыз. Ошондой эле орто жана чакан бизнести өнүктүрүү тармактарын көрүп жатабыз.

Кыргызстандын Жапаниядагы мурдагы элчиси Аскар Кутановдун айтуусунда, өлкө жапан ишкерлерин кызыктырган табигый ресурстарга чукак, жапандар менен заманбап технология боюнча кызматташуунун келечеги чоң.

- Ага убакыт, анан да кадрларын даярдаш керек. Ошон үчүн жапандар менен иштешүү абзел. Ал жерге окуганга жаштарды жибериш зарыл. Ишканаларга тажрыйба алып келиш үчүн жөнөтүү керек.

Дүйнөнүн лөк өлкөлөрүн туташ каптаган экономикалык кризистин оорчулугу ушу тапта Жапан өлкөсүн да каптап, төгөрөктүн төрт бурчуна күргүштөтүп сатып турчу товарларынын кыйласы өтпөй, кысталыш абалда турат. Антсе да жапан ишкерлеринин чоң тобунун Кыргызстандын экономикалык жагдайы менен таанышуу, инвестициялык мүмкүнчүлүгү кандайлыгын көрүп-билип кетиш үчүн алыстан ат арытып келишинин өзү көп нерседен кабар берип турат. «Бир көргөн - билиш, эки көргөн – тааныш» демекчи, мындай карым-катыш дагы улантылып кетиши деле ажеп эмес.
XS
SM
MD
LG