Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:59

Коңшулаш Казакстан менен Өзбекстан жылына жүздөгөн Голливуд тасмаларын өз тилдерине которуп, көрөрмандарга сунуш кылып келет. Ал эми биздин Кыргызстанда чет элдик тасмаларды которуу чоң көйгөй.

Голливуд тасмаларын кыргызстандык көрөрмандар да кызыгуу менен көрүшөт. Тасмадагы айрым сүйлөмдөр күнүмдүк жашоодо колдонулуп, акыры алар жергиликтүү тил менен жуурулушуп кетет. Ушундан улам мындай көрүнүш кыргыз тилине залакасын канчалык деңгээлде тийгизет? Мамлекеттик тил идеологиясы кайсы багытта болуп жатат? Эмне үчүн көптөгөн чет өлкөлүк тасмалар кыргызчага которулбайт?

Кептин баары каражаттабы?

Чет элдик тасмаларды кыргыз тилине которгон кыргызстандык адистер бул ишке жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай жатканын, каражат жетишсиздигин айтышат. Журналист Жаныбек Жанызак чет элдик тасмаларды которууга акча бөлүнбөшү керектигин айтат:

- Мен баарына какшап жүрөм, тасмаларды которууга мамлекет тарабынан акча бөлүнбөш керек. Себеби баары бир жакшы которулбайт, бүт кинолорду адабий тилге салышат. Ким көрсүн? Кызыксыз да. Же өнүгүү байкалбайт, жөн эле акча жеп отурушат. Азыр кимде компьютер болсо эле студия болуп жатпайбы. Эгер бизде каалагандар которуп, менеджер табып, өз товарын жарыяласа анда бул тармак кыйла жылмак. Анын артынан атаандаштык жаралып, кардарларда тандоо пайда мүмкүнчүлүгү болмок.

Бир топ жылдан бери тасма, мультфильмдерди кыргызча которуу менен алек болгон, “Дөөлөт” котормо студиясынын жетекчиси Орозбек Мусакеев каражат маселесине мындайча токтолду:

- Биз мамлекеттин камсыздоосундабыз. Бизге каражат бөлүнүшү керек. Азыр котормо студиясынын курамында үч эле адам иштейт. Мисалы, “Чыңгызхан” тасмасына которгонго уруксат алган соң аны которууга өзүнчө чакан топ киришти. Бул кинонун отуз бөлүмүн которуу үчүн жыйырма миң сом каражат бөлүндү. Бул кыйраткан деле акча эмес да. Ар бир кишиге 700-800 сомдон тийди. Бул студияда адамдар өз каалоосу менен гана иштеп жатышат. Ушунча тасманы которуу чоң мээнет.


Жоопкерчилик жүгү

Жыргалбек Ажиматов

Деген менен базарларда сатылып жаткан дисктерди үйүндө эле отуруп алып кыргыз тилине которуп, окуп койгондор да бар. Мисалы, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Жыргалбек Ажиматов Голливуд тасмаларын өз күчү менен эле которуп, элге таратат.

- Мен кинолордун түп нускасын алдыртып которомун. Студенттик кезде биз жалаң эле орус жана өзбек тилинде көрчүбүз. "Эмнеге кыргызча тасмалар жок" деп капа болуп, анан ушундай идея жаралган. Азыр отузга жакын тасма жана мультфильмди котордум. Колумдан келишинче жалпак тилге салып, өзүмдүн үнүм менен эле окуп коем. Эл абдан жакшы кабыл алат. Бул акча табуунун жолу боло албайт, себеби бир тасманы үч күн которуп, сатсаң, ал бат эле башка дисктерге көчүрүлүп, таркалып кетет. Пайда көрүү мүмкүнчүлүгү такыр жок, хоббим деп айтсам болот.

Жыргалбектин дисктерин Бишкекте да тапса болот, болгон баасы 40-50 сом. Ким аны көчүрүп көбөйтүп, акча таап жатканы белгисиз. Бул көмүскөдөгү каракчалык бизнести эч ким көзөмөлдөбөйт.

Уруксат болуш керек

Мамлекеттик тил комиссиясынын котормо бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдокановго “азыр ар ким каалагандай эле которуп жатса, кантип көзөмөлдөйсүңөр?” деген суроо узаттык.

- Эми азыр базарга жол ачылбадыбы. Азыр ар бир гезиттин, кинонун көркөм топтун редакторлору бар. Алар көзөмөлдөшөт. Ал эми кинолорду көзөмөлдөө кыйын, алардын авторлорун табыш керек да.


Автордук укук маселесинин олуттуулугун каракчылыктын өсүшү менен бааласа болот. Бирок, мисалы, “Аватар” тасмасын которуу үчүн анын режиссеру Жеймс Камэрондон уруксат алыш керекпи? Кыргызпатенттин инспектордук бөлүмдүн башчысы Аскар Нажимудинов буларды айтат:

- Чоң студия которобу же болбосо жеке тараппы, сөзсүз автордон же укуктуу ээсинен уруксат алыш керек. Мисалы, Казакстанда Голливуддун өкүлчүлүгү бар, алар менен интернет аркылуу байланышып уруксат алса болот. Алар деле миллиондогон доллар сурабайт.

"Азаттыктын" архивинен: Голливуд тасмалары кыргыз тилинде сүйлөйт

"Азаттык+" жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы "Кыргыз керемети: Кечээ, бүгүн, эртең" деген темада болду. Анда кыргыз киносунун азыркы абалы кеңири талкууга алынды. ZMa, JA, MiT.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG