Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:26

Кыргыз эли башка элдерден өзүнүн салты менен айырмаланып турат. Ошолордун бири – той, мааракелерге себет алып баруу.

Илгертеден келаткан бул салт негизинен үйлөнүү, бешик тойлордо колдонулат. Майда чыбыктардан токулуп жасалган атайын табакчага нан, боорсок салып, жер-жемиш менен кооздолуп себет жасалат. Ал той ээлерине тапшырылат. Бирок оор экономикалык абалдан улам акыркы учурларда тойго алып баруучу себеттер кымбатка түшүп, капчыкты кагып жатканы байкалууда.

Ош шаарынын тургуну Айсулуу Жакыпова себетке атайын жер-жемиш сатып алды. Ал себетке жалпысынан 1000 сомго жакын каражат жумшады. Калганына үйдөн нан, боорсок салып кооздоп, даяр болгон себетти алып кайын энеси экөө үлпөт тойго барышы керек.

- Азыр биз кайын энем экөөбүз себет жасап, кайын агамдын уулунун үйлөнүү тоюна баратабыз. Эми салт болгон үчүн себет жасап барабыз.

“Азаттык”: Себетти жасоо үчүн эмнелерди сатып алдыңыз?
Келгенде эле биринчи адамды карабайт, “кандай себет менен келди экен” деп колуңду карашат.


- Себетти жасоо үчүн 12 нан алдык. Анан үйдөн нандын бетине каттама, боорсок салабыз. Андан сырткары 12 түр канттын түрүн, 12 түр шириндик, жер жаңгак, жаңгак, мейиз, писта сатып алдык.

“Азаттык”: Ошонун баарын сатып алууда бир себетке канча акча жумшадыңыз?

- Себетти жасоо үчүн 700-800 сом кетти. Бирок биз дагы кийит, материалдарды кошо элекпиз. Эгер аларды кошсоң 3-4 миң сомго чеийн жетет.

“Азаттык”: Анда тойлор тез-тез болгондо кыйынчылык туулабы?

- Кыйын болуп калат. Тойго барганда андан сырткары топтомой, жетелемей деген нерселери да бар. Тапкан акчанын баары эле ушуга кетип калат. Бирок айла жок да. Эл “тапканың тойго буйрусун” деп коет го, ошондой болуп калат да.

Милдетке айланган себет

Айсулуу белгилегендей, тойлорго себет алып баруу салты айрыкча элет жерлеринде кенен жайылып, сөзсүз түрдө себет алып келүүсү милдет катары калыптанып калган. Негизинен себеттер үйлөнүү жана бешик тойлорунда көбүрөк колдонулат. Бирок акыркы маалда бул салт бир аз өзгөрүүлөргө учурап, тойлордо берилчү себеттин саны көбөйүп кеткендигин адистер эскертишүүдө. Филолог Зыйнат Раимбердиева:
Айрым аймактарда үйлөнүү тоюна себет алып келүү шартка айланган.

- Бир нече маселелерде себет жасалат. Эң негизгиси куда болуп, кыз ала турган тарап, куданын алдына себет жасап барат. “Тогуз табак” деп коюшкан, азыр эми “тогуз себет” деп аталат. Экинчиден, кыз балалуу болгондо, бешик тойго кыздын ата-энеси бешик менен кошо бир нече себет жасап барат. Анын биринде оюнчуктар болот, экинчисинде момпосуй болот. Мурун 1-2 себет алып барган болсо, азыр 10го жакын себет алып барышы шарт болуп калыптыр.

Тойлордо берилчү себеттин саны эле эмес, анын баасына да маани берилет. Көпчүлүгү себет даярдоодо кымбат жер-жемиш, шириндиктерди сатып алууга аракет кылышат. Себетте кошуп берилчү кийим-кечектин кымбаттыгы да тойго келген кишинин кадыр-баркын билдирип турат. “Кээде себет арзан жасалып калса, алуучу тараптын нааразылыгын жаратат” дейт Зыйнат Раимбердиева:

- Көбүнчө себетти жасоодо күйөө тараптын чеберчилиги чоң маниге ээ. Ар бир себеттин үстүнө материал коюлат да, ошол материалдын баасына, сапатына карап ошол күйөө болуп келген тараптын социалдык абалы аныкталат. Кээде тойлордо түшүнбөстүктөр да болуп, “себетиңди андай жасап коюпсуң, мындай жасап коюпсуң” деп нааразы болгон учурлар да кездешет.

Тыюу салынды, бирок эч ким уккан жок

Кээ бир тойлордо маараке өткөрүүчүлөр келгендерге кайра себет менен жооп беришет. Үйлөнүү тойлордо жигит тарап алып келген себет куда тарапка жөн эле өткөрүлүп берилсе, кыз тарап алып чыккан себеттерди күйөө балдар сатып алышы шарт болуп калган.

Жеңелер менен күйөө балдар ортосунда кызуу талаш жүрүп, коюлган себеттердин бирин күйөө жандардын арасынан сатып алат. Калган себеттерди күйөө баланын ата-энеси жана туугандарынан кардар түшөт. Көп жерлерде себеттер жасалгасына ылайык бааланса, кээде наркынан кымбатка бааланат.
Себетт 1000 сомдон 3-4 миң сомго чейин бааланат.

Мааракелерде себет берүү салты жалпы түрк элдеринде илгертеден колдонулуп келет. Союз учурунда бул ысырапкорчулук катары бааланып, тойлорго себет алып барууга тыюу салынып, эгемендүүлүк алгандан кийин кайрадан колдонула баштаган. Бирок учурда айрым аймактарда себет малдын эти, акчалай түрүндө берилсе, кээ бир жерлерде бул салт такыр эле колдонулбайт. Филолог Зыйнат Раимбердиева:

- Бул себет жасоо жалпы түрк элдерине тиешелүү салт болуп эсептелет. Союз учурунда каражатты көп кетирген, ысырапкорчулукка барып такаган салт катары буга тыюу салып койгон. Азыр эми тойлорго себет алып баруу кенен колдонуп жатат.

“Себетиңди көрсөт, ким экениңди айтам”

Бирок той-мааракелерде себет жасоо милдет катары болуп калгандыктан кээ бир адамдар кыйналат. Кара-Кулжа районунун тургуну Айтмамат Зикиров айрыкча тойлор катар-катар өткөн мезгилде эл кыйналарын айтат:
Тапкан акчанын баары эле ушуга кетип калат. Бирок айла жок да. Эл “тапканың тойго буйрусун” деп коет.


- Азыр эми эски салт боюнча себет берүү милдет катары эле болуп калды. Ар бир тойго сөзсүз алып барат. Анысы жок болсо кабыл албайт да. Көзүнүн сырты менен карап, түзүк кабыл албай коет. Келгенде эле биринчи адамды карабайт, “кандай себет менен келди экен” деп колуңду карашат. Ошон үчүн элдин баары себет жасайбыз деп колунда бары деле, колунда жогу деле алып баргысы келет. Эртеси ичерге чайы жок калганына карабай, колунда жогу ошол байларга атаандашып, болгон акчасына себет жасап барат.

Канткен менен калың эл себет берүүнү илгертеден келе жаткан салт катары үзбөй колдонулуп келе жатат. Боорсок, нан менен кооздолуп жасалган себетти кыргыз эли токчулуктун, бардарчылыктын белгиси катары алып жүрөт дегендер да бар. Бирок буга чейин коомчулук арасында ашыкча каражат жумшоого аргасыз кылган салттарды, анын ичинде себет берүүнү да ооздуктоо көп жолу айтылып келген эле. Той-аштарда ысырапкорчулукту азайтуу тууралуу президенттин буйругу да чыгып, атайын мыйзам кабыл алуу тууралуу демилгелер көтөрүлгөн.

"Азаттыктын" архивинен: Үйлөнүү тою канча турат?

"Азаттык+" сыналгы берүүсү буга чейинки чыгарылыштарында "Үйлөнүү тоюна канча каражат сарпталат?" деген темага кайрылган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG