Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:57

Жаңы парламенттин иши кечеңдөөдө


Жогорку Кеңеш, 2006-жыл
Жогорку Кеңеш, 2006-жыл

Парламенттик шайлоо боюнча соттук териштирүүлөргө байланыштуу Жогорку Кеңештин иши кечеңдеп, алгачкы отуруму кийинки аптага калтырылды.

Парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялангандан кийин, шайлоого нааразы болуп сотко кайрылгандардын саны арбып барат. Алсак, буга чейин Коомдук парламент, “Мекен шейиттери” кыймылы жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясы шайлоого байланыштуу сотко арыз беришсе, 3-ноябрда “Акыйкат”, “Замандаш” жана “Жашасын Кыргызстан” партиялары шайлоонун таза эмес өткөндүгүн белгилеп, Биринчи май райондук сотуна кайрылышты.

Алардын ичинен Коомдук парламенттин арызы 4-ноябрда Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда каралып, парламенттик шайлоого байланыштуу алгачкы чечим да чыкты. Ага ылайык, Коомдук парламенттин БШКнын шайлоонун жыйынтыгын чыгарган чечимин жокко чыгаруу жана парламенттик шайлоо мыйзамга каршы келет деп таануу талабын сот канааттандырган жок.

Анткен менен Коомдук парламенттин төрагасы Касымбек Райымкул уулу бул чечимге макул эместигин, үч күн аралыгында Жогорку Сотко кайрыла тургандыгын белгилөөдө:

- Биринчи май райондук соту биздин талабыбызды канааттандырган жок. Жарандык-процессуалдык кодекстин беренелерине таянган экен. Кийинки биздин кадамыбыз, Жогорку Сотко арыздануу болот. Аны Жогорку Сотко Биринчи Май райондук соту аркылуу өткөрөбүз.

Парламенттик шайлоого байланыштуу алгачкы соттук чечимдер чыгып жатканда, айрым партиялар алдыда боло турган соттук териштирүүлөрдө талаптарын коргоо үчүн бел байлап турган чактары.

Биринчи май райондук сотунда 5-ноябрда “Акыйкат”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Жашасын Кыргызстан” жана “Замандаш” партиясынын арыздары каралары күтүлүүдө. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Орусиядагы шайлоо бекеттеринде добуштардын жокко чыгарылышынын мыйзамдуулугуна көңүл буруп жатса, “Замандаш”, “Акыйкат” партиялары бюллетендердин кайра саналышын талап кылышууда.

“Жашасын Кыргызстан” партиясынын лидери Токтайым Үмөталиева, анын партиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча да арыздарын бергенин маалымдоодо.

Күндөр болсо өтүүдө...

“Замандаш” партиясынын юристи Бакыт Жумагулов шайлоого байланыштуу маселелер так чечилмейинче депутаттарга мандат берип, каттоону токтото туруу негизги талаптардын бири болгонун белгиледи:

- Биздин протоколдор менен БШКнын протоколдору дал келбеген добушканалар боюнча кайра саналуу болсун деген талаптардын коюп жатабыз. Экинчиден, Бишкекке алынып келинген бюллетендер коргоого, камакка алынсын. Анткени ал жерден алмаштыруулар, же жоготуулар болуп кетпеши үчүн. Андан сырткары каттоону ошол маселелер так текшерилип чыкмайынча токтотулуп турсун деген талап жана мыйзам бузган комиссиянын мүчөлөрү болобу, ким болобу, мамлекеттик кызматкерлер болобу жоопко тартылсын.

Акылбек Сариев
Парламенттик шайлоо байланыштуу мына ушундай соттук иштерде Борбордук шайлоо комиссиясы өз чечимдеринин тууралыгын коргоп, соттун чечимине карата гана аракет кыларын билдирүүдө. Ал эми жаңы парламенттин ишке киришүүсү соттун чечимдерине көз каранды болууда. Мындан улам Жогорку Кеңештин жума күнгө белгиленген алгачкы отуруму кийинки күндөргө калтырылганын, депутаттарга мандаттарды берүү убактылуу токтотулганын БШК төрагасы Акылбек Сариев билдирди:

- Соттук жараяндар бүтпөй жатат. Эми бүгүн-эртең соттук териштирүү болуп калды го. Депутаттарды каттоо эмки жумага калды.

Ошентип соттук териштирүүлөр жүрүп жатканына байланыштуу Жогорку Кеңештин иши кечеңдөөдө. Парламенттик шайлоого байланыштуу соттук териштирүүлөр качан аяктары азырынча белгисиз бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG