Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:50

Өкмөттүн ишин парламентте сындагандар болду


Премьер-министр Данияр Үсөнов парламентте, 2009-жылдын 21-октябры.
Премьер-министр Данияр Үсөнов парламентте, 2009-жылдын 21-октябры.

17-марттагы Элдик курултай күнү өкмөт парламент фракциялары алдында өткөн жылдагы ишинин отчетун берди. «Ак жол» фракциясынын депутаты Максат Кунакуновдун анын ишин начар деп баалап, жашыруун добуш берүү сунушу кесиптештеринен колдоо тапкан жок.

Коммунисттер фракциясынын көпчүлүгү да өкмөттүн ишине ичи чыкпаганын жашырган жок. Данияр Үсөнов жетектеген министрлер кабинети асманга чыккан тарифтери менен элдин эсинде калат окшоп калды.

Ордо ичиндеги нааразылык

“Ак жол” фракция жетекчисинин орунбасары Максат Кунакуновдун өкмөттүн ишин начар деп баалап, ага ишеним көрсөтпөө демилгеси таламандын тал тушунда чагылган чартылдап түшкөндөй эле болду. Алдына келген өкмөт ишине жылуу-жумшак мактоо айтуудан ары көтөрүлө албаган бийлик партиясынын жаштар канатын жетектеген депутаттын капыс сыны артынан ошол эле замат аркыл божомол-жоромолдорду жаратып жиберди.

М. Кунакунов Кыргызстанда орточо айлык акы эң төмөн, баалар бай өлкөлөрдүкүндөй жогору экенин конкрет экономикалык көрсөткүчтөр негизинде айтып өттү. Көтөрүлгөн баалардан канча акчасы бюджетке түшкөнү жашырын сыр катары айтылбай жатканы да маалымдалды.

- Жакында сиз Үсөнов мырза, өкмөт ойлонуп жатканын айттыңыз. Бирок сиз бир ойлонсоңуз аны 4 ай айтасыз. Ноябрда сиз тарифтерди көтөрүүнү ойлондуңуз, мартта болсо аны элге түшүндүрүүнү ойлоно баштадыңыз. Эми болсо байма-бай маалымат жыйындарын чакырып, телекөрсөтүүдөн түшпөй тарифтерди 200% ары көтөрүү зарылдыгын айта баштадыңыз. Элдин нааразылыгы күчөй баштаганда гана өкмөттүн аракетин түшүндүрө баштадыңыз. Эми болсо кечигип калдыңыз.

Максат Кунакунов өкмөттүн тариф саясаты элге каршы экенин айтып, анын ишин начар деп баалады, ага фракция мүчөлөрү жашыруун добуш беришин сунуш кылып, Данияр Үсөнов өлкөнү туңгуюкка баштап баратканын баса белгиледи.

Өкмөт башчы депутаттын сын пикири анын жекече таарынычынан чыгып жатканын айтуу менен гана чектелди. Айтылган сындын баарын кылдат талдап чыга тургандыгын билдирди.

Акчалар кайда?

Данияр Үсөнов “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бегаалы Наргозуевдин коррупцияга каршы күрөш, Кыргызстандан сыртка чыгарылып кеткен ири каражаттарды кайтаруу суроосуна момундай жооп узатты.

- Сиз тизмени берсеңиз Швейцарияда кайсы кыргыздардын акчасы бар, биз кайрылабыз. Мисалы менде маалымат жок кайсы кыргызда Швейцарияда акча бар экени боюнча.

Депутат Б. Наргозуев өлкөдөгү кылмыштуулукка каршы кандай күрөш жүрүп жатканына да кызыкты. Ачык суроого Кыргызстандын Ички иштер министри К. Конгантиев ачык жооп узатты.

- Кылмыш бизде азайдыбы же ачалбай жатабызбы?

М. Конгантиев: - Эми кылмышты биз өзүбүз жасабайбыз да. Болгон кылмышты тактайбыз, далилдейбиз, каттайбыз. Анан муну көбөйткүлө десеңиз бирөөгө пара берип көбөйтөлү.

Орусиядан агылган акчалар

Кыргызстан коммунисттер фракциясынын жетекчиси Исхак Масалиев Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрү кара жанын карч уруп чет жерде иштеп жүргөн мигранттар менен өткөн жылкы орусиялык 150 миллион долларлык гранттын эсебинен камсыз кылынып жатканын ырастады.

- Ошон үчүн мен өкмөттүн аракети менен эле кургуйга түшпөй кармалып калдык деп айта албас элем. Орусия кредити, ошондой эле Москва, Тверь жана орустун башка шаарларында иштеп жүргөндөр ай сайын 200-300 доллар акча жөнөтүшөт. Ошолор чогулуп келип чоң акчаны түзөт. А биз болсо урматтуу министрлер менен Жогорку Кеңеш депутаттары, ошол акчалардын эсебинен жашап жатабыз. Салык салып, чогултуп, бюджеттин жыртык-тешигин бүтөп келатабыз.

Өкмөт башчы ушу тапта Социалдык фонддун 6 миллиард ашыкча сому бардыгын маалымдады. Ал акчанын бир бөлүгү кантип Орусияга барып калганы азырынча табышмактуу жашырын сыр. Парламентте Социалдык фонд төрагасы акча маселеси чечилип жатканын гана айтты. Ошол оңор эмес акчага ээлик кылган Е. Гуревичтин “MGN Group” компаниясы ушу тапта чоң чатакка кабылып, чеңгелдеген акчаларынын көбүнүн дарек-дайны белгисиз, алардын чети кайсы жерден булайып чыгып калары да азырынча дайынсыз. Депутат Б.Наргозуев фракцияда козгогон акчалардын шек-шооратын дагыле болсо кыргыз өкмөтү эмес, мыйзамды урматтаган кайсы бир европалык өлкө ачып, кыңыр иштин кыйтыңы кыйладан кийин дайынга чыгып калышы деле ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG