Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:41

Петровка жаңжалы: Сот неге болбой калды?


Петровкадагы тополоң. 30-апрель 2009
Петровкадагы тополоң. 30-апрель 2009

Петровка тополоңуна байланышкан сотко күбө катары чакырылгандар дээрлик көрсөтмө берип бүттү деген маалымат айтылууда. Ал ортодо камактагылар сот төрагасына нааразылык билдирип жатышат.

Петровка жаңжалына байланышкан сот белгисиз себептерден улам болбой калды. Жабырлануучулар жана камалгандардын жакындары соттун болоорун күтүп бир нече саат таркабай турууга аргасыз болушту. Бирок эч ким сот жыйынынын башка күнгө жылып калган себебин түшүндүргөн жок.

Болгону камакта жаткан “Жашылдар” партиясынын төрагасы Э. Бөлөкбаевге адвокат Азимбек Бекназаров телефон аркылуу байланышып, сот төрагасы Ф. Марлес өзү адвокаттардын сотко келбей эле коюусун эскерткенин төмөндөгүдөй негизде баяндады.

- Адвокаттар А. Бекназаров менен А. Типеровго сот төрагасы өзү телефон аркылуу байланышып соттун болбой турганын айткан. Ал 11: 00 дө сотко келип, эмне себептен болбой калгандыгын түшүндүрбөстөн, өз иш бөлмөсүнө олтуруп алып, өзүнүн бийлигинен пайдаланып жатат.

Сот жыйыны эмне себептен болбой калганын так билүү максаты менен соттун төрагасы Феликс Марлестин иш бөлмөсүнө коңгуроо кылганыбызда, ал жооп берүүдөн баш тартып койду.

Ал эми сот төрагасынын соттук териштирүү учурундагы бир катар кадамдарын мыйзамсыз деп баалаган камактагы Э. Бөлөкбаев, “Соттун азыркы жүрүшү менен адилет чечим чыгаруусуна ишеним артуу мүмкүн эмес. Жергиликтүү бийлик, жергиликтүү сот өкүлдөрү жана ага аралашкан жогорку бийлик саясий буйрук берип, адилетсиз, мыйзамсыз кадамдарга барып жатышат”,- деп айыптап өттү.

Бирок камактагылардын мындай айыптоолорун облус башчысынын биринчи орун басары Малабек Токтоболотов четке кагуу менен “Азаттыкка” буларды билдирди.

- Биз окуяны жалпы жонунан көзөмөлгө алып жатабыз. Бирок соттун кандай чечим чыгараарына тиешебиз да жок. Эч сөз айта албайбыз.

Петровкада болгон тополоңго тиешеси бар деп 6 адам 10 айдан бери камакта олтурушат. Буга чейинки соттук отурумдарда 200дөн ашык күбө көрсөтмө беришти. Көрсөтмө бергендердин арасында алгачкы сурак учурунда коркутуп- үркүтүү аракеттери менен жалган көрсөтмө жаздырган учур болгонун ачыктагандар да арбын.

Жабырлануучулар Петровка башаламандыгын уюштургандар такыр башка адамдар деп айтып келе жатышат. Петровка айылынын жашоочулары, “окуянын чыныгы күнөөлүлөрү жергиликтүү милиция кызматкерлери болгон, бирок маселени такыр эле саясатташтырып жиберишти”, - деп нааразы.

Соттук териштирүү 18- февралда улантылат.

"Азаттыктын" архивинен: Петровкадагы жексур кылмышка каршы толкундоо

Петровкадагы жексур кылмышка каршы толкундоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:49 0:00

XS
SM
MD
LG