Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

Камактагы Сапар Аргынбаев кайрадан кол салууга кабылды


Сапар Аргынбаев Петровка окуясы боюнча сотто. 2-февраль, 2010-жыл.
Сапар Аргынбаев Петровка окуясы боюнча сотто. 2-февраль, 2010-жыл.

Петровка окуясы боюнча айыпталып жаткан укук коргоочу С. Аргынбаев абакта өмүрүнө дагы бир жолу коркунуч туулганын айтып чыкты. Бул тууралуу ал бүгүнкү сот ишиндеги тыныгуу маалында журналисттерге билдирди.

Өткөн 26-январь күнү болгон соттук териштирүү маалында, тогуз айдан бери камакта олтурган Сапар Аргынбаев сот залындагыларга өзүнүн октябрь айында сабалганы туурасында төмөндөгүдөй айтып, абактагылар тарабынан аёосуз токмоктолгон көгала денеси тартылган фото сүрөттөрдү көрсөткөн болчу.
Менден алар 50 миң доллар талап кылышты. Камакта биздин өмүрүбүзгө коркунуч туулууда...

- Менден алгач 50 миң талап кылды. Мен сом экен десем, алар 50 миң доллар деп кайталап жатышты. Мен үйүмдү, болгон тиешелүү байлыгымды сатсам да ал сумманы таба албайм дедим. Анда сен кимдерди укук коргоочу катары коргоп, жардам берип жүрдүң деп сурашты. Мен күрттөргө, түрктөргө, орустарга жана башка адамдарга десем, анда азыр ошол сен жардам берген адамдар сага жардам кылсын дешет. Түшүнүп атасыңарбы, камакта бизге эмне деген мамиле болуп жатканын. Биздин өмүрүбүзгө коркунуч келүүдө.

Ал эми өткөн 22-январь күнү камакта анын өмүрүнө дагы бир жолу кол салуу болуп, ага карата абактагылар тарабынан коркутуп-үркүтүү аракеттери ачыктан-ачык болгон. Камактагы өз коопсуздугу үчүн кооптонгон укук коргоочу Сапар Аргынбаев “Азаттыкка” буларды айтат.
Муну мен бийликтин мага карата жасаган коркутуусу, басмырлоосу катары баалайм...

- 21-январь күнү мени камераман чакырышты. Бул көрүнүш эртеси күнү да кайталанды. Анан абактагы "чогулткучтар" мени келип эки-үч жолу уруп алды. Алар кадимки бандиттерге окшоп мени опузалап жатты. Бул бийликтин мага болгон ачыктан-ачык коркутуусу, басмырлоосу болуп жатат.

Бирок айрым укук коргоочулар камактагы Сапар Аргынбаевдин өмүрүнө коркунуч келген мындай учур буга чейин маалыматты ачыкка чыгарбай жашырганы үчүн жаралды деп болжолдоп жатышат. Себеби башта белгилеп өткөндөй, өткөн жылдын октябрь айында Петровка башаламандыгы үчүн камакка алынган оппозиция өкүлдөрү Уран Рыскулов, Сапар Аргынбаев жана Эркин Бөлөкбаевдердин өмүрүнө коркунуч жаралып, абактагылар тарабынан ири суммадагы акча талап кылынган факт туурасында укук коргоочулар билдирүү тараткан менен камакта жаткандардын өздөрү ал кылмыш иши туурасында арыз жазуудан баш тартышкан эле дейт, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова.

- Камактагыларды былтыр октябрь айында сабашканда биз алардан арыз жазуусун өтүнгөн элек. Бирок алар болбой коюшкан. Эми жакында кайрадан кол салуу фактысы болсо, демек ошонун кесепети. Ушундай көрүнүш дагы кайталанбаш үчүн тиешелүү тараптарга кайрылып, арыз жазуу зарыл.

Учурда айыпталып жаткан укук коргоочунун адвокаты Нина Зотова 22-январь күнү Сапар Аргынбаевге камактан дагы бир жолу кол салуу фактысы болгону туурасында толук документтерди топтоп, Башкы прокуратурага, Жаза өтөө мекемелер башкармалыгына жана эл аралык бир катар уюмдарга кайрылуу даярдоодо. Петровка окуясы боюнча сотто болсо азыр жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, милиция кызматкерлери көрсөтмө беришүүдө. Сот болсо бейшемби, 4- февралда улантылат.

Тасмада: Петровкадагы жексур кылмышка каршы толкундоо (27-апрель, 2009-жыл.)

Чүйдүн Москва районундагы Петровка айылынын тургундары 27-апрелде чогулуп, тестиер кыздын зордукчусун айоосуз жазалоону жана жекшембиде кармалган айылдаштарын бошотууну талап кылышты. Милиция шектүү кишини камакка алганы кабардалды.



Петровкадагы жексур кылмышка каршы толкундоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:49 0:00

XS
SM
MD
LG