Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Петровка соту: Ачкачылык уланууда


Петровка жаңжалынан кийинки элдик толкун. 30-апрель, 2009-жыл.
Петровка жаңжалынан кийинки элдик толкун. 30-апрель, 2009-жыл.

Петровка башаламандыгына байланыштуу камакта жаткандын ичинен жубайлар Книяз Куляшов менен Элвира Маматканова баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылып, 22- январдан бери мөөнөтсүз ачкачылык акциясын жарыялап жатышат.

Петровка соту ачыктан-ачык саясий сот деп белгилеген адвокаттардын бири А. Бекназаров “Азаттыкка” маек берип жатып, сот төрагасы Феликс Марлес өзү ишин так аткарбай жатканын белгилеп өттү.

"Соттук териштирүүнүн өтө жай жүрүшү, соттун кечигип башталып, айрым күндөрү такыр эле күбөлөрдүн келбей калышы Петровка сотунун атайылап создуктурулуп жатканын көрсөтөт, бул саясий буйруктун аткарылышы",- деген нааразылыктар камактагылардын жакындары тарабынан арбын айтылып келет. Бүгүн дагы соттук териштирүү 3 саатка кечигип башталды.

Белгилүү болгондой, Петровка башаламандыгына тиешеси бар деп бүгүн камакта алты адам олтурат. Алар мурдагы депутат Э. Бөлөкбаев, жергиликтүү эки укук коргоочу С. Аргынбаев, У. Рыскулов жана Петровканын күрт улутундагы тургундары А. Хасанов жана К. Куляшов, Э. Маматканова. Булардын абакта олтурганына 10чу ай болуп баратат.

Камакта олтурган Куляшовдордун апасы жакында каза болуп, айылдагы үй-жайы толук кароосуз калган. Ошол себептүү өткөн соттук териштирүүлөрдө камактагы жубайлар Книяз Куляшов жана Элвира Маматканова 22- январь күндөн баштап “биз өзүбүзгө коюлуп жаткан айыптарга макул эмеспиз, сотко жолдогон убактылуу кармоочу жайдан бошотуу өтүнүчү аткарылмайынча, бүгүндөн баштап мөөнөтсүз ачкачылык акциясын баштайбыз”,- дешкен.

Алар беш күндөн бери ачкачылык кармашууда. Ачкачылык туурасында Элвира Маматканова "Азаттыкка" буларды айтат:

- Абалыбыз өтө оор, бирок жолдошум экөөбүз тең ачкачылыкты улантып жатабыз. Кечээ мен ачкалыгыман жыгылып түштүм. Абактагы медицина кызматкерлери мага глюкоза беришти. Башында такыр эч нерсе ичпей жатканбыз, азыр суу гана ичип жатабыз. Азыр менин абалым өтө начарлап баратканда жанымдагы аялдар кыйкырып, эшикти каккылап санитардык кызматты чакырып жатышат. Бирок күйөөмдү эч ким деле караган жок. Бирок сот биздин талапты орундатабы, жокпу билбейм, биз баары бир аягына чейин ачкачылыкты уланта беребиз.

Ал эми бүгүн айрым адвокаттар абакта ачкачылык кармап жатышкан Киняз Куляшов жана жубайы Элвира Маматкановага акцияны токтотуу туурасында сунушташты. Алардын бири адвокат А. Бекназаров:

- Азыр булардын абалына эч ким деле кызыкпайт. Тескерисинче ачкачылык кармап жаткандарын шылдыңдуу карап жатышат. Ошондуктан ден соолугуна зыян кылбастан ачкачылыкты токтотушу керек деп мен сунуштадым.

Азырынча абакта ачкачылык кармап жаткан жубайлардын абалына кызыккандар деле жок. Сот болсо 28-январда улантылат.

Былтыр 26-апрелде Москва районундагы Петровка айылында бир топ жигиттер күрттөрдү чектен чыккан ээнбаштык кылышты деп айыптап, алар жашаган үйлөрдү таш бараңга алышкан. Алар күрттөрдүн 24 саат ичинде көчүп кетишин талап кылышкан. Эки ортодо ок атылып, эки адам жарадар болгон эле.

XS
SM
MD
LG