Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

Петровка: "Жашылдар" лидеринин күнөөсү канчалык?


Петровкадагы жаңжалды соттук териштирүү маалында Петровка айыл өкмөт башчысы Бакыт Исаков камакта олтурган саясатчы Эркин Бөлөкбаевге каршы көрсөтмө берди.

Петровкадагы тополоң боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сегиз адам көрсөтмө берди. Алардын төртөө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү. Бул аралыкта жабырлануучулар, күбөлөр жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көрсөтмө берүү маалында, башаламандыктын уюштуруучулары катары жети айдан бери камакта олтурушкан белгилүү саясатчы Э. Бөлөкбаев жана жергиликтүү лидерлер С. Аргынбаев, У. Рыскуловду күнөөлүү деп аташкан эмес. Тескерисинче, алардын окуяга тиешеси жок экендигин төмөндөгүдөй белгилеп келишкен. Алардын бири айыл тургуну Ольга айым:

- Жөнөкөй айылдыктардын көйгөй маселесин саясатташтырып жибергендерге таң калам. Бул жерде бир гана жергиликтүү милициянын күнөөсү бар. Биз ички иштер кызматкерлерине жардам сурап кайрылганбыз. Ал эми азыр камакта отургандар болгону айылдагы башаламандыкты токтотушкан адамдар.

Буга чейинки көрсөтмөлөрдөн айырмаланып, Петровкадагы тополоңдон кийин шайланган айыл өкмөт башчысы Бакыт Исаков камактагы белгилүү саясатчы Э. Бөлөкбаевге каршы көрсөтмө берди. Ал өзүнүн алгачкы көрсөтмөсүндө “Э.Бөлөкбаев 27-апрелде Бишкек-Ош жолу жабылгандан кийин Петровкага келген”,- деп айтса, кийинки соттук териштирүү маалында, “Бишкек-Ош жолун жабууга Э. Бөлөкбаев буйрук кылган”,- деп көрсөтмө берди. Бул сот залындагылардын нааразылыгын жаратты деп билдирди “Жашылдар” партиясынын төрага орун басары Наргиза Абдылдаева:

- Учурдагы айыл өкмөт башчысы Бакыт Исаков адвокаттардын берген суроолоруна да так жооп бере алган жок. Ал өзүнүн алгачкы көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, жалган сүйлөгөндүктөн сот залындагылар аны “чыккынчы” деп кыйкырганга чейин барышты.

Петровка айыл өкмөт башчысы Бакыт Исаков буга чейинки “Азаттыкка” берген маегинде, “жети айдан бери камакта олтурушкан Э. Бөлөкбаев, С. Аргынбаев жана У. Рыскуловдорду чынында күнөөлүү деген пикирди бир да жолу айылдыктардан уккан эмесмин”,- деп билдирип келген. Бирок соттогу көрсөтмөсүнө байланыштуу берген сурообузга ал жооп берүүдөн баш тартып койду:

- Мен болгон көрсөтмөнү сотто бердим. Азыр силерге жооп бере албайм. Жергиликтүү бийликтин иши менен аймакты кыдырып жүрөм.

Петровкадагы тополоң боюнча соттук териштирүү 5-ноябрда улантылат.

XS
SM
MD
LG