Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:28

Ынтымак курултайын чакыруунун кандай зарылдыгы бар?


Президент Курманбек Бакиев 21-январда Ынтымак Курултайын чакыруу боюнча өлкө калкына кайрылуу жасады.
Президент Курманбек Бакиев 21-январда Ынтымак Курултайын чакыруу боюнча өлкө калкына кайрылуу жасады.

Коомдук палатанын төрагасы Садыкбек Аблесов Ынтымак курултайы чакырылышына жана коомдук палатанын иш-аракеттерине байланыштуу суроолорго жооп берди.

- Садыкбек мырза, өткөн жумада президент Курманбек Бакиев Ынтымак курултайын түзүү боюнча жарлыгын чыгарды. Коомчулукта Ынтымак курултайы кошоматчылардын курултайы болуп калбайбы деген тынчсыздануулар да жок эмес. Алгач Ынтымак курултайы чакырылышына карата көз карашыңызды айтып кетсеңиз?

- Ынтымак курултайы боюнча президент айтып келе жатканына жарым жылча болуп калды, президенттик шайлоо болуп атканда эле айткан да бул тууралуу. Анан курултайларды чакыруу тажрыйбасы бизде чын-чынында болгон. Бирок бул жолу курултай менимче туура түзүлгөнү турат го, себеби ынтымакка келтириш үчүн. Жакшы деп айтканымдын себеби, президент айтты го кыргыз элинин тегерегинде калган этностор да өсүш керектигин. Кыргыз мамлекети болгондон кийин биринчи кезекте кыргыз эли өсүш керек деген сөзү жакты.

Экинчиси, азыр курултайдын мүчөлүгүнө 441 айыл аймагынан бирден адам келгени жатат. Эми ошол жердеги эл өздөрүнүн айылы үчүн, жери үчүн күйүп-бышкан, кыргыз эли үчүн деген адамдарды шайлап жиберсе бул курултайдын иши чынында алга жылат. Ошолор бир жыл күтүп отура бербей эле өздөрүнүн айылынын проблемаларын конструктивдүү түрдө жазып, иш органына алып келип берсе алар бул жерден баарын иликтеп карап, жеткирип турса Кыргызстандын иши жылып кетет деген ишеним бар.

- Былтыр коомдук палата да ушундай өңүттө түзүлдү эле. Буга чейин коомдук палата кандай иштерди аткарып, коомго кандай пайда алып келди?

- Коомдук палата чын-чынында иштегенибизге жарым жыл болду, ошонун ичинде 246 кайрылуулар, суроолор түштү, 5 чоң маселени карадык. Мына ошолордун баарын карап көзөмөлгө алып иштерди жасап атабыз. Коомдук палата чындап келгенде көп иштерди жасап атат, бизге жогору жакка үнү жетпегендер, жанагы мамлекеттик эмес уюмдар келип атышат. Биз аларга Жогорку Кеңеш мындай мыйзам кабыл алганы жатат, мына долбоорун берип атабыз, жазып бергиле деп айтып атабыз. Алар да өздөрүнүн ой-пикирлерин жазып берип атышат. Биз аны Жогорку Кеңешке жеткирип атабыз, адегенде Жогорку Кеңеш да бизди жактырбагандай мамиле кылышкан, эми алар да түшүнүшүп, биз мыйзамды берелик, экспертиза кылып бергиле деп атат. Ошентип мыйзам кабыл алынганга чейин элдин үнүн кошуп атабыз.

- Жогорку Кеңеш, анан калса сиздердин коомдук палата турганда Ынтымак курултайын түзүүнүн канчалык кажети бар эле?

- Ынтымак курултайынын себеби бүгүнкү күндө керек болуп турат го. Гезиттерди окусаң дэле, тигил жакты уксаң деле үч канат болуп бөлүнөбүз, анан тигил-бул уруу болуп атпайбы. Уруучулуктун менимче кереги жокко, кайрадан XVIII кылымга кайрылгандын кереги эмне. Ынтымак курултайын түзүп туруп, азыркы доордун таламына байланыштуу партияларды түзүп, ошол партиялар өздөрүнүн мүчөлөрүнө чакан кредиттерди берип, ушул жол менен кетсек туура болот эле. Баягы эле кайра уруучулукка кетип атабыз, мындай жетиштүү даражадагыларды шайлай албай эле кайта кийин өзүбүз нааразы болуп атабыз. Эң негизгиси элдин аң сезимин өстүрүш керек болуп атат.

- Рахмат маегиңизге
Ынтымак Курултайын чакыруу жөнүндө кайрылуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:49 0:00

XS
SM
MD
LG