Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:31

Конституциялык сот Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча корутундусун жарыялады. Ынтымак курултайы чакырыла турган болду. Украинада президенттик шайлоо демократиялык мүнөздө өткөнү жарыяланды.


Корутунду болду, бирок айкындык болбоду

2009-жылы 20-октябрдан кийин Президенттик бийлик системасында орун алган өзгөрүүлөрдү Конституцияга ылайыкташтыруу максатында 14-декабрда Президент Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун парламентке жолдогон. 17-декабрда Жогорку Кеңеш өз кезегинде аны Конституциялык соттун кароосуна жөнөткөн. Конституциянын талаптарына ылайык, Конституциялык сот сунушталган мыйзам долбоорун үч айдын ичинде кароого тийиш. Конституциялык сот бул маселени тездик менен карап, 21-январда өзүнүн корутундусун жарыялады.

Корутундуда Коопсуздук кеңештин, Мамлекеттик катчы кызматынын, Президенттик администрациянын жоюулушу, алардын ордуна Президенттик институттун пайда болушу жана өкмөттөгү айрым өзгөрүүлөр Конституцияга каршы келбеши белгиленди. Бирок Президенттик кеңешме аркылуу Президенттин милдетин аткаруучу танадалат деген жобо Конституцияга каршы келет деп табылды.
Мамлекет башчынын милдетин аткаруучунун жана бийликтин мыйзам чыгаруу органынын башчысынын же бийликтин аткаруу органынын башчысынын ыйгарым-укуктарын бир адам бириктирген учурдагы укуктук абал мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принцибин караган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7чи беренесине карама-каршы келет.

Бул учурду Конституциялык соттун төрайымы Светлана Сыдыкова мындайча баяндады:

- Президенттик кеңешме өзүнүн статусу боюнча кеңешүү органы болуп саналат. Анын чечими сунуш мүнөзүндө болоорун жана аны президент бекиткен учурда гана милдеттүү мүнөзгө ээ болоорун көңүлгө алып, Президенттик кеңешме президенттин милдетин аткаруучуну аныктай албайт деген жыйынтыкка келди. Мамлекет башчынын милдетин аткаруучунун жана бийликтин мыйзам чыгаруу органынын башчысынын же бийликтин аткаруу органынын башчысынын ыйгарым-укуктарын бир адам бириктирген учурдагы укуктук абал мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принцибин караган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7чи беренесине карама-каршы келет. Көрсөтүлгөн жагдайларда Конституциялык сот президенттин милдетин аткаруучуну аныктоо боюнча колдонулуп жаткан механизмди өркүндөтүү талап кылынат. Ошону менен бирге мындай адамды аныктоо максатта гана кыска убакыттын ичинде чыгарылуучу коллегиялдык орган аркылуу, бирок кеңешүү орган формасында эмес, аныктоо мүмкүнчүлүгүн танбайт жана анын курамында мыйзам чыгаруучу жана аткаруу бийлигинин жетекчилери болууга тийиш деп эсептейт.

Ошентип, Конституциялык сот Президенттин милдетин аткаруучуну аныктоо маселесин чечилбеген бойдон калтырды. Анткени соттун корутундусуна ылайык, Президент милдетин аткара албай калган учурда анын милдетин төрага же өкмөт башчынын аткаруусу Конституциянын 7чи беренесине каршы келери белгиленди. Президенттин милдетин аткаруучуну аныктоо үчүн мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрү кирген атайын коллегиялдык орган түзүү сунушталды. Ал кандай орган болоорун Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоордун демилгечиси президент жана мыйзамды кабыл алуучу Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун талкуу учурунда аныктамакчы.
Бул тобокел механизм, президент өзү жокто ака менен үкө, тага менен жээн мушташа турган механизм...

“Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Конституциялык соттун корутундусуна мындай баасын берди:

- Эң негизгиси эки ай мурун президент өзү киргизген нормасынын туура эмес экендигин Конституциялык Сот көргөздү. Бул деген сөз алар өзү бул механизмден баш тартып калды дегенди билдирет. Анткени бул тобокел механизм, президент өзү жокто иштебей турган механизм, президент өзү жокто ака менен үкө, тага менен жээн мушташа турган механизм. Мына ушул механизмди киргизип алып, кайрадан андан баш тарткандын айласын издеп отурушат.




Кыргызстанда Ынтымак курултайы - Түркмөнстанда Халк маслахаты


Конституциялык соттун корутундусу чыгарылганга удаалаш президент Курманбек Бакиев Ынтымак курултайын чакыруу тууралуу жардыкка кол койду. 2 жылдык мөөнөткө шайланган 750 делегаттан турган Ынтымак курултайынын алгачкы жыйыны 23-мартка чакырылды. 750 делегаттын 459у айыл округдардан, 35и эмгек мигранттарынан, 20сы диний уюмдардан, 150сү президенттин квотасы менен дайындалат.
Бизге демократия түспөлүндөгү декоративдик орган керек эмес.

Курултай тууралуу кайрылуусунда президент буларды белгиледи:

- Көчүрүп алгыдай даяр чечимдер эч жерде жок. Ошондуктан, элибиздин акыл-ою менен тажрыйбасына гана таянуу керек. Бизге демократия түспөлүндөгү декоративдик орган керек эмес. Бизге жагдайды калыс талдоо жана ар түркүн социалдык, этникалык топтордун ачык-айкын баарлашуусу керек.

Ынтымак курултайы айылдардын, мигранттардын арыз-муңун бийликке жеткириши ыктымал. Бирок ал саясатта мунаса алып келет деп айтыш кыйын.

Маселен, кыргыз бийлиги өткөн жылы ушул кездерде Коомдук палата түзүп, анын курамынан орун берүү менен алдыңкы өкмөттүк эмес уюмдарды өзүнө тартууга аракет жасаган. Бирок андан эч кандай натыйжа чыккан жок. Натыйжада азыркы мезгилде Коомдук палатанын бар же жок экени белгисиз болуп турат.

Ал эми саясатта мунаса алып келбейт деген себебине токтолсок, Ынтымак курултайына байкалып тургандай саясий партиялардан өкүлдөр кирбейт.
Эгер биз ынтымакка чакырабыз десек, анда саясий күчтөрдү чакырышыбыз керек.

Маселенин бул өңүтүнө “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев мындай пикирин билдирди:


- Курултайдын негизги функциясы эмнеде болот? Бул кеңеш бере турган уюм деп айтылыптыр. Ал өзүнүн чечимдерин мамлекеттик органдарга жөнөтө алат дептир. Ал кабыл алынабы, кабыл алынбайбы ал жагы белгисиз болуп калыптыр. Экинчиден, негизги күч болуп турган саясий партиялардын ролу Ынтымак курултайда жок болуп калган. Эгерде биз ынтымакка чакырабыз десек, анда саясий күчтөрдү чакырышыбыз керек.

Түркмөнстанда Халк маслахаты расмий бийликтин ар кандай кадамдарын эл тарабынан колдоону камсыздоо же элдин атына жамынып, өзүнүн жүргүзүп жаткан саясатын актоо үчүн колдонулуп келген. Халк Маслахаты Сапармурат Ниязовго Түркмөнбашы наамын берип, анын ар кандай “ойдон” чыгарылган чечимдери калк колдоп жатканын көрсөтүп келген. Кыргызстанда да Ынтымак курултайы ушундай ролду ойноп калышы ыктымал.
Буга чейин болуп көрбөгөндөй коомдук түзүлүштүн түспөлү пайда болууда.

Саясат таануучу Табылды Акеров Кыргызстанда Ынтымак Курултайын түзүүнүн максаты - саясий жараяндарды бир колго топтоо деп билет:


- Карап көргүлө. Буга чейин эмнелер болду? Экономикалык тармактын бардыгы бир түзүмгө, Өнүктүрүү агенттигине баш ийип калды. Банк системасында “АзияУниверсал Банк” негизги ролду ойноп калды. Мына эми Ынтымак курултайы 23-мартта чакырылганы турат. Муну кандайдыр бир деңгээлде саясий жактан коомду бир колго алуу аракети десек болот. Мындайча айтканда, буга чейин болуп көрбөгөндөй коомдук түзүлүштүн түспөлү пайда болууда. Ушундай түзүм буга чейин Түркмөнстанда курулган.


Бийлик курултайды чакырууну уюштуруу боюнча президенттик аппараттын башчысы Каныбек Жороев башында турган топту түздү. Курултай 23-мартта, 2005-жылдагы март ыңкылабынын беш жылдык мааракесинин алдында чакырыла турган болду.

Уткан Украина, утулган Ющенко

Ыңкылап демекчи, Бириккен элдик кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров 24-мартта ыңкылапчылардын митингисин уюштуруп, ага президент Курманбек Бакиевдин келип жооп беришин талап кыларын билдирүүдө. Кыргызстан оппозиционерлери март ыңкылабы максатына жетпей, тескерисинче өлкөдө үй-бүлөлүк башкаруу кандуу жолго түшүп алганын билдирип келатат.

Ал эми Кыргызстан ыңкылабы менен тушташ болгон Украина ыңкылабы демократия куруу багытында ири ийгиликтерге жетишүүдө. Европалык байкоочулар 17-январда Украинада болгон президенттик шайлоо адилет жана мыйзамдуу өткөнүн жарыялады. Таймашка түшкөн 17 талапкер да нааразылык билдирип чыккан жок.

Украинада өткөн президенттик шайлоодо иштеп турган президент Виктор Ющенко жеңилип, экинчи турга да чыкпай калды. Экинчи турда оппозиция лидери Виктор Янукович менен өкмөт башчы Юлия Тимошенко беттешет.

Бул шайлоо Украина нагыз демократиялык жолгон түшкөнүн жана анда президент Виктор Ющенконун ролу чоң экенин көрсөтүп турат.Социал-демократиялык партиянын мүчөсү Жыргалбек Турдукожоев Украинадагы шайлоо, демократия тууралуу буларды
билдирди:

- Бул шайлоо демократиянын дагы бир тепкичке көтөрүлгөнүн далилдеп турат. Себеби деген ошол кезде президент боло албай калган Янукович абдан күчтүү оппозиция болуп турду. Ошол эле учурда Ющенко дагы, Тимошенок дагы, бир сөз менен айтканда өлкөнүн саясий бийлиги оппозицияга куугунтук кылган жок. Мүмкүн болушунча мыйзамдарды так сактап, демократиялык принциптерди толук ишке ашырууга аракет кылып турду.

Жыргалбек Турдукожоев ошондой эле Кыргызстанда ыңкылаптын талаптары, максаттары теңирден тескери кеткенин кошумчалады.

Тасмада: Ынтымак Курултайын чакыруу боюнча президенттин кайрылуусу

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG