Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

БШК төрагасы Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизген декретке каршы


БШК төрагасы Акылбек Сариев.
БШК төрагасы Акылбек Сариев.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев декрет менен мыйзамга өзгөртүү киргизүү туура эмес деп эсептээрин, ошондуктан ал Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизген декретке каршы экенин жана бул маселеде аягына чейин тураарын "Азаттыктын" түз обосунда айтып берди.

- Акылбек мырза, Шайлоо кодексинде кандай олуттуу өзгөрүүлөр болду?

- Негизгиси жашап жаткан жеринде каттоосу жок жарандарга ошол жерден добуш берүүгө уруксат берилип атат, бул көп маселе туудурушу мүмкүн. Мен декрет менен мыйзамга өзгөртүү киргизүү туура эмес деп эсептейм. Ошондуктан бүгүнкү күнгө чейин мен буга макул болбой келе жатам. Менин оюм боюнча, кайсы бир партиянын жетекчиси мыйзам киргизсе ал бир партияга иштебей, жалпы партиялардын укугу бирдей каралыш керек. Ошондуктан бул декретке мен башынан каршы болгом жана аягына чейин турам.

- Шайлоо корунун суммасы дагы өзгөртүлдү деп айтылып жатат, канча болду азыр?

- Бул жерден дагы туура эмес түшүнүктөр кетип атат. Шайлоого коюлчу күрөө акысы 500 миң сом ошол бойдон калды. Кээ бир жаңы партиялардын лидерлери муну туура эмес түшүнүп атат. Бул шайлоо фондунун ченеми дегендик, партия 5 сому болсо деле шайлоого бара берсе болот, эгер алар акча жумшабай эле көңүлүн алабыз дегендер болсо. Негизгиси болсо ар бир партия 100 миллион сомго чейин чогултканга укуктуу болчу ошону 50 миллионго түшүрдүк дейт, бирок ал жерден эч ким эч нерсе утпайт. 100 миллион деген көрсөткүч эсептелип чыккан нерсе болчу. Азыр эгер тизмеде 120 талапкер болсо ошонун ар бири 500 миң сомдон салганга укуктуу болот, ар бири 500 миңден салса 60 миллион болуш керек. 50 милион кылып койуу - талапкерлердин укугун бузгандык болуп эсептелет. Анткени 120 кишинин бардыгы тең чогулта албай калышат. Мунун ченемин өзгөрткөндөн кийинки көрсөткүчтөрүнө өтүп, андан кийин оңдош керек.

- Жарандар эми катталган жерине карабастан эле жашап жаткан жерлеринде добуш бере алат турбайбы, бул кандайдыр бир терс кесепеттерин тийгизбейби?

- Тийгизет, тийгизгенде дагы бардыгына тийгизет. Анткени бул жерден партиянын кызыкчылыгы үчүн бир жерден чогултуп алып, ошол жерден өзүнө добуш бердиргиси келип жатат, андай кылбаш керек. Бизге азыр жаңы партиябы, жакшы партиябы, күчтүү партиябы айырмасы жок. Негизги шайлоо комиссиясынын көз карашы ошондой туруш керек, ошондуктан менин макул болбой жаткан себебим ошол. Экинчиден, киргизилген ченемдердин кээ бир өзгөртүүлөрү актуалдуулугун жоготуп алды, анткени 90 күнгө чейин шайлоо коюлат деген жобо киргизилген, ал бүгүнкү күндө иштебей калды. Мени ошону кандай колдонгонду билбейт деп айтып атышыптыр. Кеп колдонгондо эмес, кагазга жаза берсе боло берет, бирок анын аткарылышына караш керек.

- Аймактардан 0,5 пайыздык чектен жогору добуш топтоо тууралуу дагы айта кетсеңиз, ушул маселе көптөгөн талаш-тартыштарды жаратып жатпайбы.

- Ал маселелер ордунда калды. Андан башка дагы өзгөчө кырдаал шартында шайлоо болбойт деген норманы дагы калтырып коюшкан. Эгер андай эле мыйзам жагына караса ошону алып салса болмок. Бүгүнкү күнгө чейин шайлоо жарыяланбай жатканынын себеби – Шайлоо кодексинде эгер өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилген болсо шайлоо жүргүзүлбөйт деген чектөө бар. Азыр Ошто өзгөчө кырдаал бар. Ошондуктан бул мыйзамга каршы келет. Муну туура түшүнүшүбүз керек, эгер мыйзамды оңдосо туура оңдош керек жана колдонгондо дагы туура колдонуш керек.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG