Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:09

Коалиция “Ар-Намыс” жана “Ата-Журт” менен толукталабы?


10-ноябрда алгачкы жыйынга чогулган парламентке коалиция түзүүгө конституцияда 15 жумушчу күн белгиленген.
10-ноябрда алгачкы жыйынга чогулган парламентке коалиция түзүүгө конституцияда 15 жумушчу күн белгиленген.

Кыргызстан социал-демократиялык фракциясы коалиция түзүү боюнча жаңы багыттагы сүйлөшүүлөрдү баштады.

22-ноябрда кечке жуук Алмазбек Атамбаев “Ар-Намыстын” лидери Феликс Кулов, бүгүн болсо "Ата-Журт" фракциясынын башчысы Акматбек Келдибеков менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Феликс Куловго башкы прокурорлук ыроолонду, "Ар-Намыс" ойлонууда

“Ар-Намыстын” өкүлү Эмил Алиевдин билдирүүсүнө караганда, КСДП коалицияга кирүүнү сунуштап, Феликс Куловго Башкы прокурорлук кызматты ыроологон.

“Ар-Намыс” фракциясынын мүчөсү Турсунбай Бакир уулунун маалымдоосуна караганда, фракция бүгүн Жалал-Абад облусунда көчмө жыйын өткөрдү. Анда КСДПдан түшкөн сунуш талкууланып, жалалабаддык "арнамысчылар" ал сунушту кабыл албоону жакташкан:

Турсунбай Бакир уулу


- Жалал-Абаддагы “Ар-Намыстын” мүчөлөрү макулдук бербегиле деди. Эми мына Ошко келдик. Бул жерде шайлоочуларга той бергенден кийин, Ош шаарында да фракциянын жыйыны болот. Булардын пикирине жараша акыркы чечим кабыл алынат.

КСДПнын өкүлү Фарид Ниязовдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, Алмазбек Атамбаев Феликс Кулов менен жолугушууда эки түрдүү коалицияны сунуштаган. Анын биринчиси боюнча КСДП -“Ата Мекен” жана “Ар-Намыс” фракцияларынын ортосунда коалиция түзүлүш керек. Экинчи вариантта КСДП -“Республика” жана “Ар-Намыс” ортосунда коалиция түзүлүүгө тийиш.

"Ата-Журтка" азырынча конкреттүү сунуш боло элек

Өмүрбек Текебаев

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бардык демилге КСДПнын колунда болгондуктан, ар кандай варианттар менен кабардар эместигин айтты:

- Майда-чүйдөсүн биз билбейбиз. Демилгечи Атамбаев. Ошол сүйлөшөт. Ошол жыйынтык чыгарат. Азыр баары менен сүйлөшүп, чечип көрүп атат го.

Шейшемби күнү Алмазбек Атамбаев “Ата-Журт” фракциясынын лидери Акматбек Келдибеков менен жолугушту. Келдибековдун айтымында, жолугушуу кеңешүү мүнөзүндө гана өтүп, коалиция боюнча конкреттүү сунуштар болгон эмес.

Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Чыныбай Турсунбеков КСДП үчүн дагы эле “Ата Мекен” жана “Республика” менен коалицияга баруу артыкчылык бойдон турганын билдирди:

Чыныбай Турсунбеков


- Биз үчүн ыңгайлуу вариант албетте КСДП -“Ата Мекен” - “Республика”. Андан башка “Ар-Намыс” менен дагы эки вариант сунуш кылынып жатат. Эми алар өздөрүнүн фракциясы менен кеңешип, чечим кабыл алышат го.

Фарид Ниязов КСДП үчүн негизги маселе кызмат орундар эмес, фракциялар менен келечектеги программа, стратегиялык маселелер менен макулдашуулар экенин, бул коалициянын тез эле кыйрап калбашы үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Президент Роза Отунбаева коалиция түзүүнү СДПга тапшырган.


Талдоочулардын баамында, эгерде КСДП - “Ар-Намыс” жана “Республика” ортосунда коалиция түзүлсө, анда бул Кремль көксөгөн коалиция болуп калат. Бирок бул фракциялардын ортосунда парламенттик системага байланыштуу карама-каршылыктар чыгышы мүмкүн. Анткени КСДП парламенттик башкарууну тандап алган. Ал эми “Ар-Намыстын” прогарммасында президенттик башкаруу системасына ык койгон жагдай бар.

КСДП кечээ күнкү билдирүсүндө, эгерде “Ата Мекен” жана “Республика” фракциялары коалиция түзүүнү кечеңдете берсе, анда башка фракциялар менен сүйлөшүүлөр башталаарын белгилеген. Бул билдирүүнү КСДП дароо эле турмушка ашыра баштагандай.


  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG