Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Телефон чуусунан чубалган талаштар


Темир Сариев ачыкка чыгып кеткен бул телефон сүйлөшүү монтаждалган деп эсептейт.
Темир Сариев ачыкка чыгып кеткен бул телефон сүйлөшүү монтаждалган деп эсептейт.

Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн ортосундагы ачыкка чыгып кеткен телефон сүйлөшүүлөрүнөн чыккан чуу аягына чыга элек. Каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев бул сүйлөшүү монтаждалганын айтып чыкты.

Темир Сариев шаршембидеги маалымат жыйынында интернетке чыгып кеткен убактылуу өкмөттүн дагы бир мүчөсү Азимбек Бекназаров менен болгон телефон сүйлөшүүсүн монтаж деп баалады:

- Сөз болгон. Бирок сөздү жакшылап угуп көрсөңүздөр үзүлгөн сөз. Мурунку актыны айрып, жаңы акт түзүлөт дегенди алып салып, мурунку актыны айрып салыш керек дегенди берип атат. Ушундай монтаж болгон жерлери бар. Анын үстүнө өкмөттүн чечими турганда биз кантип миллионду жеп коймок элек.
Жакшылап угуп көрсөңүздөр сөздөр үзүлгөн, монтаждалган жерлери бар...
Т. Сариев

Коомчулукка тарап кеткен бул телефондук сүйлөшүүдө мындай сөздөр айтылган эле:

Т. Сариев: - Ошон үчүн бизге өткөрүп бере турган болсо, бирин минус деп өткөрүп бериш керек.

А. Бекназаров: - Мейли анда минус деп өткөргүлө. Минусуна токтом чыгарат анда булар...

Т. Сариев: - Жок андай болбойт. Өткөндө биз эч токтому жок, тияктан алып берип салганбыз да, атайын операцияга деп. Кийин анан текшерип келсе беш жылдан кийин айтат да булар жеп койгон деп. Ошон үчүн кагаз калбаш керек ал жерде. Жанагы мурунку актыларды айрып туруп, 19ду 18 деп жазып туруп, бирин берип ошону менен кетиш керек...

Канткен менен Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Темир Сариев 13-майда мындай сүйлөшүү болгонун мойнуна алды.

Буга чейин телефон жаңжалында аты аталып жаткан дагы бир өкмөт мүчөсү Алмазбек Атамбаев ушундай эле маалымат жыйынын өткөрүп, бюджеттеги каражат негизсиз сарпталып жатат деп, аталган эки өкмөт мүчөсүн сындаган эле.

- Эмнеге элден жашынабыз. Бүт ачык болсун да. Анда биз мамлекет болбойбуз да. Эгерде бул өкмөт иштебей жатып момунтип баштаса, аягы Бакиевдин өкмөтүнөн жаман болот.

Темир Сариевдин айтымында, Кыргызстандын бюджетиндеги каражат натыйжалуу колдонулуп жатат жана уруксаты жок бейчеки коротулган эмес. Ал Убактылуу өкмөт да, каржы министрлиги да коомчулукка ачык экенин кошумчалап, бул телефондук сүйлөшүүлөрдүн артында ким турганын билүүгө өзү да кызыкдар. Т. Сариев жеке телефондук сүйлөшүүлөрдү тыңшоо мыйзамсыз деп эсептейт:

- Мамлекеттин акчасын биз натыйжалуу колдонобуз. Баардыгы көзөмөлдө болуп турат. Эч кимге уурдап, жегенге мүмкүнчүлүк бербейбиз. Министрликтин иши дайымы ачык, таза болот деп мен убада бере алам.
Бул бурмаланганга окшошпойт. Менин укканыма караганда, кимдир бирөөлөр аны бурмалашы мүмкүн эмес...
Ф. Кулов

Ушул эле күнү Коопсуздук боюнча Улуттук комитеттин төрагасынын милдетин аткарып жаткан Кеңешбек Дүйшөбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, телефондук жеке сүйлөшүүлөрдү коомчулукка таратууга коопсуздук кызматынын тиешеси жок экенин билдирди. Анын айтымында, муну Убактылуу өкмөттү бөлүп-жарууну каалагандар жасап, өкмөт мүчөлөрүн бири-бирине тукуруп атышат.

Ал эми “Ар-намыс” партиясынын төрагасы, мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов бул сүйлөшүүлөр бурмаланганга окшобой турганын буга чейин "Азаттыкка" айткан:

- Бул бурмаланганга окшошпойт. Менин укканыма караганда, кимдир бирөөлөр аны бурмалашы мүмкүн эмес. Менимче, тексти кандай болсо жазуусу да дал ошондой болуп турат. Анын үстүнө Убактылуу өкмөт мындай сүйлөшүү болгон жок деп сүйлөшүүнү жокко чыгарган жок. Ал акча мыйзамдуу түрдө колдонулган деп айтып жатышат.

Деген менен айрым саясат талдоочулар ушул окуянын чоо-жайын иликтөөчү атайын көз карандысыз комиссия түзүүнү сунуштайт. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев да ушундай пикирде:

- Маалыматтык согуш катуу болуп жатат. Бул жерде эки шарт бар. Башкы прокурорду чакырып алып тапшырма бериш керек, мобул ишти изилдеп туруп, аягына чыгаргыла деп атайын топ түзүш керек. Буга көз карандысыз юристтерден кошуш керек. Экинчиден, Убактылуу өкмөт бул факт боюнча комиссия түзүп, эки жактан тең изилдеш керек.

Темир Сариев маалымат жыйынында парламенттик шайлоо учурунда кызматын өткөрүп берип, партиясы менен парламенттик орундар үчүн ат салышарын да кошумчалады.

XS
SM
MD
LG