Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:46

Убактылуу өкмөт кризиске тушуктубу?


Саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев "Азаттыктын" студиясында, 26-февраль, 2010-жыл.
Саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев "Азаттыктын" студиясында, 26-февраль, 2010-жыл.

Убактылуу өкмөттүн ич ара чыр-чатагын ачыккан чыгарган телефон сүйлөшүүлөрү, Баш мыйзамдын элге жарыяланган долбоору тууралуу саясат таануучу, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Бекбосун Бөрүбашев "Азаттыкка" ой-пикирин бөлүштү.

- Сизден оболу коомчулуктун бүйүрүн кызыткан маселе боюнча көз карашынызды сурайлы деп турабыз. Ич ара телефон сүйлөшүүлөрдүн интернетке чыгып кетүүсүнөн тутанган чыр Убактылуу өкмөттүн ортосундагы ажырымды коомчулукка ачыктады окшойт. Бул маселе маалыматтарга караганда өкмөттүн бүгүнкү жабык жыйынында талкууланган сыяктуу. Бийликке келгенине 50 күндөй болуп калган Убактылуу өкмөт өлкөдөгү кырдаалдан улам, буга чейин бери дегенде төрт жолу кризистик жайгдайга кириптер болду эле. Телефон сүлөшүүлөрүнүн жарыяланып кетишинен чыккан чырды өкмөттүн ичиндеги кризис деп атоого болобу, же андай эмеспи?

- Өкмөттүк кризис деп атоого деле болбойт. Анткени бул Убактылуу өкмөткө ар кандай көз караштагы, ар кандай кызыкчылыктагы адамдардын келип калгандыгынын көрүнүшү. Анткени 7-апрелге чейин булардын негизги душманы, негизги каршылашы Бакиевдин режими болгон. Ошол режим буларды бириктирген. Азыр эми ал режим жок. Азыр анын үстүнө шайлоого жакындап калдык. Ошондуктан булар ар кандай топторго бөлүнүп алышып, өз ара келечектеги саясий процесстерге даярданып атышат. Ошон үчүн ушундай көрүнүш болуп кетти го деп ойлойм.

Экинчи жагы болсо, Убактылуу өкмөт мүмкүн болсо ачык, так иштесе финансылык маселеби, же кадр маселеси боюнчабы, мындай көрүнүштөр болбойт. Ошон үчүн өкмөттүн ичинде кадр, финансы, башка негизги маселелелердин коллегиялык жол менен, жалпы өкмөттүн туруму менен каралбай атканы көрүнүп турат. Ошондуктан ар кандай сөздөр чыгып кеткени ушундан болуп турат деп ойлойм.

- Кандай болгон күндө дагы бул факты өкмөттүн беделине олуттуу сокку урду. Алар эми кырдаалдан кантип чыгуусу керек деп ойлойсуз?

- Алар менимче кырдаалдан чыга турганга биринчи кадамды кылышты. Сүйлөшүүгө катышкандардын баары тең моюндарына алып атышат, ушундай болгон деп. Ошону эми элге туура түшүндүрүш керек. Бул жерде ар кандай кылып коомчулук менен ойноштун кереги жок. Эгерде кимдир бирөөдөн ката кетсе, кечирим сураш керек. Эгерде ошондой эле катуу болуп баратса отставкага кетиш керек. Антпесе, жана өзүң айткандай, Убактылуу өкмөттө кризис болот дагы, аны биз кулатып алышыбыз мүмкүн. Ал эми Кыргызстанга анын кереги жок. Бул сүйлөшкөнгө катышкан кишилер өзүлөрү жеке чечимин кабыл алып, өкмөттүн, коомдун астындагы жоопкерчилигин өзүнө алышып, анан өзүнчө чечим кабыл алыш керек го деп ойлойм.

- Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев мырзанын айтымында, интернетке чыгып кеткен аудиотасмаларда монтаждоо фактылары байкалган экен, бул маалыматка деле ишенели. Бирок ошенсе дагы телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоого, аны коомчулукка жарыяланып кетишине сиз ким кызыкдар деп ойлойсуз? Ички эле күчтөрбү же стратегиялык өнөктөш деп эсептелген өлкөлөр да буга кызыкдарбы?

- Бул жерде ички жана сырткы күчтөрдүн баарысы катышып атат. Аны бөлүп караштын кереги жок. Ошол эле убакта Убактылуу өкмөттүн 3 мүчөсүнүн, Бакиевдин баласынын, инисинин сөздөрүн уктук. Бул жерде көрүнүп турат, катышып аткан ички да, сырткы да күчтөр бар. Алардын өздөрүнүн кызыкчылыктары бар деп ойлойбуз.

- Сиз Конституциялык кеңешменин мүчөсүсүз. Конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрү Баш мыйзамдын референдумга сунуш кылынган акыркы долбоору боюнча нааразылыктарын айтып жатышат, Конституциялык кеңешмеде макулдашылбаган кээ бир нерселер кирип кетти деп. Сиз эмне дейт элеңиз?

- Мен буга толугу менен макулмун. Чындыгында Конституциялык кеңешмеде биз 10 күн иштедик, иштегенде жакшы иштедик. Мен Конституциялык кеңешмеге катышкан көп менин коллегаларым өздөрүнүн билимине, тажрыйбасына таянышып көп-көп жакшы сунуштарды киргиздик. Бирок ошолордун көпчүлүгү кирбей калды, бул өкүнүчтүү нерсе.

Чындыгында ушундай нааразылык бар. Мисалы, Конституциялык кеңешменин акыркы пунктунда турат, акыркы редакцияны, долбоордун акыркы вариантын Убактылуу өкмөткө сунуштайт деген. Ушул боюнча биз чындыгында кеңешме гана орган болуп калдык, кеңешибизди айттык, ошол бойдон чыгып кетип калдык, калганын Убактылуу өкмөттүн кээ бир кишилери өзүнүн мойнуна алды. Ошону менен долбоор элге сунуш кылынып атат. Бул өкүнүчтүү жагы.

- Эми элге түшүндүрүү иштерине Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү дагы катышасыздарбы референдумга чейин?

- Мен өзүм үчүн жооп берем. Эгерде менин киргизген сунуштарым алынып калса, мен дагы ушуга аракет кылым элге түшүндүрөт элем. Мисалы менин айта турганым, өкмөттүн, парламенттин, саясий партиялардын эл астында болгон жоопкерчилиги каралбай калган. Мына мен өзүм ушундай сунуштарды киргиздим эле, алардын бирөө да каралбай калыптыр.

Мен болгонун болгондой эле айтам, Конституциялык кеңешмеге мен жеке өзүм барып катышкан жокмун, мени коомдук уюм жиберген, менин астыма ушундай милдеттин койгон, бирок мен алардын койгон милдеттерин аткаралбай калдым. Бирок мен коомдук уюмдарга өзүмдүн абалымды түшүндүрдүм. Алар туура түшүнүштү, көрүштү теледен, айтышты, сиз айттыңыз бирок болбой калды деп. Ошондуктан мен үгүттөгөнгө абийрим бар деп ойлойм.

- Рахмат сизге.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG