Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:47

Кооптондурган курултай кармоо менен аяктады


“Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасов 5-августта Балыкчы шаарына кетип бараткан жеринен бир нече жакын адамдары менен колго түштү. Алар кетип бара жаткан унаалардан курал-жарак, ок дарылар табылган. У.Барктабасовго кылмыш иши козголуп, учурда сурак бере баштаганы маалымдалды. Ал эми анын тарапкерлери курултай учурунда бийликти тартып алуу, башаламандык уюштуруу пландалбаганын айтып жатышат.

У.Барктабасовго карата "массалык башаламандык уюштурду", "бийликти күч менен тартып алууга аракет кылды", "куралдарды мыйзамсыз алып жүрдү" деген беренелер боюнча кылмыш иши козголду. Анын кармалышы жана алар уюштурган курултай боюнча президент Роза Отунбаева, Башкы прокурор Байтемир Ибраев жана Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев 5-августта журналисттерге маалымат беришти.

Мамлекет башчысы Роза Отунбаева өлкө парламенттик шайлоону өткөрүү алдында турганда башаламандык уюштурууга, экинчи ирээт бийликти тартып алууга аракет кылган У.Барктабасовду кармоо туура чечим болду деп эсептейт. Ал коомчулукка тараган түрдүү имиштерди четке кагып, кооптонууга негиз жок экенин белгиледи. Буга чейин Бишкекте дагы бир толкун болуп кетиши ыктымал деген имиштер тараган болчу.

- Шайлоого баралы деп турабыз, шайлоо жакшы өтсүн. Эл азыр кандай болот деп бизден да сурап атат. Биз коопсуздукту камсыз кылабыз. Андан кам санабай эле койгула. Анын өзү кылмышкер экени боюнча бизде иштери бар. Бул экинчи жолу ушундай жолго барып атат. Беш жыл бир жерде жүрдү, бир жактан учуп келип эле анан “бийлик мага арналган, мен бийликти алышым керек, отуруп калышым керек” десе эле биз аны алып келишибиз керекпи? Бийликти күч менен тартып алам деген аракеттерине биз ушундай жооп бергенибиз туура деп эсептейм.

“Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасав 5-августта Бишекте өзү жана жактоочулары
тарабынан уюштурулган курултайга Ысык-Көлдөн келе жатканда атайын аракеттердин
натыйжасында кармалды.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин маалыматы боюнча, У.Барктабасовду кармоого аталган кызматтын, Бишкек шаардык жана Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тартылган. К.Дүйшөбаев аны менен бирге 27 адам кармалып, алардан курал-жарактар алынганын кошумчалады.

- 27 эң активдүү деген адамы кармалды, алардын 12си уюштуруучулары. Арасында Урмат Барктабасов да бар. Ысык-Ата - Санташ айылында тоонун этегинен жүгөрү талаасынан кармадык. Анын жактоочуларынан 8 даана курал алынды. Алар автоматтар, пистолет жана мергенчилик мылтыктары. Мындан сырткары аскердик граната, 200дөн ашуун ок-дары алынды.

5-августта түшкү саат бирлер чамасында Бишкек шаарындагы Горький аянтында чогулган Урмат Барктабасовдун 3000 чамалуу тарапкерлери жогорку бийлик өкүлдөрү отурган Жогорку Кеңештин имаратына келишкен. Алар Урмат Барктабасовдун Канттан Бишкекке киргизилишин талап кылышкан.

- Урматтын бул жакка келишине уруксат беришсин. Элдин атынан Урмат Барктабасов эл башы, премьер-министр болуп дайындалсын.

Мына ушундай талап менен чыккан курултайдын уюштуруучулары Р.Отунбаеванын эл алдына чыгышын, Убактылуу, техникалык өкмөт өкүлдөрүнүн кетишин талап кылышкан болчу.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев курултайга чогулгандарга акча таратылганын жана У.Барктабасовго каражат мындан үч күн мурда Бакиевдердин жакындарынан келгендигин белгиледи:

- Буга Курманбек Бакиевдин туугандарынын түзмө түз байланышы бар. Каражаттар ошол тараптан келген. Бизге анын кайсы жол менен келгенин, ким алып келгенин жана кантип таратылганы маалым. Биз азыр бул боюнча атайын иликтөө ишетрин жүргүзүп жатабыз. Анын бардыгы тергөө иштери учурунда ачыкка чыгат.

Буга чейин У.Барктабасовго карата Казакстандын тиешелүү органдары коррупциялык иштерге жана
экономикалык кылмыштарга катышы бар деген шектенүү менен кылмыш ишин козголгону айтылган. Ошол себептүү ал кармалса Казакстанга өткөрүлүп берилиши мүмкүн экени белгиленген болчу. Кыргызстандын Башкы прокурору Байтемир Ибраев Казакстандан У.Барктабасовдун кармалышы боюнча гана сураган кагаз келгенин белгиледи. Анын белгилешинче, эми алар У.Барктабасовдун Казакстан жараны экенин тастыктаган баракча менен бирге, өткөрүп берүү боюнча катын жөнөтүшү керек.

- Бул маселе боюнча да казакстандык прокуратура менен талкуулайбыз. Азырынча бул маселе жок. Биздеги иштер боюнча Кыргызстанда да тергөө жүрүшү керек. Андан кийин гана каралышы кеерк. Анктени мурда тергөөчү алты жолу расмий түрдө чакырган, бирок У.Барктабасов келбей койгон.

Б.Ибраевдин айтымында, “Мекен Туу” партиясынын лидерине 2005-жылдагы Ак үйгө киргүүгө жасаган аракеттери үчүн кылмыш иши козголгон.

Ал эми У.Барктабасовдун тарапкерлери курултай учурунда башаламандык уюштуруу же бийликти тартып алуу пландалбаганын белгилеп жатышат. Алардын айрымдары партия лидеринин Казакстандын жараны деген маалыматка да ишенбейт. Урмат Барктабасов өзү так талашпай эле, элдин таламын талашып жатканын “Азаттыкка” 4-август күнү мындай деп билдирген:

- Биз элдин таламын талашып жатабыз, так талашкан жокпуз. Элдин каалоо-тилеги бар, аны эске алыш керек да. Элдин тынчы кетип, түштүктө, түндүктө болгон окуяларга кыжалат болуп турат. Эл бүгүнкү күндө калыстыкка, адилеттикке муктаж. Ушул маселелер орду-орду менен турса эле кырдаалдан чыгып кетебиз.

“Мекен Туу” партиясынын лидери кармалганга чейин анын жактоочулары өз талаптары аткарылышына катуу турушарын айтышкан. Эми алар кандай аракеттерди көрө турганыдыгын ачыкташа элек.

Барктабасов баштаган митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:36 0:00

XS
SM
MD
LG