Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:32

Президент Курманбек Бакиев кечээ Коомдук Ордо Кеңештин курамын бекитти. Бийлик менен элдин ортосундагы алаканы чыңдоо максаты менен түзүлгөн уюм ушул милдетти аркалай алабы?

Президенттин 26-январда чыгарган жардыгына караганда Ордо Кеңештин курамы 45 кишиден туруп, аны Үсөн Сыдыков, Ишенбай Абдыразаков, Мукаш Базаркулов, Кубанычбек Сыйданов, Валерий Диль, Жаңыл Түмөнбаева, Сабыр Жумабеков, Владимир Нифадьев, Турар Койчуев, Калык Мамбетакунов өңдүү коомчулукка таанымал инсандар толуктады. Башкача айтканда жободо белгиленгендей уюмга саясатчылар, коомдук ишмерлер, окумуштуулар, ишкерлер, адабий, маданий ишмерлер, жарандык лидерлер киришти. Президенттик администрациянын социалдык жана гендердик саясат секторунун башчысы Муратбек Шайымкуловдун ишендиргенине караганда мүчөлөрдү тандоо Ордо Кеңештин жобосуна ылайык ар кайсы уюмдардын сунуштарынын негизинде жүрдү.

Ордо Кеңешке оппозициядан, бийликти кескин сынга алып келаткан жарандык лидерлерден тартылган жок. Алар муну өздөрүнүн айырмалуу көз караштары менен байланыштырышып, жаңы түзүмдүн пайда болушун жактабаган бойдон кала беришүүдө. Оппозиция маселен, Ордо кеңештин пайда болушун президент Курманбек Бакиевдин өз бийлигин бекемдөө аргасы дейт.

Жаңы коомдук уюмду ашыкча түзүм деп эсептеген жарандык лидерлердин бири “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова анын мамлекеттин, адамдардын кызыкчылыгы үчүн иштөөгө жөндөмдүү, көз карандысыз уюм болоруна, кандайдыр бир натыйжа берерине ишенген жери жок:

- Көзөмөлдөп турган кол бала кеңеш керек болуп атат буларга. Жарандык коом менен макулдашып атам, билип атам, пикирлерин угуп атам деген сөз үчүн эле жасалып атат.

Таанымал укук коргоочулардын бири Азиза Абдырасулова курамына кандай күчтүү инсандар кирген менен президенттен, өкмөттөн жана парламенттен көз каранды бул Ордо Кеңеш адам укуктарына пайда келгидей иш жасай алат деп ойлобойт. Талдоочулардын кыйласы жаңы уюмдун ордуна иштеп жаткан жарандык коомдор менен алаканы жандандырып, алар сунуштаган идеяларды өнүктүрүү зарыл эле деп жатышат. Анын үстүнө парламент турганда элге көпүрө болуп берет деп, кошумча түзүмдү жаратуунун зарылдыгы жок эле, 2003-жылы Аскар Акаев түзгөн Демократиялык коопсуздук кеңеши кайталанып атат деген өңдүү сындар азыр Ордо Кеңешке карата арбын айтылып жатат.

Ошол эле мезгилде Ордо Кеңештин мүчөсү Жумакадыр Акенеев жаңы уюм көз карандысыз иштерине бекем ишенип турат:

- Биздин үстүбүздө турган эч ким жок. Жогорку Кеңеш, өкмөттүн мүчөсү, керек болсо президентке деле өз оюбузду жанагинтип жардык чыгарганы менен өз оюбузду түздөн-түз айтышыбыз мүмкүн. Анткени биз өкмөттөн акча албайбыз. Иштеген иште иштей беребиз. Эч кимге көз каранды эмеспиз.

Жардыкта Ордо кеңеш республикалык бюджеттин жана гранттык жардамдардын эсебинен каржыланары белгиленген. Президенттик администрациянын өкүлү Муратбек Шайымкулов туруктуу иштөөчү жетектөөчү чакан топ гана өкмөттөн каражат алып, көпчүлүк коомдук башталышта иш алып барат деп билдирди. Бийликти сындаган коомчулуктун өкүлдөрү болсо муну жымсалдоо катары кабылдашууда.

Коммунисттер фракциясынын лидери Искак Масалиев Ордо кеңешти ашыкча түзүм деп жаткандарын кандайдыр бир деңгээлде колдойт, бирок, бийлик бул кадамга аргасыздан барды дейт:

- Аргасыздан болуп атат да. Балким коомдук уюмдардан жардам болор деген ой болсо керек. Министрлер, депутаттар, президенттин кызматкерлери өз милдеттерин так аткара албаган үчүн ушундай кадамга барса керек.

Ал эми “Ак жол” партиясынын мүчөсү, парламенттеги комитет төрагасы Зайнидин Курманов:

- Чогулган интеллектуалдык деңгээли жогору адамдар азыркы мыйзамдарга, саясий чечимдерге баа берет. Парламент, өкмөт кандай чечимдерди алышы керек? Муну айтат. Бул өзүнчө модель, багыт болуп атат. Ушул жагынан палата Кыргызстанга керек болуп атат, - деди.

Анткен менен кыйла байкоочулар Ордо кеңеш коомчулуктун кызыкчылыгын коргоого кудурети жетеби же бийликтин камчысын чапкан кезектеги сенек уюмдардын бири болобу биле албай, уюмдун мындан аркы аракеттерин акмалап турган кез.

Ордо кеңештин жобосуна караганда алгачкы уюштуруу жыйыны бир айдын ичинде өтөт. Айрым маалымат булактарында уюмдун төрагасы жакынкы он күндө шайланары кабарланууда. Президенттик администрация жетекчини уюм өзү тандайт деп, бул уюм көз карандысыз экендигин белгилөө аракетинде. Буга чейин коомчулукта төрагалыкка президенттин мурдагы кеңешчиси жана устаты, “Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери Үсөн Сыдыков барат деген божомол тараган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG