Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:57

Добуштарды эсептөө аяктады


Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыктары боюнча беш партия Жогорку Кеңешке кирем деп турса, алардын катарына дагы бир партия жакындоодо.

Мамлекеттик автоматташтырылган “Шайлоо” системасына Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү бардык шайлоо түйүндөрүнөн жыйынтыктар келип түшүп, ага ылайык “Ата Журт” партиясы 266 923 (8,88%) добуш алып биринчи орунга чыкты.

Андан соң Социал-демократиялык партиясы 241 528 шайлоочунун добушу топтоп, пайыздык катнашы 8,04% көрсөттү.

"Ар-намыс"
партиясына 232 682 (7,74%) жаран добушун берип үчүнчү катарга чыгарды.

Төртүнчү орунга "Республика" 217 601 (7,24%) добушу менен чыкса, бешинчи орунга "Ата Мекен" партиясы илинди.

Бийликчил деп эсептелинген бул партия 168 218 (5,6%) добуш топтой алды.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясы 145 455 добушка ээ болуп, пайыздык катнашы 4,84%га барабар болду.

Буга чейин айрым серепчилер үмүт артып келген "Ак шумкар" партиясы беш пайыздык көрсөткүчтөн кыйла эле алыс калып, шайлоочулардын 78 952 (2,63%) пайызынын гана добушун ала алды. Партиянын лидери Темир Сариев шайлоонун жыйынтыгы боюнча билдирүү жасап, айрым аймактарда мыйзам бузуулар болгону менен шайлоону тааный турганын билдирди.

Беш пайыздык босогодон беш гана партия өткөнү белгиленип жатканда, 11-октябрдын кечинде Ош облусунан жана чет өлкөлөрдөгү айрым шайлоо түйүндөрүнүн түшпөй жаткан болжолдуу жыйынтыктар келиши менен "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын айрым өкүлдөрү да партия беш пайыздык босогодон өтүшкөнүн айтып чыгышкан.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Эрик Ирискулбеков аймактардан анык протоколдор келгенден кийин, кошумча тизме менен негизги тизмелер такталгандан кийин гана кайсы партиянын беш пайыздык босогодон так өткөнү белгилүү болоорун билдирди:

- Негизги жана кошумча тизменин санын билип, анан ошолордун санынан беш пайызды чыгарабыз. Биз негизги жана кошумча тизмени протоколдор шайлоо түйүндөрүнөн келмейинче, толук билбейбиз. Кошумча тизмелерди ар бир участок түзөт. Анан биз кошумча тизмеге канча адам киргенин билбейбиз. Кошумча тизме билинбегендиктен азырынча беш пайыздык босогону так биле албайбыз.

Ошону менен бирге эле жети облустан жана эки шаардан алуу керек болгон жарым пайыздык босогонун толук жыйынтыгы аймактардан протоколдор келгенден кийин гана белгилүү болмокчу.

Эки апта бар

Буга карабастан айрым серепчилер Жогорку Кеңештеги орундардын кандай бөлүнөрүн эсепке алууга киришти. Ага ылайык бир партиянын 30дан ашык мандатка ээ болушу кыйын болору айтылууда.

БШКнын мүчөсү Абдымомун Мамараимов "Азаттыкка" билдиргендей, расмий жыйынтык кодекске ылайык, эки жума ичинде жарыяланат. Ошондон кийин кайсы партиянын канча мандат алаары ачык болот:

- Бизге азыр түшкөн абдан көп кайрылуу бар. Мисалы, менин астымда онго жакын кат турат. Аларга жооп берип жатабыз. Жер-жерлерде протоколдорду алуу уланууда. Алар келгенден кийин биз арыздарды карап чыгышыбыз керек, биринчи. Ошондон кийин биз ошондон кийин жыйынтыгын чыгарабыз. Кодекстин негизинде эки жуманын ичинде чыгарылышы керек.

Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө добуш бере турган 2 миллион 852ден ашуун шайлоочу болгон болсо, бул шайлоого алардын 56 пайызга жакыны, б.а. 1 679 538 жаран добуш берди. Алардын 11 миңге жакыны бардыгына каршы добуш беришти.

Баш мыйзамга ылайык Жогорку Кеңештин жаңы шайланган курамы өзүнүн биринчи сессиясына шайлоонун жыйынтыгы аныкталгандан кийин 15 күндөн кечикпестен чогулууга тийиш.

XS
SM
MD
LG