Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:48

Табышмактуу өлүм боюнча соттолгон Осмоновду өлтүрүп кетишти


Жол кырсыгынан автоунаалар күйүп кетти делген жер, Аламүдүн капчыгайы, 2009-жылдын 13-марты.
Жол кырсыгынан автоунаалар күйүп кетти делген жер, Аламүдүн капчыгайы, 2009-жылдын 13-марты.

Экс-президенттин администрациясынын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун жол кырсыгынан мерт болушуна айыптуу делинип, 12 жыл жатак абакка кесилген 25 жаштагы Өмүрбек Осмоновду өлтүрүп кетишти.

Маркумдун сөөгү 22-апрелде өзү туулуп-өскөн Ноокаттын Жар-Коргон айылында жерге берилди. Анын тууганы Курсант Осмоновдун айтымында, мурда кабарлангандай Өмүрбек бычакталган эмес, ал ок жеп каза тапкан.
Маркум Өмүрбек Осмоновдун апасы Даана Осмонова

“Азаттыктын” кабарчысы буга дейре маркумдун ата-энесине жана айылдаштарына жолуккан эле. Жердештери Өмүрбек Осмоновду бир ооздон жүрүм-туруму жакшы, жөнөкөй жана таза, эзели бирөөгө карасанатайлык кылбаган жигит катары сыпатташкан. Ал эми атасы Мырзажан, апасы Даана уулу саясат менен чатагы жок экендигин, болгону бийликтин курмандыгы болгондугун белгилешкен. Ошол эле учурда сот калыс эмес өкүм чыгаргандыгына нааразы экендиктерин билдиришкен эле.

Азыр деле жердештери жана туугандары Өмүрбек Осмонов жөн жеринен каза тапканына ишенбей турушат. Алардын пикиринче, анын өлтүрүлүшүнө кайсыдыр бир тараптар кызыктар болушу ыктымал. Анткени Бакиев режиминин тушунда үлкөн чиновник Медет Садыркуловдун кандай жагдайда көз жумушуна Өмүрбек Осмонов башкы күбө катары эсептелчү.

Буга дейре Өмүрбек Осмоновду ушул жылдын 17-апрелинде Беш-Күңгөй айылында бычактап өлтүрүп кеткендиги тууралуу маалымат тараган. Ага удаа жаза өтөө мекемесинин басма сөз катчысы Сергей Сидоровдун “Азаттыкка” маалымдашынча, Осмонов 12-апрелде камактан качып жоголуп, 21-апрелде сөөгү өлүкканадан табылган.
Маркум Өмүрбек Осмоновдун ата-энеси неберелери менен

2009-жылдын 13-мартында таңга маал Бишкектен 25 чакырым алыстыкта Кой-Таш айылынын жанында “Лексус” жана “Ауди” үлгүсүндөгү автонуаалар кагылышып, “Лексус” өрттөнүп кеткени расмий маалыматтарда айтылган. Анын ичинде күйүп өлгөн адамдар экс-президенттин администрациясынын мурдагы башчысы Медет Садыркулов, стратегиялык изилдөө институтунун мурдагы директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов экендиги аныкталган. Аламүдүн райондук соту бул жол кырсыгына “Ауди” автоунаасынын айдоочусу Өмүрбек Осомнов күнөөлүү деп таап, аны 12 жыл жатак абагына кескен болчу.
2009-жылдын 13-мартындагы жол кырсыгынан күйүп кетти делген автоунаалар

Ошол эле учурда бир катар саясатчылар Медет Садыркуловдун өлүмүн саясий буйрутма катары баалашып, аны жол кырсыгынан өлдү дегенге ишенбестигин айтышкан. Ошентип бул табышмактуу өлүмдүн сыры ачылбай, табышмак бойдон калган. Эми бул жол кырсыгы боюнча айыпталган Өмүрбек Осмоновдун бийлик алмашкандан кийин минтип өлтүрүлүшү дагы күдүк суроолорду пайда кылууда.

XS
SM
MD
LG