Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Капчыгайдагы кандуу окуянын «туманы» тарай элек


13-мартта Аламүдүн капчыгайында үч адам күйүп өлгөн жол кырсыгы болгон жер.
13-мартта Аламүдүн капчыгайында үч адам күйүп өлгөн жол кырсыгы болгон жер.

Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун сырдуу өлүмүнө байланышкан ишти кайра кароону маркумдун туугандарды талап кылышууда.

Алар соттун кандуу окуянын себеби жол кырсыгы болгон деген чечимине макул эмес.

Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу акыркы чечимди Жогорку Сот чыгарган. Бул факт боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде “Ауди” автоунаасынын айдоочусу Өмүрбек Осмонов айыпкер деп табылып, 13 жылга эркинен ажыратылган. Бирок сот чечимине Садыркуловдун туугандары макул болбой, ишти кайра карап чыгуу зарыл деп жатышат. Анткени алардын айтымында, тергөө иштери чала жүргүзүлгөн.

Садыркуловдун атын атагысы келбеген жакын туугандарынын биринин айтымында, автоунаада өрттүн эмнеден чыкканы да толук кандуу иликтенген эмес.

- Жок дегенде өрттүн чыгуу себептери аныкталыш керек болчу. Ал эми жол кырсыгынан ушундай натыйжалар болду дегенге мен макул эмесмин. “Ауди” унаасынын айдоочусу да эч кандай жаракат алган эмес.

Садыркуловдун жубайынын адвокаты Леонид Лужанский да иликтөө иштери толук өтпөгөн деп ырастап, “Ауди” унаасынын айдоочусу Осмоновдун күнөөсү толук далилденбегендигин айтат.

- Ушул окуя боюнча иликтөө иштери толук өткөн эмес. Мен соттук үч инстанцияда тең бул окуя боюнча автотехник, медицина кызматкерлери менен бирге комплекстүү экспертиза жүргүзүп, чекит коюуну сурангам. Бирок соттор ушул экспертизалар жетиштүү деп эсептешти. Садыркуловдун туугандары мени менен келишим түзгөн. Алар бул ишти аягына чейин чыгарат деп үмүт кылып турушат. Ошондуктан алар эч жакка арызданбай эле турушат, - дейт Л.Лужанский.

Аталган адвокаттын айтымында, эгер ушул окуяга байланыштуу жаңы фактылар табылса, жаңы күбөлөр чыкса, Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу Жогорку Сот чыгарган чечимди кайра каратса болот.

Буга чейин Бириккен элдик кыймыл шектүү жол кырсыгындагы окуя боюнча билдирүү жасап, Медет Садыркулов саясий тапшырма менен өлтүрүлдү деген бүтүмүн жар салган. Оппозициялык күчтөр белгилүү саясий ишмер президенттин үй-бүлөлүк башкаруу саясатындагы кыңыр иштерди ичинен билгени үчүн азыркы бийликке коркунуч туудуруп, акыры кылмыштуу жол менен жок кылынды деген пикирлерин билдиришкен.

БЭКтин лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров бул окуяга бийликтин тиешеси бар деген пикирде. Анын айтымында, буйрутма өлтүүлөрдүн бардыгында күнөөлүүлөр табылбай, жабык бойдон жатат.

- Бийлик өздөрүн өздөрү чукубайт да. Аксы окуясы деле, “Кумтөр”, “Кыргыз алтынга” окшогон маселелер деле аягына чыкпай эле жатпайбы. Буйрутма өлтүрмөлөрдүн баары эле жабык бойдон жатат. Акыркы жылдары эптеп бирөөлөргө жүктөп, коомчулуктун көңүлүн башка жакка адаштырып жаап коймой модага айланды. Калп эле башка адамдар соттолуп жатат. Кыргызда “кыңыр иш кырк жылда билинет” деген кеп бар. Ошонун сыңары эртеби-кечпи мыйзамдуу түрдө чындык чыгат.

Ушул жылдын 13-мартында Бишкектин жанындагы Аламүдүн капчыгайында өрттөнүп кеткен автоунаадан үч адамдын сөөгү табылган. Соттук- медициналык иликтөөдө автоунаада күйүп өлгөн адамдар президенттик администрациянын мурунку башчысы Медет Садыркулов, президент алдындагы стратегиялык иликтөө институтунун мурунку башчысы Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов деп таанылган. Тергөөчү органдар бул окуяны иликтеп, натыйжада Өмүрбек Осмоновдун Ауди-100 автоунаасы Садыркуловдордун “Лексус” үлгүсүндөгү унаасы менен кагылышып, андан чыккан өрттөн “Лексус” автоунаасы жана андагы адамдар бүтүндөй күйүп кеткен деген бүтүм чыгарган.

XS
SM
MD
LG